Коронавирустан каза тапкан медиктердин үй-бүлөсүнө 243 млн сом кенемте бөлүндү

Министрлер кабинетинин (МК) төрагасы Улукбек Марипов COVID-19 пандемиясында жабыркаган республика медиктерине кенемте төлөөгө бюджеттен 243 млн сом бөлүү тууралуу чечимге кол койду.

МКнын басма сөз кызматынын маалыматы боюнча, акчалар каза тапкан медиктердин үй-бүлөлөрүнө жана «кызыл зоналарда» оору жуктуруп алган медициналык кызматкерлерге — 1165 адам — кенемте төлөөгө жумшалат. Бирок алардын ичинен канчасы каза тапканы, дагы канчасы иш үстүндө оору жуктурганы такталган жок.

Компенсация төлөп берүү жөнүндөгү чечимге Бишкек шаарынын жана Чүй облусунун ондогон медиктери апрелдин ортосунда митингге чыгып, кенемте маселесин чечип берүүнү талап кылышкандан кийин кол коюлду. Алар арыздарды кароодогу бюрократияга даттанып, ошондой эле төлөмдөрдү көбүнесе «керектүү тааныш-билиштери барлар» алганын айткан.

Мындан тышкары, медиктер митингге өлкөнүн аймактарындагы кесиптештери дагы чыгууга даяр экенин маалымдашкан.

Медиктерге кенемде

2020-жылдын май айында өкмөт токтом кабыл алып, ага ылайык иш үстүндө коронавирус жуктурган медиктерге 200 миң сомдон, ал эми бул илдеттен каза тапкан медкызматкерлердин үй-бүлөсүнө 1 млн сомдон төлөп берип жаткан.

Биринчи жарым жылдыкта кенемте болгону коронавирустан ооруп айыккан 608 дарыгерге жана каза болгон 30 медиктин үй-бүлөсүнө гана төлөнгөн.

Дарыгерлер компенсация алуу абдан кыйын экенин далай жолу билдиришкен — бюрократия жана документ чогултууда кыйынчылыктар болгон. Мындан тышкары, коронавирусту жумуш маалында жуктуруп алгандыгын тастыктоо абдан кыйын. Эгерде тастыктай албаса ага кенемте төлөнбөйт.

Ал эми 2020-жылы жайында ошол учурдагы президент Сооронбай Жээнбеков компенсациянын өлчөмүн кыскартуу тууралуу жарлыкка кол койгон. Ага ылайык, эгерде кызыл зонада иштеп жаткан медиктер COVID-19 жуктуруп алса, анда алар 75 миң сомдон алышат.

Каза тапкан медиктин үй-бүлөсү 2 млн 800 миң сомдой алат. Бул түзөтүүлөр 2021-жылдын 1-январынан тарта иштей баштады.2021-жылы мартта Саламаттык сактоо министрлиги коронавирус күч алгандан тартып оору жуктурган 1,5 миң медкызматкер 200 миң сомдон кенемте алганын билдирген.

Кенемте алуу боюнча арыздар коронавирустан каза тапкан дагы 60 медиктин үй-бүлөсүнөн түшкөн, алардын ичинен 32 үй-бүлөгө 1 млн сомдон төлөнгөн.

Кийин өкмөт 1-апрелден тарта үй-бүлөлүк медиктер менен жалпы тажрыйбадагы врачтардын базалык айлыгы эки эсе көбөйтүлгөнүн кабарлаган.

Ал эми саламаттык сактоо тармагынын башка тармактарынын кызматкерлеринин маянасы 1-июлдан тартып 50%га, техникалык жана кенже тейлөөчү кызматкерлердики 40%га көбөйтүлөт. Бирок, медиктер эч кандай көбөйтүү деле болбогонун, себеби бийлик аларды кошумча акылардан ажыратып койгонун билдиришкен.

Тема боюнча:

Саламаттык сактоо министрлиги ооруканаларды кантип жакшыртат? Түшүндүрөбүз

Республикалык штабдын маалыматына караганда, 2021-жылдын 7-майына карата өлкөдө пандемия башталгандан бери COVID-19 жуктурган медицина кызматкерлеринин саны 4478ди түзөт. Акыркы суткада 7 адамга илдет жуккан, алардын экөө «кызыл зонада» иштегендер.

COVID-19 дартынан канча медицина кызматкери каза болгону бүгүнкү күндө белгисиз. Бирок 4405 медик айыгып чыкканы айтылган.