Убактылуу сырттан башкаруу мыйзамы боюнча Канада менен Улуу Британиянын элчиликтери үн катты

Канада жана Улуу Британиянын элчилиги «Кыргызстандагы тоо-кен тармагындагы акыркы окуяларга байланыштуу» биргелешкен билдирүү таратты. Анда «Акционердик коомдор жөнүндөгү» мыйзам тууралуу сөз болгон — мыйзамга Садыр Жапаров бүгүн кол койгон.

Документке ылайык, мамлекет каалаган компаниянын ишине кийлигишип, жеке же юридикалык жак катары сырттан башкаруу дайындай алат. Ошондой эле, мамлекет дайындаган башкаруучу дүйнөнүн каалаган банкы аркылуу компаниянын бардык банктык эсептерин тескей алат.

Мындан тышкары бүгүн парлементте «Кумтөр» боюнча мамлекеттик комиссиянын жабык жыйыны өтөт. Ал эми 17-майда парламенттин кезексиз жыйыны болот, анда президент Садыр Жапаров Кумтөр алтын кенинин тагдыры жөнүндө сөз кылаары айтылууда.

«Ачык акционердик коомдор жөнүндөгү" мыйзамга жана парламенттин 17-майдагы кезексиз отурумуна көз салып жатабыз. Биздин түшүнгөнүбүз боюнча, 17-майда депутаттар "Кумтөр Голд" компаниясын улутташтыруу мүмкүнчүлүгүн талкуулашат. Бирок бул окуялар Кыргызстанга түз инвестициянын келишине кесепетин тийгизет деп тынчсызданып жатабыз», — деп жазылган билдирүүдө.

Дипломаттар республиканын COVID-19 пандемиясынан кийинки калыптанышында «ачык айкын жана адилет бизнес-чөйрө» чечүүчү ролду ойнорун белгилешкен.

«Кыргызстанга түз инвестициянын келишине жана соода тармагына терс таасирин тийгизүүчү чаралар Кыргызстандын ансыз да алсырап бараткан экономикасына залалын тийгизет. Биз соода келишимдери так аткарылып, Кыргызстандын Министрлер кабинети менен инвесторлор орток пикирге келип, макулдашуулар оң натыйжа берерине ишеним артып турабыз», — деп айтылат биргилешкен билдирүүдө.

Тема боюнча:

4,2 млрд $ доо, келишимди бузуу. «Кумтөрдүн» ишин иликтеген мамкомиссиянын сунушу

«Кумтөрдү» сотко бергендер мурда адамды барымтага алуу боюнча соттолгон. Алар кимдер