Кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу кагылышуудан кийинки жоготуулар — таблица

Баткен облусунун Көк-Таш айылында жайгашкан «Головной» суу бөлүштүрүүчү жайында 28-апрелде башталган жаңжал эртеси күнү таш ыргытуудан ок атууга чейин жеткен. Кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу кагылышуу 2-майга караган түнү токтоп, абал турукташкан. «Клооп» Кыргызстандын расмий органдары жана Тажикстандын ЖМКлары жарыялаган маалыматка таянып жоготууларды жана жаңжалда келтирилген зыянды салыштырды.

Каза тапкандар жана жарадар болгондор

Ок атуулардын кесепетинен Кыргызстандан 189 киши жарадар болуп, анын ичинен 36 киши каза тапкан. Алардын арасында 12 жашар кыз жана 4 жашар наристе да бар. Ал эми Тажикстандын расмий бийлиги жабыркагандардын санын ачыктай элек, бирок тажик ЖМКлары жаңжалдан 90дон ашуун тажик жараны жарадар болуп, анын ичинен 20 киши набыт болгонун кабарлады.

Эвакуациялангандар жана барымтага алынгандар

Жаңжал маалында Баткен жана Лейлек райондорунан жалпы 40 649 жай тургун коопсуз жайга эвакуацияланган. Алар Баткен шаарындагы мектептерде жана шаардыктардын үйлөрүндө баш калкалоого аргасыз болушкан. Ал эми Тажикстандын Өзгөчө кырдаалдар комитети 15 миңден ашуун жаран эвакуацияланганын кабарлаган.

Мындан сырткары тажик аскерлери 10 кыргыз жаранын барымтага алышкан — алардын арасында Интернационал айылынын башчысы Мырзабек Жумабаев да болгон. Алгач Тажикстан бул маалыматты четке каккан, бирок жаңжал тынчыгандан кийин тажикстандык чек арачылар барымтадагы кишилерди Кыргызстанга кайтарышкан.

Барымтада болгон кишилердин бири «Клооптун» журналисттерине маек куруп, алар тажикстандык аскерлер тарабынан аёосуз сабалганын айтып берген.

Өрттөлгөн үйлөр жана социалдык объектилер

Арка айылында өрттөнгөн май куюучу жай. Сүрөт: «Клооп»

Кыргызстандын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги кыргыз-тажик чек арасындагы кагылышуудан Баткен облусу боюнча 129 турак жай жана 84 объект өрттөлгөнүн кабарлаган. Алар:

  • 34 дүкөн;
  • 27 май куюучу жай;
  • 5 ашкана;
  • 4 чек ара бекети;
  • 3 ресторан;
  • 2 дарыкана;
  • 1 мектеп;
  • 1 ФАП;
  • 1 бала бакча;
  • 1 милициянын бөлүмү;
  • 1 медициналык пункт;
  • 1 тиш дарылоо жайы;
  • 1 китепкана;
  • 1 өрт өчүрүүчү кызматтын бөлүмү.

Ал эми тажикстандык ЖМКлар жаңжалда Тажикстандын жарандарына таандык 14 үй толугу менен жана үч үй жарым-жартылай бузулганын билдиришти. Ошондой эле бир курулуш жана бир мектеп жарым-жартылай жабыркаган.

Кыргызстандын Башкы прокуратурасы Тажикстандын аракеттерин «аскердик агрессия» катары баалады. Ал эми Ички иштер министрлиги бул окуя боюнча 11 сотко чейинки өндүрүш ишин баштады. Өз кезинде Тажикстандын Башкы прокуратурасы Кыргызстандын аскерлерине карата кылмыш ишин козгоду.