Ысык-Көл: уу коргошун ичип жүргөн аял каза болду

6-майда Ысык-Көлдө райондук оруканада уу коргошундун тундурмасын ичкен 60 жаштагы аял каза болду. Бул тууралуу Ысык-Көл облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.

«Жакындарынын айтканына караганда, ал онкологиялык оору менен ооруп, көп жылдан бери уу коргошун менен дарыланып жүрчү экен. Биз азыр маркум дал ушул уу коргошундун тундурмасын ичип каза болду деп айта албайбыз. Өлүмдүн себебин аныктоо үчүн соттук-медициналык экспертиза дайындалды», — деп билдирди ички иштер башкармалгы.

Буга чейин саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министри Алымкадыр Бейшеналиев каза болгон аял 1953-жылы (68 жаш) туулганын.

«Ал эки жылдан бери өзү ысык-көл тамырынан дары жасап, онкологиялык оорусунан үчүн ичип жүрчү экен. Аны тез жардам унаасы менен ооруканага алып барышкан, бирок эки саатан соң реанимация каза болуп калган», — деп ал Kaktus.media басылмасына билдирген.

Ысык-Көл тамыры

Ысык-Көл тамыры же аконит же болбосо күрөшчү, уулуу өсүмдүктөрдүн катарына кирет, ал «ит өлүмү», «кечилдин калпагы», «карышкыр уусу», «уулардын ханышасы» деген аттар менен да белгилүү.

Бийлик, тагыраак айтканда президент Садыр Жапаров менен саламаттык сактоо жана соцөнүктүрүү министри Алымкадыр Бейшеналиев уу коргошунду коронавирустан дарылануу үчүн колдонсо болоорун айтып чыгышкан.

Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев 16-апрелдеги басма сөз жыйынында түз эфирде уу коргошундун коопсуз экенин далилдөөгө аракет кылып, анын кайнатмасын ичип алган. Медициналык изилдөөлөрдө «аконит — өтө уулуу өсүмдүк, аны салттуу медицинада колдонууга жол берилбейт, ал түгүл териге сыйпап койгондо да ал өмүргө өтө кооптуу» деп айтылат.

Ошол эле учурда министр Ысык-Көл тамыры өлүмгө алып келерин дагы эскертип өткөн. Аконитке уулануунун негизги белгилери: шилекей агып, жүрөк айланып, окшуп, ич өтүшү мүмкүн. Андан сырткары дем алуу кыйындап, адам ичиркенип, дене бою чымырагансып, көзү караңгылайт. Жүрөк токтоп калгансып, адам алсыз болуп, муздак тер каптайт жана жүрөк согуу ыргагы бузулат, адам эсинен танып калышы дагы ыктымал.

Аконитти ичкенден кийин адамдын дене табы төмөндөйт, аритмия башталат, баш айланып адам калчылдап-титирейт. Дем жетпей, жүрөк токтоп калгандан адам өлүмгө дуушар болот.

Басма сөз жыйында министрдин уу коргошундун кайнатмасын ичкенин тарткан оператордун абалы начарлаган — бул уулу өсүмдүктү кайнатууда чыккан буудан улам болушу мүмкүн.

Журналисттердин тундурманын курамында канча уу коргошун бар деген суроосуна Бейшеналиев тундурманы президент экөө чогу кайнатып жатканын жана дозасын өлкө башчысы гана аныктаарын айткан.

ДССУ миссиясы короновирусту уу коргошун менен дарылоо боюнча пикирин билдирүүгө үлгүргөн — адистердин маалыматына караганда, бул мүмкүн эмес. Далилдүү медицина боюнча адис Бермет Барыктабасова «министр бешинчи протоколго [коронавирусту дарылоонун] эң уулуу чөптү кошкусу келип жатат», ал эл арасында «ит өлүм» деп аталат деп билдирген.

ТЕМА БОЮНЧА:

Министр Бейшеналиев Бишкекте уу коргошунга уулангандар тууралуу үн катты

Дүйнөлүк окумуштуулар: COVID-19 жана рак илдеттерине уу коргошун жардам бербейт

Күндүн иллюстрациясы: Аконитмен — Кыргызстандын жаңы «куткаруучусу»

Маанилүү окуялардан артта калбаш үчүн «Клооптун» жаңылыктарын Фейсбук, Телеграм, WhatsApp, Инстаграм, Твиттер жана Одноклассникиден да окуңуз.