Бийлик чек ара аймагында жабыркагандарга берилүүчү кенемтенин өлчөмүн аныктады

Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлиги Баткен облусундагы куралдуу жаңжалда набыт болгон жана жабыр тарткандардын үй-бүлөсүнө кенемте төлөө тууралуу токтомдун долбоорун коомдук талкууга алып чыкты. Документке ылайык, акчалай компенсация мамбюджеттин резервинен бөлүнөт. Анын суммасы төмөндөгүдөй:

  • 1 миллион сом — каза тапкандардын үй-бүлөсүнө;
  • 100 миң сом — өтө оор жаракат алгандарга*;
  • 50 миң сом — оор жарадар болгондорго*;
  • 30 миң сом — ок жеп жеңил жарадар болгондорго*

*Жабыр тарткандар соттук-медициналык экспертизанын жыйынтыгын көрсөткөндө гана кенемте алаары белгиленет.

Жаңжалда каза тапкандардын үй-бүлө мүчөлөрүнө аялы же күйөөсү, же маркумдун ата-энесинин бири кирет. Эгерде көз жумган адамдын аялы жана ата-энеси жок болсо, анда кенемтени аны менен дайыма чогу жашап жүргөн үй-бүлө мүчөсү алат деп документте айтылат.

Кенемте төлөө боюнча талаштуу маселелерди комиссия чечет. Анын курамында Баткен облусунун ыйгарым укуктуу өкүлүнүн башчысынын социалдык маселелер боюнча орун басары, жергиликтүү администрация жетекчисинин орун басары, облустук Үй-бүлөлүк медицина борборунун жетекчиси жана саламаттык сактоо боюнча координатор кирет.

Кенемте алуу үчүн каза тапкандардын туугандары жана жарадар болгондор жашаган жериндеги жергиликтүү социалдык өнүктүрүү органдарына арыз менен кайрылышы керек.

Буга кошумча, документте чек ара жаңжалында жаракат алган адамдын кийинки эки жылы эсепке алынган. Эгерде эки жыл ичинде кайтыш болсо, туугандарына мамлекет кенемте төлөп берет. Бирок ага чейин алып жүргөн каражат кемитилет.

Чек арадагы ок атуу

Кыргыз-тажик чек арасында жаңжал 28-апрелде Көк-Таш айылында жайгашкан «Головной» суу бөлүштүрүүчү жайында башталган. Анда тажик тарап мамычалардын биринде байкоочу камера орнотууга аракеттенген. Бирок кыргызстандыктар буга каршылык көрсөтүп эки тарап бири-бирине таш ыргыта баштаган.

Чыр куралдуу кагылышууга айланып, Кыргызстандан 189 киши жарадар болгон. Анын ичинен 36 кыргыз жараны каза тапкан. Набыт болгондордун арасында 12 жаштагы өспүрүм кыз жана 4 жашар наристе, ошондой эле, үч кыргызстандык аскер бар.

Эң көп жоготуулар Көк-Таш айылындагы «Головной» суу бөлүштүрүүчү жайында катталган — анда тажик тараптан атылган миномёттон 25 киши көз жумган.

Кыргызстандын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу кагылышууда 129 турак үй жана 84 объект жабыркаганын маалымдады.

Ок атууну биротоло токтотуу келишими 1-майда Кыргызстан менен Тажикстандын Улуттук коопсуздук комитетинин башчылары жолугуп, эки тарап «максаттуу макулдашууга» жетишип, төрт пункттан турган протоколго кол койгондон кийин мүмкүн болгон.

Ал эми 3-майда эки тарап кошумча күчтөрдү жана каражаттарды мамлекеттик чек ара тилкесинен туруктуу жайгаштырылган жайларына чыгарып кетүүнү аягына чыгарышкан.

Тажикстандын бийлиги каза болгондор жана жарадар болгондор тууралуу маалыматты 6-майда гана жарыялаган. Ага ылайык, куралдуу кагылышуунун натыйжасында 19 адам курман болуп, 87 тажикстандык жарадар болгон.

Кыргызстандын Башкы прокуратурасы тажик аскерлердин аракеттерин «аскердик агрессия» катары баалап, 2-майга карата чек арадагы жаңжал боюнча 11 кылмыш иши козголгон.

Ал эми 10-майда Башкы прокуратура тажик тарап 10 кыргызстандыкты барымтага алган факты боюнча «Кыйноо» беренеси менен сотко чейинки өндүрүш ачылганын маалымдаган.