Кыргызстандын Министрлер кабинетинин сайтында чек араны делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча кыргыз-тажик өкмөттүк делегацияларынын 1-2-майда жетишилген макулдашуулары жарыяланды.
Делегацияны кыргыз тараптан УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев жана тажик тараптан Тажикстандын УКМКсынын башчысы Саймумин Ятимов жетектеген.
Анда тараптар Кыргызстан менен Тажикстандын чек ара сызыктарын №43 чек ара чекитинен №61ге чейин жана №135 чек ара чекитинен №141ге чейин 1924-1927-жылдардагы улуттук-аймактык чек бөлүүнүн, 1989-жылдагы паритеттик комиссиянын документтерин колдонуу тууралуу макулдашышкан.
Ошондой эле тараптар топограциялык жумушчу тобуна аталган тилкелерде кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасынын долбоордук сызыктарын 5-9-майга чейин жазып чыгууну тапшырышты.
Эки өлкөнүн топографиялык жумушчу топторуна 5-майдан 9-майга чейин жогорудагы чек ара тилкелерин тактап, жазуу тапшырмасы берилген. Муну менен кошо жумушчу топтор 17-майга чейин Кыргызстандын Лейлек районунун Максат, Кулунду, Баткен районунун Көк-Таш, Көк-Терек, Ак-Сай айылдарындагы жана Тажикстандын Овчи Калача, Чорку, Сомониён, Ходжаи Аъло аймактарындагы участоктордо топографиялык иштерди башташы керек.
Кыргызстан менен Тажикстан Ворух анклавына барчу альтернативдик жол куруу боюнча келишим түзүшкөн. Маалыматка ылайык, аталган жол Исфара районунун Хожа Аъло айылы менен Ворух анклавын байланыштырат.
Жаңы жол Тажикстан менен Кыргызстандын эсебинен курулмакчы. Тажик тарап аны колдонот жана аны өзү тейлейт. Жолдун статусу эки өлкөнүн өзүнчө келишиминин негизинде аныкталат.
Айланма жол Капчыгай (Таңги) калктуу конуштун чыгыш тарабы аркылуу өтөрү белгиленген. Ошондой эле, жолдун курулушу тезирек башталышы үчүн топографиялык жумушчу тобуна долбоор боюнча уюмдар менен бирге 2021-жылдын 1-июнуна чейин аталган тилкенин «Баткен районунун иш жүзүндө колдонушун» изилдөө тапшырылган.
Мындан сырткары, Ворух анклавынын чеги Хожаи Аъло — Ворух жолу курулгандан кийин аныкталат деп сүйлөшүлгөн.
Буга чейин Тажикстандын бир катар ЖМКлары аталган макулдашуу тууралуу жазып чыгышкан болчу.
3-майда УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев Кыргызстан менен Тажикстан 9-майга чейин чек арадагы 112 чакырым жерди тактайт деп билдирген. Ал эки тарап бир нече аймактар боюнча бир пикирге келгенин белгилеген. Бирок Ворух анклавына барчу альтернативдик жолдун курулушу боюнча макулдашуу тууралуу сөз кылган эмес.
Исфара — Ворух альтернативдик жолу
2019-жылдын март айында ошол кездеги вице-премьер-министр Жеңиш Разаков Тажикстан менен жүргүзүлгөн сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгы менен кыргыз бийлиги чек арага жакын аймакта дагы бир жол курмай болду деп билдирген. Ал эми жолду эки тарап тең пайдала алат деп белгилеген.
«Кээ бир серепчилер [Кыргызстан Тажикстанга] коридор берди деген ойду айтып жатышат экен. Эч кандай коридор берилген жок, ал жолдорго эч кандай статус берилген эмес. Аксайдын сыртынан курулуп жаткан [Ворух — Исфара жолу] жеңилдик түзүш үчүн кошумча жол катары курулуп жатат. Аны менен Кыргызстандын да Тажикстандын да жарандары пайдалана алышат», — деген Разаков.
Ал кошумчалагандай, кыргызстандыктар мал-жандыктарын жайыттарга Ворух анклавына кирбей айдап өтүшү үчүн салынып жаткан Ак-Сай — Тамдык жолунун курулушу аягына чыгарылат.
«Протоколдо белгиленип кеткендей, Ак-Сай — Тамдык жолун кыргыз тарап куруп, аягына чыгарат деп чечиштик. Анын курулушу башталган. Бул боюнча жалданмачыны тандоо боюнча бардык тендердик маселелер чечилген. Ушул багыт боюнча иштерди аягына чыгарабыз», — деген Разаков.
Кыргыз-тажик чек арасынын чечилбеген көйгөйү
Кыргыз-тажик чек арасынын узундугу 976 чакырымды түзөт. Анын 504 чакырымы гана демаркацияланган. Калган аймактардын азыркыга чейин тактала элек. Эки мамлекеттин чек арасын тактоо боюнча иш алып барган өкмөттөр аралык комиссиясы кайсы документтерге, картага таянуу керектиги боюнча бир пикирге келишкен эмес.
Тажик тарап Ворух Тажик ССРинин курамында болгону көрсөтүлгөн 1924-1927-жылдагы картаны колдонуу керектигин айтса, Кыргызстан 1958-1959 жана 1989-жылдардагы картаны колдонуу керектигин айтып келген. Ворух аймагы 1950-жылдары Кыргызстанда анклав болуп калган. Кыргыз-тажик чек арасынын аталган тилкесинде тургундар арасында чыр-чатак жер, жайыт, суу талаштан улам такай чыгып турат.
Ак-Сай — Тамдык жолу
Кыргыз өкмөтү Баткенде Ак-Сай — Тамдык айланып өтүүчү унаа жолун куруп жатат. Бул жолдун курулушунан 2019-жылдын 13-мартында чыр чыккан.
Ворухтун тургундары бул жолдун курулушуна каршы чыгышкан, анткени алардын пикири боюнча, жол Тажикстан менен Кыргызстандын талаштуу жер тилкелери аркылуу өтөт. Ал эми кыргыз бийлиги болсо жолдун курулушу Кыргызстандын аймагында жүрүп жатканын билдирип келет.
Көк-Таш — Ак-Сай — Тамдык — Кишемиш айланма жолунун курулушу 2014-жылы башталган. Аталган каттам Тажикстандын Ворух анклавын айланып өтүп, Кыргызстанга караган Кишемиш жайлоосуна алып барат. Жолдун узундугу 25 чакырымды түзгөн. 13-марттагы ызы-чуудан кийин айланып өтүүчү жолго дагы төрт чакырым кошулган. Транспорт министрлигинин маалыматы боюнча, жолдун 21 чакырымы салынып бүткөн.
Кыргызстандын жана Тажикстандын аймактарында тактала элек жер тилкелери көп. Бул чек арага жакын аймактарда толкундоолордун чыгышын шарттап келет. Эки мамлекеттин жергиликтүү тургундары сууну пайдалануу жана чек арадан мыйзамсыз өтүү маселелери боюнча байма-бай чатакташып келишет.