Путин курч маселелерди чечүүдө калыс болуп берүүгө даяр — Песков

Орусия президенти Владимир Путин Кыргызстан менен Тажикстандын ортосундагы чек ара чырында ортомчулук ролду аткарып берүүгө даяр. Бул тууралуу Орусия президентинин басма сөз катчысы Дмитрий Песковго таянып «РИА Новости» жазды.

«Албетте, биздин ар кыл форматтагы кызматташтыгыбызды эске алганда — бул ЖККУ*, жана башка дагы бирикмелер да бар, президент Путин бул бирикмелерге мүчө мамлекеттердин ортосунда пайда болушу ыктымал курч маселелерди чечүүдө ар дайым калыс болуп жардам берүүгө даяр», — деп Песков айтты.

* ЖККУнун курамына Кыргызстан, Казакстан, Орусия, Тажикстан жана Беларус кирет. Аталган уюм «тынчтыкты сактоо, эл аралык жана аймактык коопсуздукту жана туруктуулукту чыңдоо, уюмга мүчө мамлекеттердин көз карандысыздыгын, аймактык бүтүндүгүн жана эгемендигин жамааттык негизде коргоо» максатында түзүлгөн.

Буга чейин Орусиянын тышкы иштер министрлигинин расмий өкүлү Мария Захарова «бир тууган Кыргызстан менен Тажикстандын чек арасындагы курчуп бараткан акыбалды тынчсыздануу менен байкап турушканын» айткан

«Биз тараптарды союздаштык жана жакын коңшулаштар духунда сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү аркылуу туруктуу жана узак мөөнөттүү келишимдерди түзүүгө чакырабыз. Ушул нерсе гана эки мамлекет ортосундагы акыбалды нормалдаштырып, эффективдүү чараларды кабыл алууга жана мындай окуялардын кайталанбашына мүмкүндүк берет», — деп билдирет Мария Захарова.

Кыргызстандын чек арасындагы куралдуу кагылушууларга Өзбекстан менен Казакстан дагы тынчсыздануусун билдирген. Коңшу мамлекеттер Кыргызстан менен Тажикстанды «кагылышууларды чукул арада токтотууга» чакырышкан. БУУ жана ЖККУ да тынчтыкка үндөгөн.

Чек арада чыккан чыр-чатак

Кыргыз-тажик чек арасындагы чыр-чатак 28-апрелде башталган. Ошондо эки өлкөнүн 100-150 жараны бири бирине таш ыргытышкан. Суу бөлүштүрүүчү «Головной» пунктундагы жүргүзүлгөн иштер чырдын келип чыгышына себеп болгон.

*«Головной» Төрткүл суу сактагычынын баш жагында жайгашкан. Суу сактагыч Баткен облусунун аймагында 1972-жылы курулган. Анын көлөмү 90 млн кубду түзөт жана узундугу 5 км. Аталган суу сактагыч Баткен районундагы жана Баткен шаарындагы 11 миң гектардан ашуун айдоо жерин сугат суу менен камсыздайт. 1991-жылдагы Кыргызстан жана Тажикстан менен суу бөлүштүрүү келишимине ылайык, Төрткүл каналынын суусунун 37%ын Кыргызстан, ал эми 63%ын Тажикстан пайдаланат.

29-апрелде чар-чатак курчуп кеткен — чектеш аймактарда миномёт, пулемёт жана автоматтар колдонулган. Эки өлкөнүн чек арачылары бири-бирин чыр-чатакта баштады деп айыпташкан.

Эки өлкөнүн тышкы иштер министрлери 29-апрелде саат 20:00дөн баштап кыргыз-тажик чек арасындагы ок атууну толугу менен токтотууга жана аскердик күчтөрдү мурунку турган абалына алып кетүүнү макулдашышкан.

Бирок буга карабастан, өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгү 30-апрелде Лейлек районунда ок атышуу уланып жатканын билдирген.

Кийинчерээк УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев тараптар экинчи жолу аскерлерди аймактардан алып чыгып кетүү боюнча макулдашканын айтты. Өкмөттүн Баткен облусундагы өкүлү Өмүрбек Суваналиевдин айтымында, облустагы кырдаал туруктуу, кыргыз-тажик чек арасында ок атышуу толугу менен токтогон.

«Бирок абал толугу менен турукташты деп айтуу али эрте. Куралдуу кагылышуунун кесепеттери өтө оор», — деген ал.

Саат 30-апрелде саат 7:50гө карата алынган маалыматтар боюнча, 13 кыргызстандык набыт болгон, алардын бири Лейлектин 2008-жылы туулган тургуну.

Жабыркагандар ар кандай оордуктагы жараатарды алган.

Ошондой эле, Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлиги эки күн ичинде Баткенге 31 дарыгер жиберген.