Конституциянын долбоорунун жоболору эл аралык стандартка туура келбейт — Венеция комиссиясы

Президенттин бийликтин аткаруу жана башка бутактарынын үстүнөн чектен тыш үстөмдүгү, парламенттин ролунун солгундашы, бийликти бөлүштүрүү жана мамлекеттик бийлик бутактарынын арасындагы ооздуктоо жана тең салмактуулук тутумунун негиздерине зыян келтирүү тобокелдигин жаратат. Европа Кеңешинин Венеция комиссиясы жана ЕККУга караштуу Адам укуктары жана демократиялык институттар бюросу Кыргызстандын Конституциясынын жаңы долбоору боюнча ушундай корутундуну чыгарышты.

«Президенттин, парламенттин жана сот системасынын ыйгарым укуктары, ошондой эле адам укуктары менен эркиндиктерине байланышкан айрым жоболор эл аралык стандарттарга жана ЕККУнун алдындагы милдеттерге туура келбейт», — деп билдиришти комиссиядан.

Мындан тышкары, Венеция комиссиясы Кыргызстанда өткөн конституциялык реформаны ишке ашыруу процесси баштан-аяк орчундуу мүчүлүштүктөр менен коштолгонун билдирген. Анын ичине деталдуу жана көп кырдуу консультациялардын өткөрүлбөгөнү кирген. Уюмда бардык сунушталып жаткан түзөтүүлөрдү талкуулоо үчүн убакыт талап кылынарын белгилешти.

Документте Конституциялык кеңешме колдонуудагы баш мыйзамда орган катары каралбаганынан улам анын легитимдүүлүгү күмөндүү экени айтылган. Ошондой эле, мөөнөтү бүткөн учурда Жогорку Кеңеш айрым катардагы функцияларын гана аткара алат, бирок конституциялык реформа сыяктуу өзгөчө чараларды кабыл алууга укугу жок.

«Пландалган референдум бул кемчиликтерди оңдой албайт, анткени анда “ооба” же “жок” деген гана жооптор камтылган. Андыктан жалпы институционалдык түзүмүн жана Конституциянын долбоорунун тиешелүү жоболорун кайра карап чыгуу сунушталат», — деп айтылат корутундуда.

Кыргызстандагы конституциялык реформа

Конституцияны өзгөртүү боюнча референдум 2020-жылдын 4-октябрындагы парламенттик шайлоонун жыйынтыгынан кийин орун алган саясий кризистин кесепети.

5-октябрда жарандар борбордук «Ала-Тоо» аянтына митингге чыгып, нааразылыгын билдирип, жыйынтыгында Ак үй басылып алынган. Ошол кезде, башаламандыктардын шартында тарапташтары тарабынан абактан бошотулган Садыр Жапаров бийликке келген.

Ал Кыргызстанда Конституцияны алмаштырып, президенттик башкаруу формасын алып келүү керек деген билдирүү жасаган. Тарапташтарынын жардамы менен Жапаров кыска убакытта премьер-министр жана президенттин м.а. болгон.

Ал бул кызматтарды аркалоо менен бир катар кадрдык өзгөртүүлөрду ишке ашырып, негизги кызматтарга өз тарапташтарын дайындаган. Алтынчы чакырылыштын депутаттары менен чогуу, Жапаров парламенттин депутаттарын кайрадан шайлоону белгисиз мөөнөткө жылдырылышын жана конституциялык реформаны демилгелеген.

Баш мыйзамдын биринчи версиясы 2020-жылдын 17-ноябрында жарыяланган. Бирок президенттин колунда эбегейсиз бийлик топтолгону үчүн кескин сындалып, «Ханституция» аталган.

Андан кийин ошол убактагы президенттин милдетин аткаруучу Талант Мамытов Конституциялык кеңешме түзүп, курамына жүздөн ашуун адам кирген. Алардын көпчүлүгү Садыр Жапаровдун идеялаш жана тикелей тарапташтары, юристтер, Конституциянын жаңы версиясынын автору деп фамилиялары көрсөтүлгөн депутаттар, Манас таануу, кыргыздардын руханий дүйнөсү жана салттуу билим боюнча адистер, коомдук ишмерлер.

Бир катар юристтер кеңешменин легитимдүүлүгүнөн күмөн санашкан, бирок алар иштөөсүн улантып, Конституциянын жаңы долбоорун иштеп чыгышкан.

Конституциялык кеңешменин иши менен бир маалда президенттик шайлоо жана конституциялык реформа боюнча референдум да өткөрүлгөн. 2021-жылдын 10-январында өткөн президенттик шайлоодо Садыр Жапаров шайлоого келген шайлоочулардын добуштарынын көбүн алган. Ошондой эле, референдумга катышкандардын көбү Жапаров сунуштаган башкаруунун президенттик формасы үчүн добуштарын берген.

Конституциянын жаңы долбоору Жогорку Кеңештин сайтында 9-февралда жарык көргөн. Жарандык коомдун нааразылыгынан кийин, долбоорду парламент караганга чейин эле коомдук талкууга койгон — бир катар депутаттар мыйзам долбоорун жашыруун карап жана кабыл алууну сунуштаган.

Бирок бул версия да өзүндө бир катар так эместиктерди, укуктук коллизияларды жана адам укуктарын бузууларды камтыйт. «Адилет» укуктук клиникасынын юристтери долбоорду талдап, аны парламентте кароо үчүн өтө чийки жана аягына чейин иштелип чыккан эмес деп табышкан.

Кыргызстан юристтер коомдоштугу сыяктуу, «Адилет» клиникасы да Башмыйзамдын жаңы долбоорунун текстин өтө кылдат окуп чыгууну, кайрадан иштеп чыгууну жана эл аралык келишимдерге жана укуктук дүйнөлүк нормаларына ылайык келтирилишин өтүнүшкөн.

Аны менен катар 2-мартта Жогорку Кеңештин конституциялык мыйзам боюнча комитети баш мыйзамдын жаңы долбоорун жактырган. Анткен менен күн тартибине бул маселе кирген эмес болчу. Конституциялык кеңешме кайра иштеп чыккан долбоордун коомдук талкуусу бир айдан кем эмес убакытка созулушу керек болчу — кеминде 2021-жылдын 9-мартына чейин. Колдонуудагы Конституцияга ылайык, профилдик комитет караганга чейин мыйзам долбоору бир катар процедуралардан өтүүсү керек болчу.

Юристтер менен эксперттер Конституциянын жаңы долбоорун кабыл алууда депутаттар тарабынан мыйзамдардын сакталбай жатышы келечекте «маморгандардын ишинин мыйзамдуулугунан» күмөн санатып, «чыр-чатактардын кайталанышына» алып келиши мүмкүн экенин эскертишкен. 3-мартта депутаттар биринчи окууда эле референдумду дайындоо тууралуу мыйзам долбоорун кабыл алышкан.

Конституцияга байланыштуу референдум 2021-жылдын 11-апрелине, жергиликтүү кеңешке шайлоолор менен бир күнгө белгиленген.