БШК Ош шаарында шайлоонун жыйынтыгын жокко чыгарды

Борбордук шайлоо комиссиясынын 11-майдагы жыйынында Ош шаардык кеңешине 11-апрелде өткөн шайлоонун жыйынтыгын жокко чыгарды. Бул күнү шаардыктар депутаттарды шайлаган жана жаңы Конституцияны кабыл алуу боюнча референдумга катышкан.

Борбордук шайлоо комиссиясынын жумушчу тобу Ош шаардык кеңешине өткөн шайлоонун жыйынтыгын жокко чыгарууну сунуштаган. Анткени Ошто өткөн шайлоодо мыйзам бузуулар массалык мүнөзгө ээ экени жана бул шайлоо кампаниясынын легитимдүүлүгүнөн күмөн жаратары айтылган.

Жумушчу топ БШКга Ош шаарындагы 27 шайлоо участкасында шайлоонун жыйынтыгын жокко чыгарууну жана 21-апрелде Оштун АШКсы тарабынан Ош шаардык кеңешине өткөн шайлоонун жыйынтыгы боюнча протоколду жокко чыгарууну сунуштаган.

Мындан сырткары жумушчу топ президент Садыр Жапаровго Ош шаардык кеңешине шайлоону кайра дайындоо тууралуу кайрылуу жолдонушу керек деп эсептейт. Ошондой эле, шайлоонун жыйынтыгын жокко чыгарууга себеп болгондорду шайлоого катыштырбоо жана Ош боюнча аймактык шайлоо комиссиясынын жоопкерчилигин кароо айтылган

Жогорудагы билдирүүнү БШКнын жумушчу тобунун мүчөсү Медина Кутбердиева Боршайкомдун 11-майдагы жыйынында окуп берди. Андан соң БШКнын төрайымы Нуржан Шайлдабекова жумушчу топтун сунуштарын добушка койду. Боршайкомдун сегиз мүчөсү сунушту колдоп, төртөө каршы добуш берди. Жыйынтыгында Шайлдабекова Ош шаардык кеңешине өткөн шайлоонун жыйынтыгы жокко чыгарылганын айтты.

ИИМ каттаган мыйзам бузуулар

ИИМдин өкүлдөрү БШКнын жыйынында Ош шаары боюнча алты иш тергелип жатканын билдиришти. Добуш сатып алуу фактысына байланыштуу 12 арыз түшкөн. Анткен менен 11 учур боюнча маалымат такталган эмес.

«Массалык каттоо боюнча бир иш, имараттан сырткаркы шайлоо боюнча төрт иш, добуштарды сатып алуу боюнча бир иш тергелип жатат. “Ата-Журт Кыргызстан” партиясынан талапкер болгон Болот Баетов боюнча иш Жоруктар кодекси менен тергелип жатат», — деди ИИМдин өкүлү.

Ал эми Жоруктар кодекси боюнча 22 факт катталган. Анын ичинде КЖБРге админресурс колдонуу боюнча эки иш, майда бейбаштык боюнча эки факт жана журналисттик ишмердүүлүккө тоскоолдук кылуу боюнча бир факт КЖБРге катталган. Бул боюнча иштер кыскартылганы айтылды.

Буга чейин Борбордук шайлоо комиссиясынын төрайымынын орун басары Абдыжапар Бекматов беш кеңештин жыйынтыгы боюнча талаш жаралып атканын билдирген.

«Бишкек, Ош жана Токмок шаарларындагы шайлоонун жыйынтыктарына карата арыз-дооматтар БШКнын жана укук коргоо органдарынын кароосунда. Мындан тышкары Базар-Коргон районунун Арстанбап жана Ноокендеги Бүргөн айылдык кеңештеринин да жыйынтыктары чыга элек. Ал жерлерде да арыздар бар. Биз аларды мүмкүн болушунча тезирээк караганга аракет кылып жатабыз», — деген Бекматов.

Буга чейин, 12-апрелде, Ош шаардык кеңешке аттанган «Бир Бол» партия Ош аймактык шайлоо комиссиясына кайрылып, бир нече шайлоо участкаларындагы добуш берүүнүн жыйынтыктарын жокко чыгарууну өтүнгөн. Анткен менен Оштун АШКсы бул арызды канааттандырган эмес.

Ал эми 26-апрелде «Бир Бол» Боршайкомго кайрылган. Партиянын өкүлдөрү Оштун АШКсы 21-апрелде протокол кабыл алып жатып «Бир Бол» көрсөткөн мыйзам бузууларга толук көңүл бурбаганын билдиришкен.

Ош шаардык кеңешке шайлоо аяктап, алдын ала жыйынтыктар жарыяланганда алты партия — «Улуттар биримдиги», «Ишеним», «Республика», «Бүтүн Кыргызстан», «Улуу Журт» жана «Бир Бол» — шайлоонун жыйынтыгын тааныбай турганын билдиришкен. Алдын ала жыйынтыктар боюнча Ош шаардык кеңешке «Ата-Журт Кыргызстан», «Улуттар Биримдиги», «Ыйман Нуру» жана «Ынтымак» партиялары өткөн.

Партиялар шайлоо «ыплас» өткөнүнө, буга тиешелүү органдар чара көрбөгөнүнө нараазы болушкан. Айрыкча партиялар «Ата-Журт Кыргызстан» партиясы «админресурс колдонгонуна, добуш сатып алганына жана мыйзамсыз иштерге барганына» даттанышкан.

Ошондой эле айрым нааразы болгон партиялардын өкүлдөрү митингге чыгышкан.

ТЕМА БОЮНЧА:

Ош: Мамкызматкерлер жана «Биримдик» менен байланышы барларды жыйнаган «Ата-Журт Кыргызстан»