Бишкек: Медиктер убадаланган компенсацияны төлөп берүүнү талап кылышты

Бишкек шаары жана Чүй облусундагы ооруканалардын 100дөй медкызматкерлери 16-апрелде тынчтык жөө жүрүшүнө чыгышты. Алар пандемия учурунда коронавирус жуктуруп алган медиктерге убада кылынган компенсацияны төлөп берүүнү талап кылышты.

Чогулгандардын айтымында, өкмөт «кызыл зонада» иштеп ооруну жуктурган медкызматкерлерге гана кенемте төлөп берүүдө. Мындан улам алар «эгер кызыл зона гана иштеген деп эсептелсе, эмне үчүн башка медиктерди мажбурлап иштетишти» деп нараазы болушту.

«Ким кайсы жерде иштегенинин айырмасы эмне? Медицинада мындай болбойт да! Ооруган адамга “тез жардам” келип, эгерде температурасы болсо “кызыл зонага” жиберет. Анда эмнеге “кызыл зонага” эле төлөнөт, биз иштебей жөн эле отурдукпу?» — деп суроо салды медиктердин бири.

Анткен менен жөө жүрүшкө «кызыл зонада» иштеген медкызматкерлер да катышты.

Митинг учурунда айрым медиктер журналисттерге алардын жетекчилиги кытайлык Sinopharm вакцинасы менен эмделүүнү мажбурлап жатышканын кабарлашты.

Дагы бир дарыгекр Москва райондук оорукананын башкы дарыгери «митингге чыккандарды кызматтан бошотуу менен коркутканын» билдирди.

Митингге чыккандар алгач Ак үйдүн алдына, андан соң өкмөт үйүн көздөй барышты. Анда «Медайымдардын да маянасы 1-апрелден тарта 100%га көтөрүлсүн», «Өкмөттүн компенсация төлөө убадасы аткарылган жок» деген транспаранттар болду.

Чогулгандар өкмөт үйүнө жеткенде өкмөттүн басма сөз кызмат аппаратынын социалдык бөлүмүнүн башчысы Садирбек Исаев чыгып, вице-премьер-министр Артем Новиков аларды кабыл алууга даяр экенин айтты. Медкызматкерлер өздөрү беш кишини тандап, Новиковго жиберишти.

Медиктерге компенсация убадалоо, маянасын көтөрүү

Бир жыл мурда өкмөт коронавирусту жуктуруп алган медиктерге 200 миң сом компенсация убадалаган. Ал эми COVID-19дан көз жумган медиктердин үй-бүлөлөрүнө 1 млн сомдук кенемте каралган.

Ал эми 2020-жылдын 1-январынан тарта COVID-19 жуктурган медиктердин кенемтеси 75 миң сомго түшүрүлгөн.

Ошондой эле буга чейин президент Садыр Жапаров үй-бүлөлүк дарыгерлер тобунун врачтарынын эмгек акысын 1-апрелден тарта 100 пайызга, ал эми медайымдарга 1-июлдан тарта маяна 50 пайызга жогорула турганын билдирген.

Республикалык штабтын маалыматына ылайык, пандемия башталгандан тарта 4 341 медициналык кызматкер иш учурунда коронавирус инфекциясын жуктуруп алган. Алардын ичинен 4 258 медик айыккан. Ал эми 18-мартка карата илдеттен каза болгон медкызматкерлердин саны 104ү түзгөн.

Ал эми саламаттык сактоо министринин мурдагы орун басары Мадамин Каратаев 18-мартта ооруну жуктурган медиктерге жалпысынан 185 млн сом компенсация төлөнгөнүн кабарлаган. Анын ичинен 32 млн сом COVID-19дан каза болгон медиктердин үй-бүлөлөрүнө төлөнгөн.