«Бюджетке 1,1 млн сом төктү». Финполдун экс-башчысы эч жакка кетпөө шарты менен бошотулду

Биринчи май райондук сотунун басма сөз кызматы финполдун экс-башчысы Бакир Таиров УКМКнын тергөө изоляторунан бошотулганын «Клоопко» тастыктады.

«Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотунун 2021-жылдын 17-февралында чыккан токтому менен шектүү Б. Д. Таиров мурда колдонулган камакка алуу түрүндөгү баш коргоо чарасы сотко чейинки өндүрүш бүткүчө эч жакка кетпөө тил катына алмаштырылды», — деп белгилешет соттон.

Чечим үч себеп боюнча кабыл алынган.

«Прокурор менен Бакир Таировдун ортосунда кызматташуу тууралуу келишим түзүлгөн, ошондой эле анын туруктуу жашаган жери бар, өздүгү документтер менен аныкталды. Мындан тышкары, Таиров республиканын бюджетине 14 миң АКШ доллары [Улуттук банктын 18-февралга карата курсу боюнча 1 млн 181 миң 600 сом] өлчөмүндө каражаттарды төктү», — деп түшүндүрүштү соттон.

Бакиров кандай жол менен акча төккөнү — экономикалык мунапыстын негизинде келтирген зыяндын ордун толтурдубу, тышкы карыздан кутулуу үчүн ыктыярдуу кайрымдуулукпу же таптакыр башка берене менен каражат алындыбы, сот тарабынан түшүндүрүлгөн эмес.

Таировду УКМКнын тергөө абагынан сотко чейин коё бериши мүмкүн экендиги тууралуу маалымат ЖМКларда 9-февралда эле пайда болгон. Атап айтканда, Kaktus.media басылмасы күч түзүмдөрүндөгү өздүк булагына таянып, ал 20 млн сом өлчөмүндөгү мамлекетке келтирген зыяндын ордун төлөп бергенин жана Таировдун баш коргоо чарасын алмаштыруу маселеси жакынкы күндөрү чечилерин жазган.

Бакир Таиров деген ким?

Бакир Таиров 2018-жылдын апрель айынын соңунан тарта финполду жетектеп баштаганга дейре өмүр бою укук коргоо тармагында эмгектенген. Ал бул кызматка дайындалганга чейин ИИМдин Транспорттогу ички иштер башкармалыгында бөлүм башчы болуп иштеген.

2019-жылы «Клооп», «Азаттык» жана OCCRPнин журналисттери Кыргызстандан 700 млн доллардын мыйзамсыз чыгарылып кетиши тууралуу биргелешкен журналисттик иликтөө жарыялашкан. Иликтөөнүн башка фигуранты— экс-бажычы Райым Матраимов болгон. Бирок, Матраимовдор кланынан тышкары иликтөөдө Бакир Таировдун дагы аты аталган.

Журналисттердин колуна тийген маалыматка ылайык, депутат Искендер Матраимовдун жубайы Миновар Жумаева «AKA Immobilien»компаниясынын негиздөөчүсү болуп саналат.

Финполдун эск-башчысы Бакир Таиров дал ушул «AKA» компаниясы менен байланышы бар — Таировдун агасы Искендер «AKA Petroleum» компаниясынын бизнес-өнөктөшү болгон. Искендер Таиров каза болгондон кийин «AKA Petroleumдун» иштери анын жесири Чолпон Элмуратованын жана бир тууган Таировдордун күйөө баласы Токтосун Туманбаевдин колуна өткөн.

2020-жылдын октябрь окуяларынан кийин Таировду, бардык башка министрликтер менен ведомстволордун жетекчилериндей эле кызматтан кетиришкен. Ал эми 2020-жылдын декабрь айында УКМКнын басма сөз кызматы Таиров кармалганын кабарлаган болчу.

Комитеттин маалыматына ылайык, Таиров үстүбүздөгү жылдын октябрь айында маморгандардын биринин жетекчисинен кайсыл бир саясий партияны каржылоо үчүн ири суммадагы каражат алган.