Баткен: Чек арадагы ок атууларда 130 объект өрттөлгөн

Кыргыз-тажик чек арасындагы ок атуулардан Баткен облусу боюнча жалпы 130 объект өрттөлгөн. Тагыраагы 104 турак үй, эки мектеп, бир ФАП, бир бала бакча, милициянын бир имараты, үч чек ара заставасы, 10 май куюучу жай, 8 дүкөн күйүп кеткен. Бул тууралуу өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматы билдирди.

«Өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Өмүрбек Суваналиевдин буйругуна ылайык, өрттөлүп, жараксыз абалга келген турак үйлөрдүн калдыктарын тазалоо, калкттуу конуштарды электр энергиясы менен камсыздоо, сугат суу, таза суу линияларын калыбына келтирүү иштери жүрүүдө», — деп жазылат маалыматта.

Учурда аймактагы келтирилген чыгымдарды аныктоо боюнча комиссия ишин улантып жатат.

Келтирилген зыяндын эсептөө боюнча комиссия иштеп жатат.

Чек арадагы куралдуу жаңжалдын кесепетинен Ак-Сай, Самаркандек, Ак-Татыр, Кара-Бак айыл аймагынын жана Лейлек районунун Кулунду, Жаңы-Жер айыл аймагындагы кыштактар жабыркаган.

ӨКМдин 3-майга карата маалыматына ылайык, кыргыз-тажик чек арасындагы ок атуудан улам Лейлек районунда 48 турак үй, бир чек ара тозоту, 10 май куюучу жай жана 8 дүкөн кыйраган.

Баткен районунда 30 турак үй, эки мектеп, бир бала бакча, бир медициналык мекеме, милициянын имараты жана эки чек ара бекети кыйраган. Баткен облусу боюнча жалпы 78 үй жарактан чыккан.

Баткен облусунун Баткен жана Лейлек райондорунан жалпы 33 миңден ашуун киши эвакуацияланган. Алардын ичинен 14 246сы чоң кишилер, 19 142си жаш балдар. Алар 2-майда үйлөрүнө кайта башташкан.

Кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу жаңжал

Кыргыз-тажик чек арасындагы чыр-чатак 28-апрелде башталган. Ошондо эки өлкөнүн 100-150 жараны бири бирине таш ыргытышкан. Кыргызстандын чек ара кызматы чырдын чыгышына Көк-Таш айылындагы «Головной» суу бөлүштүрүүчү жайында Тажикстандын жергиликтүү бийлиги тарабынан видео байкоочу камера орноткону себеп болгонун билдирген.

29-апрелде чар-чатак курчуп кеткен — чектеш аймактарда миномёт, пулемёт жана автоматтар колдонулган. Эки өлкөнүн чек арачылары бири-бирин жаңжалды баштады деп айыпташкан.

Эки өлкөнүн бийлиги бир нече жолу ок атууну токтотуу жана аскерлерди чыгарып кетүү тууралуу билдирүү жасап, бирок макулдашуу аткарылган эмес.

1-майда эки тараптын УКМК башчылары жетектеген өкмөттүк комиссиянын мамлекеттик чек араны делимитация жана деморкациялоо боюнча сүйлөшүүсү өткөн. Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар ок атышууну толугу менен токтотуу жана аскерлерди туруктуу жайгашкан ордуна алып кетүүнү макулдашкан. Ошондой эле, тараптар «максаттуу макулдашууга жетишкенин» жана төрт пункттан турган протоколго кол коюлганын айтышкан.

Бирок эки өлкөнүн УКМК башчылары протоколдун мазмунун ачык айтышкан эмес.

3-майда саат 15:00гө карата алынган маалымат боюнеча жаңжалдан 35 адам каза таап, 184 адам жаракат алган. Жаңжал чыккан аймактан 33 388 Кыргызстандын жараны эвакуацияланган, алардын ичинен 19 142си жаш балдар.

Тажик тараптан дагы жабыр тарткандар бар. Озоди радиосунун маалыматына караганда, жаңжалдан бери дегенде 16 тажикстандык каза тапкан. Тажикстандын бийлиги чек ара тилкесиндеги кагылышууда жабыр тарткандар жана кыйраган имараттар тууралуу расмий билдирүү жасай элек.

Кыргызстанда 1-2-май аза күтүү күнү деп жарыяланган.

3-майга карата Баткен районундагы кыргыз-тажик чек арасына чукул жайгашкан айылдарда акыбал туруктуу. 3-майга караган түнү ок атышуу жана башка окуялар катталган эмес.