Садыр Жапаров: Укук коргоо жана сот системасын реформалоо натыйжа берген жок

Президент Садыр Жапаров буга чейин укук коргоо жана сот системасын реформалоо боюнча жасалган иштер натыйжасын бербегенин белгиледи. Ал бул тууралуу 5-майда жаңы Конституцияга кол коюу жана Конституция күнүнө карата өткөрүлгөн иш чарада билдирди.

«Көп жылдардан бери укук коргоо органдарын, сотторду реформалоо жөнүндө айтылып келет, бирок ушул күнгө чейин бул кырдаалды өзгөртүү боюнча натыйжалуу иш жасалган жок… Ошондуктан, биринчиден, укук коргоо системасын реформалоо эң оболу мыйзамдын кадыр-баркын калыбына келтирүүгө жана жарандардын бийлик институттарына болгон ишенимин арттырууга багытталууга тийиш. Экинчиден, кадрдык саясатты түп-тамырынан бери өзгөртүү жана өркүндөтүү, укук коргоо органдарынын кызматкерлеринин квалификациясын жогорулатуу», — деди ал.

Жапаров мыйзамдын үстөмдүгү орномоюн, жарандардын коопсуздугуна кепилдик берилмейинче өлкөнүн социалдык-экономикалык өнүгүшү мүмкүн эместигине токтолду. Аны менен катар жаранды негизсиз айыптаган милиция кызматкерлеринин, тергөөчүлөрдүн, прокурорлордун, соттордун жеке, кылмыштык жана материалдык жоопкерчиликтерин аныктоо зарылдыгын белгиледи.

Ал ошондой эле бардык мыйзамдарды инвентаризациялоо башталганын айтып, аны мамлекеттик органдарга сапаттуу аткарууну тапшырарын билдирди.

Жээнбековдун сот реформасы

Соттук реформа Сооронбай Жээнбековдун президенттик кызматтагы иштеринин негизги багыттарынын бири болчу. Анын соттук реформасы бир катар судьяларды кызматтан алганы менен эсте калган. Ал судьяларды 2017-жылы декабрдын ортосунда, ишке жаңыдан кирише баштаганда эле кызматтарынан ала баштаган.

Алардын ичинен көпчүлүгүн — 54 адамды — президент ыйгарым укуктарынын мөөнөтү аякташы менен кызматтарынан кетирген. Бошотулгандардын ичинен 10 адам өз калоосу менен кеткен, бирөөсү жашы жеткенине байланыштуу жана дагы бир судья судьялык этиканы бузгандыгы үчүн алынган.

Жээнбеков 2018-жылдын май айында өлкөдө сот реформасын тездетүү керектигин билдирип, дагы 66 судьяны иштен алган. Ошол кездеги президент судьяны тандоодо анын киреше жана чыгашасы жөнүндө декларациясы, андан тышкары, анын моралдык-этикалык жүрүм-туруму текшерилиши керектигин белгилеген.

Атамбаевдин сот реформасы

Атамбаев 2012-жылы сот ситемасын реформалоо боюнча кеңеш түзүп, ал эми 2017-жылы ал кеңештин ишинин жыйынтыгын чыгарган.

Атамбаевдин башкаруусу учурунда төрт кодекс жаңыртылып, жаңы үчөө иштелип чыккан: Административдик-процессуалдык кодекс, Жазык кодекси жана мыйзам бузуу жөнүндө кодекс.

Андан сырткары, Атамбаев ошол кезде судьялар корпусунун жаңыланышы тууралуу да билдирген. Ал судьялар корпусуна таптакыр башка баалуулуктары бар бөлөк адамдар келгенин белгилеген.

Анда президент судьялардын үчтөн эки бөлүгүн жаңырткан — ал 263 жаңы судья дайындап, 20дан ашуун судьяга кылмыш иштери козголгон.

Бирок Атамбаевдин сот реформасына сын айткандар анын президенттиги учурунда сот бийлиги мамлекеттин көзөмөлүндө болуп калган деп эсептешет.