«Кыргызалтын» жамааты компаниядан жүз миңдеген доллар чыгарылып жатканын айтууда

«Кыргызалтын» ачык акционердик коомунун жамааты Садыр Жапаровго кайрылып, компаниянын жетекчилиги алмашкандан кийин кызматкерлерге басым болуп жатканын айтышты. Кызматкерлердин арызын 24.kg басылмасы жарыялады.

*Мамлекеттик «Кыргызалтын» компаниясы Centerra Gold ишканасынын акционери жана канадалык компаниянын 32,9% акциясына ээлик кылат.

Өзүн президенттин кеңешчисимин деп тааныштырган, Тенгиз Бөлтүрүк аттуу чет өлкөнүн жараны директорлор кеңешинин башчысы Тилек Мамбеталиевдин жардамы менен «Кыргызалтынга» ээлик кылган. Бул тууралуу аталган компаниянын кызматкерлеринин билдирүүсүндө айтылган. Ошондой эле, алардын айтымында Бөлтүрүк кызматкерлерди коркутуп жатат.

Билдирүүдө Бөлтүрүк ортомчу адамдар аркылуу компаниядан жүз миңдеген долларды чыгарып кетип жатканы тууралуу айтылган.

«Тенгиз Бөлтүрүк жана ал ээрчитип келген, эч качан өндүрүш чөйрөсүндө иштеп көрбөгөн директорлор кеңешинин төрагасы Тилек Мамбеталиев баштаган команда “Кыргызалтындын” кызматкерлерин жумуштан кууласың деп коркутушууда», — деп айтылат билдирүүдө.

Ишкананын кызматкерлери акча чыгарып кетүүгө Centerra Gold ишканасынын директорлор кеңешиндеги министрлер кабинетинин өкүлү Нурлан Кыштобаевдин дагы катыштыгы бар экенин кошумчалашкан.

Коллетив Бөлтүрүктүн компаниянын бир нече филиалдарын жоюп, миңге жакын кызматкерин кыскартып, түзүмдү өзгөртүү планы бар деп эсептешет.

Тенгиз Бөлтүрүк менен Нурлан Кыштобаев 11-майда Centerra Gold компаниясынын директорлор кеңешине Кыргызстандын өкүлү катары шайланган.

Тилек Мамбеталиев деген ким?

Тилек Мамбеталиев 2020-жылдын ноябрь айында «Кыргызалтындын» директорлор кеңешинин жетекчиси болуп шайланган. Ошондой эле, Мамбеталиев Исхак Раззаков атындагы КТУнун транспорт жана машина куруу факультетинин окутуучусу болгон.

Мындан тышкары, юстиция министрлигинин реестрине ылайык, Мамбеталиев KGJP Service компаниясынын жетекчиси катары көрсөтүлгөн. Бирок, фирма эмне менен алектенери белгисиз, бул тууралуу маалымат жок.