Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлиги 20-апрелде Бишкекте уу коргошундан (акониттен) үч киши ууланганы жөнүндө кабарлады. Үч киши тең ооруканаларга оор абалда жеткирилген. Кийинчерээк, түнгө жуук уу коргошундан ууланып, ордо калаанын дарыгерлерине кайрылган төртүнчү киши жөнүндө маалым болгон.
Акониттен уулануу
Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматына таянсак, 20-апрелде Бишкек травматология жана илим изилдөө борборунун токсикология бөлүмүнө 61 жана 56 жаштагы түгөй оор абалда келип түшкөн. Алардын болжолдуу диагнозу «Аконитке уулануу жана аритмогендик шок» экени айтылган.
«Бейтаптардын өздөрүнүн айтымында, кайнатманы көптөн бери дарылык максатта ичип жүрүшкөн. Күйөөсүндө жаңы шишик пайда болгондуктан кечээ дозасын көбөйтүшкөн. Тиешелүү дарылануудан кийин жүрөк-кан тамырларынын иштеши калыбына келип, жабыркагандардын абалы турукташкан, интенсивдүү терапия уланууда», — деп билдирет ведомство.
Мындан тышкары, министрлик Улуттук кардиология жана терапия борборунун реанимация бөлүмүнө 20-апрелде келип түшкөн 63 жаштагы жүрөгү начар соккон киши жөнүндө да кабарлады. Буга чейин, бир катар ЖМКларда бул киши уу коргошунду ичкен деген маалымат пайда болгон.
«“Белгисиз заттан уулануу” алдын ала диагнозу коюлган. Дароо негизги реанимация иш-чаралар өткөрүлүп, жүрөк жана дем алуу ишмердиги калыбына келтирилген. Азыркы учурда анын абалы туруктуу, интенсивдүү терапия уланууда.
Токсинди аныктоо үчүн лаборатордук-диагностикалык изилдөөгө кан жана заара алынып, Республикалык соттук-медициналык экспертиза борборуна жөнөтүлдү», — деп билдиришти Саламаттык сактоо министрлигинен.
Кийинчерээк ЖМКлар уу коргошундан ууланган төртүнчү киши жөнүндө маалымдашты. 24.kg басылмасынын маалыматы боюнча, 20-апрелде ууланган киши Бишкек шаардык Травматология жана ортопедия илимий изилдөө борборуна келип түшкөн. Ал уу коргошунду дарыгердин көрсөтмөсүн албай туруп, өз билемдик менен ичкени айтылган.
«Алар биздин кайнатманы алган эмес»
Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев 21-апрелде журналисттерге ууланды деген жарандар министр 16-апрель күнү түз эфирде ичкен кайнатманы алган эмес деп айтып берген.
«Бишкек травматология жана ортопедия илимий-изилдөө борборунун токсикология бөлүмүнө комиссия барып текшерген жана биздин дарылдоодон кийинки эч кандай абалы начарлоо болбогонун аныктаган [...] Жабыркагандар биздин кайнатманы алышкан эмес. Алгач сураш керек да, адамдар эмнеден ууланганын. Булар онкологиялык оорусу бар адамдар экен, мурдатан эле өздөрү ичип жүрүшкөн. Ашказандык рак ооруларына илгертен эле уу коргошун ичишчү. Аларды дарылап жүргөн киши дозасын туура эсептебей койсо керек», — деген ал.
Анын айтымында, ууланган төрт киши өз билемдик менен дарыланып жатышкан. Аялы-күйөөсү уу коргошунду онкологиялык оорусу болгондуктан ичишкен, бирок 20-апрелде дозасын көбөйтүшкөн деп министр кошумчалады.
«Кардиологияга түшкөн эркек киши да өз билемдик менен дарыланып жатыптыр. Бишкек травматология жана ортопедия илимий-изилдөө борборуна келип түшкөн улгайып калган киши да жыныстык безиндеги шишикти өз билемдик менен дарылап жүрүптүр. Анын биздин аконитке эч кандай тиешеси жок», — деп, министр Kaktus.Media’га курган маегинде билдирди.
Министрдин айтымында, Ысык-Көл тамырынан уулангандар мурда деле ооруканага түшүп келген, бирок эч ким аларга көңүл бурган эмес.
«Өткөн жылды ала турган болсок, канча адам уу коргошундан ууланып ооруканага түшкөн [...] Алар бүткүл Кыргызстанда дарыланып жатышат жана биздин аконитке эч кандай тиешеси жок. Аларда СOVID-19 аныкталган эмес. Рак ооруларына кабылгандарга Кыргызстандын бардык жерлеринде эле ичүү сунушталат», — дейт ал.
Ошол эле кезде, министр Бейшеналиев 16-апрелде өткөн маалымат жыйында Ысык-Көл тамырынын кайнатмасы коронавирус менен ооругандардан тышкары 4-даражадагы (айыккыс) онкологиялык оорулууларга да берилип жатканын билдирген. Анын айтымында, министрлик кайнатманы бейтаптар өздөрү сурап кайрылганда берип жатат.
Ысык-Көл тамыры менен дарылоо
Президент Садыр Жапаров 16-апрелде соцтармактардагы барактарында жергиликтүү дарыгерлер коронавирусту дарылоонун ыкмасын тапканын жарыялаган. Бул ыкма — уу коргошун, же аконит менен дарылоо экени белгилүү болгон. Аны медицинада, ал тургай териге сыйпап колдонуу да өмүргө кооптуу. Кийинчерээк Facebook Жапаровдун постторун «жалган маалымат» деп өчүргөнүн билдирген. Бирок президенттин аппаратынан Жапаровдун уу коргошун тууралуу билдирүүлөрү «тышкы кийлигишүүсү» жок эле өчүрүлгөнүн айтышкан.
Жапаровдун коронавирус менен ооругандарды уу коргошун менен дарыласа болот деп айткандарын саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев да кубаттаган.
Уу коргошундун зыяны жоктугун далилдөө үчүн Бейшеналиев 16-апрелде өзү курган басма сөз жыйындын түз эфиринде кайнатма ичкен. Кийин Бейшеналиев медиктер уу коргошундун тундурмасын коронавирус менен жана башка илдеттер менен ооруган бейтаптарга берип жатышканын билдирген.
Бейшеналиев басма сөз жыйында тундурманы ичүү үчүн тамырды канча кошуу керектигин президент Садыр Жапаров гана аныктаарын да билдирген. Ал эми президенттик аппараттан 24.kgнин журналисттерине уу коргошундун кайнатмасы «Ала-Арча» мамрезиенциясында даярдалып жатканын, ал үчүн өзүнчө орун жай берилгенин кабарлашкан.
Мындан тышкары, КТРКда коронавирустун дабасы катары сунушталган уу коргошун жөнүндө сюжет көрсөтүлгөн. Сюжетте табып Хашим Зайналиев бул өсүмдүк боюнча эксперт катары сөз сүйлөгөн. Зайналиевдин үстүнөн «Мыйзамсыз дарыгерлик» беренеси боюнча эки жолу кылмыш иши козголгон, бирок жабыркагандар же алардын туугандары доолорунан баш тартышкан. 2019-жылы апрелде сот табып Хашим Зайналиевге бейтаптарды дарылоого тыюу салган.
Парламенттин Социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттык сактоо боюнча комитетинин жыйынында саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министри Алымкадыр Бейшеналиевди ээлеген кызматынан бошотуп, ордуна компетенттүү кишини дайындоо сунушталган. Министрге ишеним көрсөтпөөнү 9 эл өкүлү колдоп, комитеттин бөлүмү тиешелүү катты премьер-министр Улукбек Мариповго жолдорун билдирген.
Ысык-Көл тамыры же аконит же болбосо күрөшчү, байчечекейлер тукумундагы уулуу чөп өсүмдүгү. Медициналык изилдөөлөрдө «аконит — өтө уулуу өсүмдүк, аны салттуу медицинада колдонууга жол берилбейт, ал түгүл териге сыйпап койгондо да ал өмүргө өтө кооптуу» деп айтылат.