«Биримдик» октябрдагы шайлоодо «Кадастр» ишканасынан 20 миң доллар алганы аныкталды

Бишкектин Биринчи май райондук соту 15-апрелде Жер ресурстары боюнча мамлекеттик агенттиктин директору Каныбек Ботобаевдин ишине байланыштуу чечим чыгарды.

Ботобаевди кол алдындагы кызматкерлерден акча чогултканы үчүн УКМК 2020-жылды декабрда эле кармаган. Жакында чыккан соттун чечиминен кийин Ботобаевдин ишинин жаңы жагдайлары ачыкка чыкты.

«Биримдиктин» акча чогултуу иши

Жер ресурстары боюнча агенттиктин башчысынан тышкары бул иште финполдун экс-башчысы Бакир Таировдун дагы катыштыгы болгон.

Сот актысынан белгилүү болгондой, Ботобаев менен Таиров жең ичинен сүйлөшүп, «Кадастр» ишканасынын филиалынын кызматкерлеринен акча чогултушкан. Чогулган каражат 2020-жылдын октябрь айындагы парламенттик шайлоонун алдында саясий партиялардын бирине жумшалган.

Таиров* менен Ботобаевден тышкары бул ишке «Кадастр» мамлекеттик мекемесинин директору Абдумуктар Маматов* дагы аралашкан. Ал 2020-жылы декабарда кол алдында иштегендер акча чогултууга байланышкан иш боюнча кармалган.

*Таировго карата чыккан сот өкүмү анын Ботобаев жана Маматов менен байланышын тастыктайт. Ушундай эле өкүм Маматовго дагы чыккан, анда сүрөттөлгөн акча чогултуунун схемасы дагы окшош.

Үч айыпталуучуга карата чыккан сот өкүмдөрүн бул жактан окуңуз.

Финполдун экс-башчысы Бакир Таиров, Жер ресурстары боюнча мамлекеттик агенттиктин директору Каныбек Ботобаев, «Кадастр» мамлекеттик мекемесинин директору Абдумуктар Маматов

Схема кандай жол менен иштеген

Сот актысына ылайык, Таиров менен Ботобаев үгүт иштери башталганда жолуккан.

«2020-жылы сентябрь айынын башында шайлоо кампаниясы жүрүп жаткан маалда Таиров кызмат абалынан пайдаланып, жардамчысы аркылуу Ботобаевди өзүнүн иш бөлмөсүнө чакырган», — деп жазылат документте.

Ушул жолугушууда Таиров партиялардын биринин Жалал-Абад облусу боюнча куратору экенин, партиянын көп добуш алышына жооп берерин айткан. Ал эми сот актысында партиянын аталышын жашырып коюшкан. Бирок, бир катар басылмалар, атап айтканда «АКИpress» Таиров «Биримдикке»* иштегенин жазып чыккан.

*Дал ушул «Биримдик» партиясын болуп өткөн парламенттик шайлоодо экс-президент Сооронбай Жээнбеков менен байланыштырылган. Партиянын тизмесинде экс-президенттин иниси Асылбек Жээнбеков болгон.

Мындан тышкары, «Биримдик» партиясы ошол убактагы бийликке байланышы бар болгондуктан административдик ресурсту колдонууга айыпталган.

Сот актысынан белгилүү болгондой, «Биримдик» партиясынын пайдасына көбүрөөк добуш алуу үчүн Таиров Ботобаевге өзүнүн кызматкерлери менен иш алып барууну тапшырган.

«Таиров эгер тапшырма аткарылбаса, Ботобаевдин ээлеген кызматы кайрадан каралып, бул иш боюнча аткарган иштерине баа берилет деп айткан», — деп белгиленген документте.

Андан соң Ботобаев финполдун экс-башчысынын тапшырмасы менен «Кадастр» мамлекеттик мекемесинин директору Абдумуктар Маматов менен жолугушуп, ага «“Кадастрдын” ар бир бөлүмдөрүнөн “Биримдик” партиясына жардам берүү үчүн 1000 доллардан чогултууну тапшырган.

Маматов Ботобаевдин тапшырмасын аткарган: «Кадастрдын» бир нече бөлүмдөрүнүн башчыларын чогултуп, аларга мамлекеттик мекеменин бардык филиалдарынын директорлоруна телефон чалып, жыйналышка чогулткула деп айткан.

Андан соң Маматов «Кадастрдын» Чүй облусундагы 8 филиалынын директорлорун жыйынга чогултуп, «Биримдикти» колдогонго алардан 6 миң доллар талап кылган.

Сот актысынын маалыматына ылайык, Маматов Ботобаев менен бирге 2020-жылдын сентябрынан тартып октябрдын башына чейин «Кадастрдан» жалпы 8 100 доллар алган.

Андан ары эмне болгон?

2020-жылдын 25-сентябрынан кийин Маматов Ботобаевдин иш бөлмөсүндө жеке өзүнө «Биримдик» партиясы үчүн 5 миң доллар берген.

Ботобаев өзү дагы акча чогулткан: иш сапары учурунда «Кадастрдын» Сузак, Кара-Суу, Ош, Өзгөн жана Баткен райондорундагы бөлүмүнөн 9 миң доллар алган. Дагы 14 миң долларды Ботобаев ушул эле филиалдардан сентябрда Бишкекке келгенден кийин жыйнап алган.

Ботобаев колго түшкөндөн кийин тергөө менен келишим түзүп, сотто күнөөсүн мойнуна алган. Натыйжада сот Ботобаевге 260 миң сом айып пул төлөө өкүмүн чыгарган.

Ал эми Маматов менен Таировчу?

Бакир Таиров менен Абдумуктар Маматов да Биринчи май райондук соттун чечими менен айыпка жыгылган — 265 миң жана 260 миң сом.

Айыппулдан тышкары Таиров бюджетке 1 млн 181 миң сом төлөп берип, андан соң УКМКнын тергөө абагынан бошотулган.