«Бир арык жок экен». Журналист Ыдырыс Исаков Баткен мэриясынын имаратынан чыгарылды

Эркин журналист Ыдырыс Исаков 11-майда Баткен облусунун Баткен шаарына барды. Ал калаанын абалы менен таанышып, мэрдин милдетин аткаруучу Акылбек Орозовго суроо узаткандан соң мэриянын имаратынан чыгарылды.

Акылбек Орозов — Баткен шаарынын мэринин вице-мэри болуп 5-майда дайындалган. Ага чейин Баткен районунун акими болуп турган. Исаковдун айтымында, мэрлик кызматка учурда негизги талапкер Орозов болуп турат.

Журналист Орозовго шаарды өнүктүрүү боюнча кандай иштерди аткара тургандыгы тууралуу суроо узаткан. Бирок Орозов жумушка 11-майда чыккандыгын айтып, «буюрса баары акырын болот» деп жооп берген.

Орозовдун айтымында, Баткен шаарын өнүктүрүү боюнча программа түзүлгөн жана анын баары ишке ашырылат. Анткен менен журналисттин «ошол программадан мисал келтириңиз» деген өтүнүчүн аткарган эмес.

«Азыркы учурда эң башкысы биз элди тынчтандырып, өз үйүнө кайра кайтаруу. Башкы максат ушул. Жаңы киши болгонум үчүн программа менен тааныша элекмин. 1-2 күндөн кийин таанышып, иш баштайм. Андан кийин кандай иш алып барам аны өзүм билем», — деген Орозов.

Андан соң ал башка суроолордун берилгендигине карабай өз иш бөлмөсүн көздөй басып кеткен. Журналист артынан ээрчип барып берген суроолоруна жооп ала алган эмес.

«20 жылда бир тал да эгилбептир»

Исаков Орозовдон жооп ала албагандан кийин имараттын биринчи кабатына түшүп, мэриядагы кооптуу болгон электр зымдары тууралуу сөз кылган.

«Мэриянын имаратына киргенде мэрдин, андан кийин вице-мэрдин кабинеттери бар. Анан кире беришинде эле щит турат [щитти көрсөтүп — ред.], электр зымдары болсо “ачык” турат», — деген Исаков.

Ошол учурда өзүн мэриянын басма сөз катчысымын деп тааныштырган киши келип, Исаковго Баткен окуясынан кийин келип «туура эмес кылгандыгын» айткан. Анда Исаков баткендиктерге келген гуманитардык жардам эмне үчүн кампада сакталбай, коридордо жатканы тууралуу сураган.

«Гумжардамдарды атайын кампага алып барып ошол жактан таркатсаңар болбойбу имаратта эмес, кийин жергиликтүү эл “жардамды мэриянын кызматкерлери жеп алды” деп айтышынан коркпойсунарбы», — деп суроо салган ал.

Басма сөз катчы «кампада да бар, мэриянын имаратында да таркатылып жатат» деп айткандан кийин үч күзөтчү келип, Исаковду жана анын операторун имараттан күч менен чыгарышкан.

Мэриядан чыгарылгандан соң Исаков жергиликтүү бийликтин алдындагы жолду көрсөтүп, ага жарым-жартылай асфальт төшөлгөнүн сынга алган.

«Мына караңыз мэриянын алды асфальт болгон, ал эми аркы бет асфальт эмес. Мэриянын кызматкерлеринин машиналары гана мындай асфальттанган жерде турушу керек да, башка унаалар ылайда, көлчүктө, чылада тура берсе боло берет экен [...] Жада калса бир арык жок экен, 20 жылда бир тал да эгилбептир», — деген Исаков.