Ош шаарында шайлоонун жыйынтыгына макул болбогондор митингге чыкты

Ош шаарынын борбордук аянтында шайлоонун жыйынтыгына нааразы «Улуу-Журт», «Бүтүн Кыргызстан» жана «Бир Бол» партияларынын өкүлдөрү чогулушту. Алар 11-апрелде өткөн шайлоо добуш сатып алуу, административдик ресурс колдонуу менен өткөнүн айтып, шайлоонун жыйынтыгын тааныбай турганын билдиришти. Ошондой эле, анын жыйынтыгын жокко чыгарууну талап кылышты.

«Бир катар партиялар ачык эле добуш сатып алып жатышты. Акчанын күчү менен келген партиялар элге кандай кызмат кылышат?! Мыйзам бузуулар көп болду. Шайлоо мындай өтсө анда башында эле мыйзамга киргизип коюшпайт беле! Акчалуулар гана депутат болсун, акчасы жоктор үйдө отургула дешсе, анда биз шайлоого аттанбайт элек. Биз бул шайлоонун жыйынтыгын тааныбайбыз», — деди «Улуу журт» партиясынын өкүлү Айбек Айдаралиев.

Ал эми «Бүтүн Кыргызстандын» өкүлү Улан Канат уулу нааразы болгондор тиешелүү органдарга расмий кайрылуу даярдап жатканын билдирди.

«Кечээги шайлоо “ыплас” өттү. Ачык эле добуш сатып алууларды тиешелүү органдар байкап турса дагы эч кандай чара көрүшкөн жок. Эгерде шайлоо таза өткөндө бул жерге чыкпайт элек. Азыр бул жерде үч партиянын өкүлдөрү келдик. Шайлоонун алдында «Улуу-Журт», «Бүтүн Кыргызстан», «Бир Бол», «Ишеним», «Республика» жана «Улуттар Биримдиги» партиясынын өкүлдөрү биригип, мыйзам бузууларга көз салабыз деп сүйлөшкөнбүз. Азыр келе албай калган партиялардын дагы себептери бар. Шайлоодон өткөн үч партия биздин катарга кошулган эмес», — деди «Бүтүн Кыргызстандын» өкүлү.

Чогулган партиялардын өкүлдөрү 12-апрель саат 17:00дө кайра чогулуп, митинг уланаарын билдиришти.

Жогоруда аты аталган алты партия 11-апрелде шайлоодон кийин билдирүү таратып, шайлоонун жыйынтыгын тааныбай турганын айтышкан.

Ошондой эле, нааразылык акциясы 11-апрелде түндө Бишкекте болду. Анда шаардык кеңешине өтпөй калган бир нече партиянын өкүлдөрү БШКнын имаратынын алдына митингге чыгышкан. Чогулган 50гө чукул адам шайлоо таза өткөн жок, көптөгөн добуш сатып алуу фактылары болгонун билдиришкен.

Нааразычылык акциясына «Социал-демократтар», «Кыргызстан комунисттер партиясы», «Улуу-Журт», «Кыргызстандын социалисттик партиясы», «Реформа», «Тынчтык» жана «Улутман» партиялары чыгышкан. Кийинчерээк аларга «Бүтүн Кыргызстандын» өкүлдөрү да кошулган.

Тема боюнча:

Шайлоо-2021. Шаардык кеңештерди шайлоонун жыйынтыгы — түз эфир

Ошто алты партия шайлоонун жыйынтыгын тааныбай турганын билдирди