COVID-19 жуктуруп алган медиктерге кенемте азайтылды — эми алар 75 миң сом гана алышат

Саламаттык сактоо министрлигинин юридикалык бөлүмүнүн жетекчиси Азамат Жумакеев АКИpress агенттигине билдиргендей, 2020-жылдын 1-январынан баштап, COVID-19 жуктуруп алган медицина кызматкерлерине кенемте төлөө боюнча жаңы эрежелер иштей баштады.

«Жаңы эреже боюнча, эгерде медицина кызматкери кызыл зонада иштеп жатып COVID-19 жуктурса, анда ал 75 миң сом алат. Каза тапкан медиктин үй-бүлөсү 2 млн 800 миң сомго жакын каражат алат», — деп айтты ал.

Бул мыйзамга экс-президент Сооронбай Жээнбеков 2020-жылдын жай айларында кол койгон.

Кыргызстанда медицина кызматкерлерине кенемте төлөө

2020-жылдын май айында жумуш учурунда COVID-19 жуктурган медиктерге кенемте төлөө тууралуу өкмөттүн токтому чыгып, ага ылайык мамлекет тарабынан 200 миң сомдон төлөнмөк. Ал эми каза тапкандардын үй-бүлөсүнө берилүүчү сумма – 1 млн сомду түзгөн.

Бирок, жарым жыл аралыгында болгону 608 медик жана каза болгондордун ичинен 30 үй-бөлө гана кенемте алган.

Медиктер компенсация алуу абдан кыйын экенин бир нече жолу айтышкан – бюррократия, документ чогултуудагы кыйынчылыктарды аташкан. Андан тышкары, жуктуруу жумуш учурунда болгонун далилдөө дагы кыйынга турган. Эгерде медик иш учурунда оору жугузуп алганын далилдей албаса, кенемте төлөнбөйт.

Республикалык штабдын маалыматы боюнча 2021-жылдын 14-январына карата COVID-19га чалдыккан медицина кызматкерлеринин саны 4150, алардын ичинен айыккандары 4040 адам. Каза тапкан медицина кызматкерлеринин саны тууралуу азыркы убакта так маалымат жок. Анткен менен Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматы боюнча 2020-жылдын октябрына карата 84 медкызматкер каза болгон.