Парламенттик оппозицияны унуткула — Бекешев жаңы Конституциянын күчүнө кириши тууралуу

Депутат Дастан Бекешев социалдык тармактагы барагында президент Садыр Жапаровдун жаңы Конституцияга кол коюусу тууралуу пикирин билдирди.

Депутат өлкөнүн Баш мыйзамы «Эркин-Тоо» гезитине жарыялангандан кийин расмий күчүнө кирерин белгиледи.

«Ушул учурдан баштап парламенттик оппозиция жана көпчүлүк коалиция деген эмне экенин унутуш керек. Парламентте жөн гана депутаттар болот жана алар кандай жол менен шайланып келери азырынча белгисиз», — деп билдирди эл өкүлү.

Бекешев азыркы убакта БШКнын жумушчу тобу парламент депутаттарын шайлоонун үч вариантын талкуулап жатканын, бирок талкуу аягына чыга электигин айтып берген.

«Негизинен, өкмөт президентке баш ийет, президент министрлер менен министрлер кабинетинин төрагасын парламенттин кароосуна жөнөтөт, бирок бул бир гана жетинчи чакырылыштын макулдашуусу», — деди ал.

Депутаттын айтымында жаңы парламенттик шайлоого жана депутаттарды шайланганга чейин өкмөттүн көпчүлүк мүчөлөрү милдетин убактылуу аткарып турушат.

5-майда президент Садыр Жапаров 2021-жылы 11-апрелдеги референдумда кабыл алынган жаңы Конституцияга кол койду. Баш мыйзамдын жаңы долбооруна кол коюу аземи «Ала-Арча» мамлекеттик резиденциясында өттү.

«Жаңы Конституция биздин өлкө үчүн актуалдуу чакырыктарды эске алуу менен жазылды. Анда биз эл катары аздектеген баалуулуктарыбыз менен коом катары умтулуп жаткан идеалдарыбыз чагылдырылган. Баш мыйзамыбыз элибиздин кызыкчылыгына ийгиликтүү кызмат кылып, Кыргызстандын мындан аркы натыйжалуу өнүгүүсүнө өбөлгө болот деп бекем ишенем»,— деп билдирди Жапаров.

Референдумдун жыйынтыгы

30-апрелде Боршайком 2021-жылдын 11-апрелиндеги Конституцияны өзгөртүү боюнча референдумду өттү деп тапкан.

БШКнын маалыматы боюнча, референдумга добуш берүү укугуна ээ болгон жарандардын 36,6%ы катышкан. Анын ичинен 79,3%ы жаңы Конституцияны колдошсо, — 13,7%ы каршы добуш беришкен.

Эми алдыңкы айларда Кыргызстан жаңы Конституцияга ылайыктап башкаруу формасын, дээрлик бардык мыйзамдарды, анын ичинде колдонуудагы кодекстерди дагы өзгөртүшү керек.

Жазык кодекси, Жазык-процессуалдык кодекси, Жоруктар жөнүндөгү кодекс жана Мыйзам бузуулар жөнүндөгү кодекстер бир айдан кийин Жогорку Кеңеште каралат. Аларды жумушчу топтун мүчөлөрү жакынкы күндөрү даярдап берет, бирок иш-чаралар ЖМКларсыз жабык эшик артында өтүп жатат.

Конституциялык реформа

Конституцияга өзгөртүү киргизүү жана башкаруу формасын тандоо боюнча референдумду Садыр Жапаров демилгелеген. Конституциянын жаңы долбоору дароо эле «Ханституция» деген атка конгон: жарыялангандан кийин документ юристтер менен коммчулуктун кескин сынына кабылган.

Бирок 2-мартта Жогорку Кеңештин конституциялык мыйзам боюнча комитети баш мыйзамдын жаңы долбоорун жактырган. Анткен менен күн тартибине бул маселе кирген эмес болчу.

Бирок буга карабастан парламент Конституцияны өзгөртүү боюнча референдумду дайындоо тууралуу мыйзам долбоорун 3-мартта кабыл алып койгон. Арададан дагы бир нече күндөн кийин, 11-мартта, депутаттар көпчүлүк добуш менен мыйзам долбоорун дароо экинчи жана үчүнчү окууда кабыл алышкан. Ошол эле маалда расмий күн тартибинде Конституцияны өзгөртүү боюнча референдум дайындоо тууралуу мыйзамы жок болчу. Натыйжада 11-апрель күнү Конституцияны өзгөртүү боюнча референдум өткөрүлгөн.

Тема боюнча окуңуз:

Юрист Венеция комиссиясынын корутундусун ГЭС куруунун мисалында түшүндүрдү

Хельсинки комиссиясы: Кыргызстандын жаңы Конституциясы авторитаризмге алып барат

Конституциянын долбоорунун жоболору эл аралык стандартка туура келбейт — Венеция комиссиясы