Бакиевдин фейктери Садыр Жапаров менен Камчыбек Ташиевди колдоп жатышат — Temirov LIVE

Temirov LIVE ютуб каналынын журналист-иликтөөчүлөрү жаңы чыгарылган видеосунда Бакиевдин кланы менен байланышы бар фейк аккаунттар, социалдык тармактарда азыркы президент Садыр Жапаров менен анын досун — УКМКнын башчысы Камчыбек Ташиевди кантип колдоп жатышканын айтып беришти.

Журналисттердин айтымында, алар 2 миңге чукул аккаунт жана миңдей комментарийлерди текшерип чыгышкан. Натыйжада журналисттер «Бакиевдин үй-бүлөсүн мекенине кайтаруу боюнча чакырыктарды»* табышкан.

*Курманбек Бакиев Кыргызстандын тарыхындагы экинчи бозгун президент. Ал Кыргызстандан Беларусияга 2010-жылдагы Апрель революциясынан кийин качкан. Кыргызстанда Бакиевдин өзү жана анын үй-бүлө мүчөлөрү сыртынан соттолгон.

«Шек жараткан аккаунттарды топтоп, алардын жазгандарын текшердик. Фейктер менен троллдордун постторун барактап жатып, бардыгы “Бакиевдин мыкты президент” болгонун белгилеп жазган окшоштуктарды таптык. Мисалга алсак, 500 публикациянын ичинен 100 пост Бакиевди колдогон. Ал эми Айнура Белековна деген бирөө Бакиевге арнап, барыбыздын көзүбүзгө жаш алдырган лирикалык поэма жазган», — деп белгилешкен журналисттер.

Фейктер качкын президентти колдоодон тышкары, президент Жапаровду жана УКМКнын башчысы Камчыбек Ташиевди колдогон постторду жазат.

Журналисттердин айтымында, ушул эле фейктер 2010-жылы өлкөнүн түштүгүндө болгон этникалык кагылышууга* убактылуу өкмөттүн мүчөлөрүн** күнөөлөп, «Бакиевдерди Кыргызстанга алып келүүнү сунушташат».

*10-июндан 14-июнга чейин Ош жана Жалал-Абад шаарларында этникалык өзбектер менен кыргыздардын ортосунда жаңжал чыккан — ал күндөрү Ош менен Жалал-Абаддын көчөлөрүндө коменданттык саат жана өзгөчө абал жарыяланган. Миңдеген имараттар өрттөлүп, аскер кызматкерлери менен милициянын курал-жарагы жана атайын техникасы басылып алынган.

Июнь коогалаңын иликтеген Кильюнендин эл аралык комиссиясынын маалыматына караганда, каза болгондордун саны 470 адамга жеткен. Алардын ичинен 74%ы өзбектер, 25% кыргыздар, ал эми бир пайызды башка этникалык топтун өкүлдөрү түзгөн. Көз жумгандардын 67%га жакыны октон жаракат алган.

Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматына таянсак, Кыргызстандын түштүгүндөгү 2010-жылдын июнь айындагы коогалаңда 426 адам көз жумган, миңден ашуун адам жаракат алып, материалдык чыгым 2,2 млрд деп бааланган.

** Убактылуу өкмөттүн мүчөлөрү Апрель революциясынын башында турушкан. Бакиевдин бийлиги кулатылгандан кийин Убактылуу өкмөт жарым жылга өлкөнү башкаруу функциясын өзүнө алган. Убактылуу өкмөттүн башчысы Роза Отунбаева болгон. Ошондой эле, анын курамына Өмүрбек Текебаев, Алмазбек Атамбаев, Азимбек Бекназаров ж.б саясатчылар кирген.

«Бул посттор менен комментарийлерди көргөндөн кийин Бакиев кайра кайтып келүүгө негиз даярдап жаткандай сезим туулат»,— деп журналисттер белгилешет .

Кыргызстандагы фейктер

Кыргызстандагы белгилүү саясатчылар жана айрым партиялар популярдуулугун арттыруу, элге жагынуу же бирөөнү каралоо үчүн фейк аккаунттардын армиясын колдоно турганын журналисттер көп жолу жазышкан.

Бул фейк аккаунттар коомдук пикирди бурмалап, жалган дискуссия жана багыттарды пайда кылат. Көбүнчө фейк аккаунттар армиясы ири саясий окуялардын алдында, шайлоо жана референдумду утурлай жанданышат.

Журналисттердин маалыматына караганда, Садыр Жапаров менен бажы төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимовду колдогон фейк аккаунттардын армиясы бар.

Тема боюнча:

Кыргызстанда фейктер фабрикасы кантип түзүлөт жана алардын акысы канча турат?

Жапаровду соцтармактарда кимдер колдойт — чыныгы адамдарбы же фейктерби?