Хельсинки комиссиясы: Кыргызстандын жаңы Конституциясы авторитаризмге алып барат

АКШнын Хельсинки комиссиясынын төрагасы, сенатор Бен Кардин жана комиссиянын жетекчилери сенатор Роджер Уикер жана Жо Уилсон 11-апрелде өткөн Кыргызстандагы референдумдун жыйынтыгы боюнча билдирүү жасашты.

Комиссияда эмнелер айтылды?

Кардин, Уикер жана Уилсондун ою боюнча, жаңы Конституция референдумга «жарандардын 30%дан бир аз эле ашкан бөлүгү» келгенине карабай, өттү деп табылгандыктан өлкөнү авторитаризмге алып барат.

«Бул жаңы Конституция Борбор Азиянын эң демократиялуу өлкөлөрүнүн бири болуп саналган Кыргызстанды авторитардык башкарууга алып барат деп тынчсызданып жатабыз. Анткени жаңы баш мыйзам бийликти президенттин колуна топтоп, парламенттин ролун кыскартып, мамлекеттик бийлик бутактарынын ортосундагы ооздуктоо жана тең салмактуулук сакталбай калат», — деп билдирүүдө айтылды.

Ошондой эле, Конституциянын жаңы долбоорунда адам укуктары менен эркиндиктерин бузууга жол берүүчү бир катар боштуктар калып калган — алардын арасында Кыргызстан сактоого макул болуп, кол койгон бир катар эл аралык макулдашуулар менен пакттар дагы бар.

«Барынын башына “Кыргыз Республикасынын элинин моралдык-этикалык баалуулуктары жана коомдук аң сезимин койгон” бүдөмүк жоболор адам укугун чектөөгө, анын ичинде пикирин эркин билдирүүгө каршы колдонушулуш мүмкүн.

Биз Кыргызстандын өкмөтүн өлкөдөгү көз карандысыз ЖМКларга жана жарандык коомго адам укуктарын жана негизги эркиндиктерин тоскоолдуксуз ишке ашырууга мүмкүнчүлүк берүүнү көптөн-көп өтүнөбүз», — деп, билдирүүдө айтылды.

Аны менен катар, комиссия референдум өткөнгө чейин, Кыргызстандын өтүнүчү менен ЕККУнун адам укуктары жана демократиялык институттар бюросу жана Европа Кеңешинин Венеция комиссиясы аталган Конституциянын долбооруна укуктук баа бергенин да эскертти.

Эксперттер аны кабыл алуу тартиби «мыйзамдын үстөмдүгүнө ылайык келген эмес жана коомдук консультациялар же парламенттик дебаттар дээрлик аз болгон» деген тыянакка келишкен. Ошондой эле, жаңы Баш мыйзамды кабыл алуу жараяны «укуктук үстөмдүк принциптерин урматоо, бийликти бөлуштүрүү жана аларга мүнөздүү мамлекеттик бийликти ооздуктоо жана тең салмактуулук тутумунун жоктугу олуттуу тынчсызданууну» алып келди.

Тема боюнча:

Конституциянын долбоорунун жоболору эл аралык стандартка туура келбейт — Венеция комиссиясы

Эмне себептен Хельсинки комиссиясы Кыргызстанга кызыгып жатат?

Анткени Европадагы коопсуздук жана кызматташуу комиссиясы (ушул эле Хельсинки комиссиясынын дагы бир аталышы) бүткүл ЕККУ аймагындагы коопсуздукка байкоо салат. Кыргызстан ЕККУнун курамына 1992-жылы мүчө катары кирген.

Коопсуздук дегенде адам укуктарын коргоону, демократия, экономикалык, экологиялык жана аскерий кызматташтыкты, ошондой эле Хельсинки макулдашууларын ишке ашырууну колдоо эсептелет.

Конституциялык реформа

Конституцияны өзгөртүү боюнча референдум 2020-жылдын 4-октябрындагы парламенттик шайлоонун жыйынтыгынан кийин орун алган саясий кризистин кесепети.

5-октябрда өлкөдө массалык нааразылык башталып, натыйжада Ак үй басылып алынган. Ошол кезде, башаламандыктардын шартында тарапташтары тарабынан абактан бошотулган Садыр Жапаров бийликке келген.

Ал Кыргызстанда Конституцияны алмаштырып, президенттик башкаруу формасын алып келүү керек деген билдирүү жасаган. Тарапташтарынын жардамы менен Жапаров кыска убакытта премьер-министр жана президенттин м.а. болгон.

Ал бул кызматтарды аркалоо менен бир катар кадрдык өзгөртүүлөрду ишке ашырып, негизги кызматтарга өз тарапташтарын дайындаган. Алтынчы чакырылыштын депутаттары менен чогуу, Жапаров парламенттин депутаттарын кайрадан шайлоону белгисиз мөөнөткө жылдырылышын жана конституциялык реформаны демилгелеген.

Баш мыйзамдын биринчи версиясы 2020-жылдын 17-ноябрында жарыяланган. Бирок президенттин колунда эбегейсиз бийлик топтолгону үчүн кескин сындалып, «Ханституция» аталган.

Андан кийин ошол убактагы президенттин милдетин аткаруучу Талант Мамытов Конституциялык кеңешме түзүп, курамына жүздөн ашуун адам кирген. Кеңешмени Бекбосун Бөрүбашов жетектеген.Алардын көпчүлүгү Садыр Жапаровдун идеялаш жана тикелей тарапташтары, юристтер, Конституциянын жаңы версиясынын автору деп фамилиялары көрсөтүлгөн депутаттар, Манас таануу, кыргыздардын руханий дүйнөсү жана салттуу билим боюнча адистер, коомдук ишмерлер.

Бир катар юристтер кеңешменин легитимдүүлүгүнөн күмөн санашкан, бирок алар ишин жана өлкөнүн негизги мыйзамынын долбоорун оңдоп-түзөөнү улантышкан.

Конституциялык кеңешменин иши менен бир маалда президенттик шайлоо жана конституциялык реформа боюнча референдум да өткөрүлгөн. 2021-жылдын 10-январында өткөн президенттик шайлоодо Садыр Жапаров шайлоого келген шайлоочулардын добуштарынын көбүн алган. Ошондой эле, референдумга катышкандардын көбү Жапаров сунуштаган башкаруунун президенттик формасы үчүн добуштарын берген.

Конституциянын кайра иштетилип жана оңдоп-түзөөдөн өткөрүлгөн жаңы долбоору Жогорку Кеңештин сайтында 9-февралда жарык көргөн. Жарандык коомдун нааразылыгынан кийин, долбоорду парламент караганга чейин эле коомдук талкууга койгон — бир катар депутаттар мыйзам долбоорун жашыруун карап жана кабыл алгылары келген. Бирок бул версия да өзүндө бир катар так эместиктерди, укуктук коллизияларды жана адам укуктарын бузууларды камтыйт.

«Адилет» укуктук клиникасынын юристтери долбоорду талдап, аны парламентте кароо үчүн өтө чийки жана аягына чейин иштелип чыккан эмес деп табышкан.

Кыргызстан юристтер коомдоштугу сыяктуу, «Адилет» клиникасы да Башмыйзамдын жаңы долбоорунун текстин өтө кылдат окуп чыгууну, кайрадан иштеп чыгууну жана эл аралык келишимдерге жана укуктук дүйнөлүк нормаларына ылайык келтирилишин өтүнүшкөн.

Бирок 2-мартта Жогорку Кеңештин конституциялык мыйзам боюнча комитети баш мыйзамдын жаңы долбоорун жактырган. Анткен менен күн тартибине бул маселе кирген эмес болчу. Конституциялык кеңешме кайра иштеп чыккан долбоордун коомдук талкуусу бир айдан кем эмес убакытка созулушу керек болчу — кеминде 2021-жылдын 9-мартына чейин. Колдонуудагы Конституцияга ылайык, профилдик комитет караганга чейин мыйзам долбоору бир катар процедуралардан өтүүсү керек болчу.

Юристтер менен эксперттер Конституциянын жаңы долбоорун кабыл алууда депутаттар тарабынан мыйзамдардын сакталбай жатышы келечекте «маморгандардын ишинин мыйзамдуулугунан» күмөн санатып, «чыр-чатактардын кайталанышына» алып келиши мүмкүн экенин эскертишкен. Бирок буга карабастан парламент Конституцияны өзгөртүү боюнча референдумду 11-апрелге дайындоо тууралуу мыйзам долбоорун кабыл алышкан.

Конституцияга байланыштуу референдум 2021-жылдын 11-апрелинде жергиликтүү кеңештерге шайлоо менен бир күндө өттү. БШКнын алдын ала жыйынтыктары боюнча, референдумга катышкандар 37,1% түзгөн. Жаңы Конституция үчүн 79%дан ашуун шайлоочу макулдугун берсе, дээрлик 14%ы каршы болгон.