Путин менен Рахмон Москвада кыргыз-тажик чек арасындагы жаңжалды талкуулайт

Орусиянын президенти Владимир Путин менен Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон 8-майда Москвада жолугуп, кыргыз-тажик чек арасындагы чыр-чатакты талкуулайт. Бул тууралуу орус президентинин маалымат катчысы Дмитрий Песков билдирди.

Маалыматта Тажикстандын президенти Кызыл аянттагы Жеңиш парадына да катышаары айтылган.

Песков «ТАСС» мааламат агенттигине Рахмон менен Путиндин жолугушуусу кыргыз-тажик чек арасында жаңжал чыкканга чейин эле пландалганын билдирген. Ал Кыргызстандын президенти Садыр Жапаровдун Жеңиш парадына катышары пландалбаганын кошумчалады.

Тажикстан жана Орусиянын башчылары чек арадагы жаңжалды талкуулай турганын тажик президентинин басма сөз кызматы «Озоди» радиосуна ырастаган.

Ал эми Садыр Жапаровдун Москвадагы Жеңиш парадына барар-барбасы тууралуу президенттин басма сөз кызматы расмий маалымат тарата элек.

Буга чейин Орусия президенти Владимир Путин Кыргызстан менен Тажикстандын ортосундагы чек ара чырын чечүүдө калыс болуп берүүгө даяр экенин билдирген.

Чек арадагы чыр-чатактын кесепети

Кыргыз-тажик чек арасындагы чыр-чатак 28-апрелде башталган. Кийин ал ок атууга чейин жетип, кыргыз тараптан 36 киши каза таап, 189 киши жарадар болгон.

Баткен облусунун Баткен жана Лейлек райондорунан жалпы 40 миңден ашуун киши эвакуацияланган.

Андан сырткары чек арадагы жаңжалдан 136 турак-жай толугу менен талкаланган. Анын ичинде 46сы – Баткен районунда, 93ү Лейлек районунда жайгашкан.

Буга чейин өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгү ок атуулардан облус боюнча жалпы 130 объект өрттөлгөнүн билдирген.

Тажик тарап жабыркагандар жана каза болгондор тууралуу расмий маалымат бере элек. «Азаттыктын» тажик кызматы ишенимдүү булактарына таянып, 20 киши каза болуп, 90у жарадар болгонун билдирген.

ТЕМА БОЮНЧА: Путин курч маселелерди чечүүдө калыс болуп берүүгө даяр — Песков

HRW: кыргыз-тажик чек ара чырында каза болгон жай тургундардын өлүмү дароо иликтениши керек