Өлкөдө инсандын руханий-адеп-ахлактык өнүгүүсү жөнүндө концепция даярдалат

Кыргызстанда «Инсандын руханий-адеп-ахлактык өнүгүүсү жана дене тарбиясы жөнүндө» концепциясынын долбоорун иштеп чыга турган жумушчу топ түзүлдү. Бул тууралуу буйрукка өкмөт башчы Улукбек Марипов 19-мартта кол койду.

Өкмөттүн буйругу «Акипресс» басылмасында жарыяланды. Бирок, азырынча бул документ Юстиция министрлигинин маалымат базасында жок. Ошол эле учурда, «Акипрессте» жарыяланган маалыматтын чындыгын «Клооптун» журналистине өкмөттөн бышыкташты.

Топтун өзү президент Садыр Жапаровдун жарлыгы менен түзүлүп, өлкө башчысы ага 29-январда кол койгон.

Буйрукта жумушчу топ 30-мартка чейин иштеп, өкмөткө иштеп чыккан концепциясын киргизери айтылат.

Жумушчу топ эмне иш кылат?

Президенттин буйругуна ылайык, ведомстволор аралык топ руханий-адеп-ахлактык өнүгүү тармагындагы колдонулуп жүргөн ченемдерди жана концепцияларды кайра карап чыгат, андан соң аларды азыркы даярдалып жаткан концепцияга шайкеш келтирет.

Ошондой эле, жаңы концепцияны иштеп чыгууда бир нече принциптер эске алынышы керек:

  • руханий-адеп-ахлактык жүйөнүн материалдык кызыкчылыкка караганда артыкчылыгы;
  • бийлик органдарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, алардын кызмат адамдарынын чечимдеринде, аракеттеринде калыстык принцибинин артыкчылыгы;
  • мамлекеттин жана коомдун негизи катары тарбиячылардын, мугалимдердин, врачтардын жана аскер кызматчыларынын статусунун барктуулугу жана баалуулугу;
  • патриоттуулук, каармандык, мамлекеттик жана муниципалдык бардык кызматтын элге жана мекенге берилгендиги жана кызмат кылуусу:

Жумушчу топту маданият, маалымат жана туризм министри Кайрат Иманалиев жетектеди. Андан тышкары, жумушчу топко өкмөт аппаратынын жетекчисинин орун басары жана билим берүү министринин орун басары да кирди.

Жумушчу топтун түзүмүнө өкмөттүн бардык облустардагы өкүлдөрү, КТРК жана ЭлТР каналдарынын башкы директорлору да кирди.

Президенттин жарлыгында дагы эмнелер жазылган?

Ушул эле жарлыкта президент маданият, билим берүү жана спорт тармагында мамлекеттик органдарга бир катар тапшырмаларды берди. Аталган органдар Этикалык жана эстетикалык тарбия боюнча предметтерди окуу программаларына киргизиши керек.

Муну менен бирге Жапаров ар бир жарандын чыгармачыл жөндөмдөрүн ачуу жана өнүктүрүүгө, ошондой эле балдарды салттуу, руханий-адеп-ахлактык жана үй-бүлөлүк баалулуктар менен тарбиялоо үчүн шарт түзүүнү тапшырды.

Ошол эле учурда, буйрукта президенттин жарлыгындагыдай эле, руханий-адеп-ахлактык баалуулуктарды өнүктүрүү дегенде эмне жөнүндө кеп болору так жазылган эмес.

Президенттин жарлыгында жалпыга маалымдоо каражаттары үчүн дагы тапшырмалар каралган — ЖМКлар салттуу коомдун баалуулуктарын, үй-бүлө, сергек жашоо, Ата Мекенди сүйүү жана элге кызмат кылуунун идеалдарын үгүттөшү зарыл.