«Топуктуулук жана кечиримдүүлүк». Руханий өнүгүү концепциясында эмнелер жазылган?

Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги 30-апрелде коомдук талкууга Инсандын руханий-адеп-ахлактык өнүгүүсү жана дене тарбиясы жөнүндө Концепциянын долбоорун коомдук талкууга чыгарды.

Концепцияны иштеп чыгууга 29-январда президент Садыр Жапаров кол койгон. Концепциянын максаты «ички саясаттын эң маанилүү багытын — жогорку моралдык ченемдерди, каада-салттарды, салттуу болгон үй-бүлөлүк жана коомдук баалуулуктарды, сергек жашоону өздөштүрүү, Кыргызстан элдеринин маданияттарынын дөөлөтүн, кайталангыстыгын жана бирдиктүүлүгүн чагылдырган жалпы адамзаттык баалуулуктардын системасына өтүү аркылуу жарандарды тарбиялоону колдоо».

Жарлыкка ылайык, Концепцияны ишке ашырууга ар башка түзүмдөр катышышы керек болчу — министрлер кабинетинен баштап журналисттерге чейин.

Укук коргоо уюмдары жана жарандык коом Жапаровдун жарлыгын сынга алган. Алар адам укуктары тармагына абстракттуу баалуулуктарды киргизүү жарандык коом менен ЖМКга каршы мамлекеттик репрессиялардын күчөшүнө алып келиши мүмкүндүгүн билдиришкен.

Ага карабай Концепция баары бир иштелип чыккан — аны «коомдук уюмдардын, министрлик жана ведомстволордун өкүлдөрүнөн, илимий ишмерлерден турган жумушчу топ» ишке ашырган.

Кыргызстандын адеп-ахлактык жана руханий өнүгүшү үчүн ишке ашыруу сунушталган документте эмнелер жазылганын талдап чыгабыз.

Концепциянын принциптери

Документтин авторлору кыргызстандыктардын адеп-ахлактык өнүгүүсү үчүн тогуз негизги принциптерди белгилешет. Бул:

  • Руханий баалуулуктардын материалдык кызыкчылыктардан артыкчылыктуулугу;
  • Руханий-адеп-ахлактык жана дене тарбиянын бирдей өнүгүүсү;
  • Руханий-адеп-ахлактык тарбияны «элдик наркка, турмуштук бай тажрыйбага жана адамзаттык өрнөк баалуулуктарга» негиздөө;
  • жарандардын иденттүүлүгү жана улуттук ар-намыс аркылуу мамлекеттүүлүктүү бекемдөө;
  • Ар намыстуулук, Мекенге жана элге кызмат кылуу – «ыйык баалууктардын» бири;
  • мамлекеттик бийлик органдарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, алардын кызмат адамдарынын чечимдеринде, аракеттеринде калыстык принцибинин артыкчылыгы;
  • «коомдук жана мамлекеттик кызыкчылыктардын жеке кызыкчылыкка караганда» артыкчылыгы;
  • үй-бүлө, татыктуу тарбиялоо жана сапаттуу билим берүү — руханий-адеп-ахлактык өнүгүүнүн жана дене тарбиялык жактан тарбиялоонун негизи;
  • боорукердик, кайрымдуулук, жардамга даяр болуу жана адилеттүүлүк — социалдык мамилелердин негизи.

Үй-бүлөдөгү концепция

Документке ылайык, «ата-бабалардын даңктуу жолун улантуу, чыныгы мекенчилди тарбиялоо – үй-бүлөнүн жана ата-эненин башкы милдети».

Ошондой эле, ата-энелер жаш муундардын ички дүйнөсүн «элдик жана дүйнөлүк баалуулуктардын нугунда» байытуусу керек, ошондой эле өрнөктүү, мээримдүү жүрүм-турум үлгүсү менен тарбиялоосу керек.

«Социалдык-экономикалык жана саясий өксүктөр, жумушсуздук, ички жана тышкы миграциялардын күчөшү сыяктуу кыйынчылыктарга карабастан үй-бүлө, ата-эне жаш муундардын саламаттыгын камсыз кылуусу, руханий-адеп-ахлактык сапаттардын негиздерин бекем түптөөсү, эмгек көндүмдөрүн калыптандыруусу, терең жана мыкты билим алуусуна шарт түзүүсү зарыл», — деп белгилеген долбоордун авторлору.

Концепциянын долбоорунда элдин саламаттыгын жана генофондун чыңдоо – коомдун таалим-тарбиясынын артыкчылыктуу багыттарынын бири деп белгиленген.

«Дени сак эл деген түшүнүк ар бир жарандын аң-сезиминде бекем орношу үчүн спорт жашоонун ажырагыс бөлүгү катары таанылуу менен сергек жашоо көндүмүн калыптандыруу зарыл жана алкоголизм, наркомания менен күрөшүү керек», — деп айтылат долбоордо.

Коомдогу жана мамлекеттеги концепция

Ошондой эле, долбоорго ылайык, үй-бүлө, коом жана мамлекет «ар бир жаран сапаттуу билим алуусуна» кам көрүүсү керек жана балдарды эмгекке тарбиялоого милдеттүү.

Авторлор коомдогу бардык мекеме-уюмдар, өзгөчө үй-бүлө жана билим берүү институттары жаш муундарды жаштайынан жаратмандык эмгекке тарбиялашы керектигин баса белгилеп, коомдогу эң коркунучтуу көрүнүш – жемкорлук жана өзүнүн жеке кызыкчылыктарын гана канааттандыруунун чегинен чыкпаган өзүмчүлдүк экенин кошумчалашкан.

Улуттук жана жалпы адамзаттык баалуулуктарга тарбиялоо

Концепцияда «элдин айкөлдүк сапатына» өзгөчө көңүл бурулган. Долбоордун авторлору «калкыбыздын көөнөрбөс адеп-ахлактык мурастары жана нарк-дөөлөттөрү — таалим-тарбия кенчи» деп эсептешет.

«Айкөлдүк сапаттардын» тизмесине меймандостук, калыстык, чынчылдык, адилеттүүлүк, айкөлдүк, жоомарттык, топуктуулук, сабырдуулук, кечиримдүүлүк, боорукерлик, кайрымдуулук, мекенчилдик дагы кирген.

Концепциянын авторлорунун пикиринде, жаратылышка болгон астейдил мамиле – элдин көөнөрбөс салты. Ошондой эле, «тарбия ишинде элдин турмуштук бай тажрыйбасына жана дүйнөлүк экологиялык маданияттын жетишкендиктерине таянуу — табият менен шайкештикте жашоонун өбөлгөсү».

Ошондой эле авторлор кыргызстандыктар «улуттук баалуулуктардын сулуулугу менен кооздугун» баалай билгенди үйрөнүшү үчүн алардын «эстетикалык табитин» тарбиялоо керек дешет.

Акырында, социалдык мамилелерди жөнгө сала турган кандайдыр бир бирдиктүү салттык ченемди түзүү сунушталууда. Ошол эле учурда ал укуктук эле эмес, диний ченемдерге да шайкеш келиши керек.

Концепция жана тил

Долбоорго ылайык, «мамлекеттик тилди жана этностордун өз эне тилин өздөштүрүүсү, ал тилдерде сабаттуу сүйлөй жана жаза билүүсү, ар бир жарандын атуулдук милдети».

Ошону менен бирге өлкөдө расмий жана дүйнөлүк тилдерди үйрөнүү, күндөлүк турмушта пайдалана билүү – ар бир атуулдун, коомдун өнүгүүсүнүн муктаждыгы.

Патриоттуулук, жарандык өнүгүү, укуктук маданият

Концепциянын ушул бөлүмүндө авторлор «инсандын эркиндиги менен жоопкерчилиги жогорку асыл нарк катары» коомдун көңүл чордонунда болушу зарылдыгын билдиришкен.

Алар «адам укугу жана эркиндиги, милдети жана жоопкерчилиги — мамлекеттин өнүгүүсүнүн башкы чен-өлчөмү жана эл аралык кадыр-баркынын көрсөткүчү» экенин белгилешкен.

Ошондой эле, Концепциянын долбоорунда, сыйлоо, сыпайы жүрүм-турумду өздөштүрүү, улуттун уңгусуна туура келген жалпы адамзаттык маданияттын өрнөктөрүн сиңирүү, өзүнө сын көз менен карай билүү, жаңычылдыкка умтулуу – атуулдук тарбиянын жана жарандык өнүгүүнүн негизги жолдорунун бири экени айтылган.

Мамлекеттин коопсуздугунун булагынын бири – бул өлкөдөгү этностор арасындагы ынтымак-ырашкерлик, бири-биринин укуктарын, маданиятын сыйлай билүүгө жетишүү.

Кыргыз мамлекетинин бүтүндүгүн сактоо

Долбоордо жазылгандарга ылайык, руханий-адеп-ахлактык тарбиянын негизи — «кыргыз мамлекетинин бүтүндүгүн сактоо». Аны «элдин биримдигин бекемдөө» жана «мамлекеттин эгемендигин ыйык санаган мекенчилдик» аркылуу сактоо керек.Ошондой эле документтин авторлору элдин кызыкчылыгын жогору коюп, өз элинин тарыхына, маданиятына аяр мамиле жасап, ата-бабалардын каарман күрөшү менен сыймыктана билген улуттук ар намыстуулукту, атуулдук бийик аң-сезимди өнүктүрүү керек деп эсептешет.

Бул концепциянын эмне кереги бар?

Президент жана долбоордун авторлору дагы анын зарылчылыгын «ааламдагы орчундуу көйгөйгө айланган руханий адеп-ахлактуулуктун өксүшү» менен негиздешкен.

«Өлкөнүн жарандарын атамекендик дөөлөттөрдүн, элдик нарктардын жана жалпы адамзаттык баалуулуктардын негизинде тарбиялоо, жарандык өзүн-өзү таануусун, алардын жарандык маданиятын калыптандыруу маанилүү», — деп айтылат долбоордо.

Ошол эле мезгилде, долбоордун авторлору белгилешкендей, адамдын укуктары, эркиндиги, милдеттери жана жоопкерчилиги «ар бир коомдо эң жогорку баалуулук болуп саналат».

«Мамлекеттик жана коомдук кызыкчылыктар жеке кызыкчылыктардан жогору турууга тийиш» — бул концепциянын өзөгүн түзгөн негизги принциптеринин бири.

Концепция кантип жүзөгө ашырылат?

Аны жүзөгө ашыруу үчүн долбоорго ылайык, өзүнчө түзүлгөн иш-чаралар планы иштейт. Авторлор ага «массалык, топтук, андан тышкары тарбиянын жекече формаларын» кошууну сунушташат.

Концепция ишке киргизилгенден кийин Кыргызстандын жараны «мамлекеттин бүтүндүгүн, анын кызыкчылыгын жогору койгон, терең жана сапаттуу билимди өздөштүргөн, өз элинин тарыхы, ата-бабалардын каарман күрөшү менен сыймыктанган атуулдук ар намыстуулук, элдин ынтымак- биримдиги идеясына берилген адамдык бийик касиетке» ээ болуусу керек.

Тарбиялоонун натыйжасында жарандарда эне тилин сүйгөн, элинин каада-салттарын, нарк-дөөлөттөрүн, улууну урматтап, кичүүнү ызаттаган, меймандостукту аздектеген инсан калыптанат.

Концепцияны киргизүүнүн жыйынтыгы менен жарандар эмгекчил, жоопкерчиликтүү, адилеттүү, кайрымдуу, жоомарт, жаратылышка астейдил мамиле кылган, эң башкысы элдин алдында милдет-парзды терең тутунган атуул болушу абзел.

Ошондой эле бийлик жарандарга мээнеткечтик, ак ниеттүүлүк, ар намыстуулук жана коомдо урматталганы үчүн дем берип, «терс иш кылгандарды» жазалоону талап кылат.

Бирок кандай жүрүм-турум «жаман» деп сыпатталаары концепцияда ачык айтылган эмес.

Инсандын руханий-адеп-ахлактык өнүгүүсүнө коомдогу бардык институттар – мамлекеттик, коомдук уюмдар, жалпыга маалымадоо каражаттары, илимий-изилдөө мекемелери катышат. ЖМКга пропагандалоо милдети жүктөлөт.

*Президент Концепция тууралуу жарлыкка кол койгондон кийин юристтердин сынына кабылган. Алар бийлик ЖМКнын колдонууну пландап жатат деп айтышкан.

Президенттин жарлыгында ЖМКлар салттуу коомдун баалуулуктарын, үй-бүлө, сергек жашоо, ата мекенди сүйүү жана элге кызмат кылуунун үлгүлөрүн үгүттөшү керек деп белгиленген. Мындан тышкары, ЖМКга эл аралык деңгээлде өлкөнү жакшы жагынан көрсөтүшү керектиги сунушталган.

«Теңчилик үчүн коалиция» уюму белгилегендей, Конституцияга ылайык, ар бир адам эркин ой жүгүртүүгө, сөз эркиндигине жана каалаганын жазууга укуктуу. Улуттук, этникалык, расалык, диний каршылыкты, гендерлик жана башка социалдык үстөмдүктү жайылтуу, басмырлоого жана зомбулукка чакырыктан башка учурларда, эч ким өз пикирин айтууга же андан баш тартууга мажбурланбашы керек. Ошондой эле «Жалпыга маалымдоо каражаттары жөнүндө мыйзамда» цензурага тыюу салынган.

«ЖМКнын максаты бейтарап маалымат жеткизүү, плюрализмди бекемдөө, демократиялык мамлекет менен коомго шайкеш келген баарына бирдей мамиле жасоо жана дискриминация кылбоонун негизинде бардык адамдардын оюн айтуу эркиндигин коргоо эсептелет, анын милдетине индустриализацияга чейинки доорго тиешелүү гипотетикалык көндүмдөрдү пропагандалоо кирбейт. ЖМК аркылуу салттуу нарративдерди калыптандыруу цензурага жана профессионалдык журналистиканын стандарттарын көзгө илбей калууга алып барышы мүмкүн», — деп билдирет Теңчилик үчүн коалициясы.

ДАГЫ ОКУҢУЗ:

Жапаров президент катары алгачкы жарлыктарга кол койду