«Кумтөрдү» иликтеген мамкомиссиянын жыйыны жабык эшик артында өтөт

Парламентте 14-майга белгиленген «Кумтөр» боюнча мамлекеттик комиссиянын жыйыны жабык эшик артында өтмөй болду.

Ачык жыйын эки күн мурун, 12-майда болгон. Анда мамкомиссиянын төрагасы Акылбек Жапаров канадалык инвестордун дарегине бир катар айыптоолорду койгон. Анын ичинде «Кумтөр» ишканасы (Centerra Gold) Кыргызстандагы шайлоого кийлигишкен деген версия дагы бар.

Ачык жыйындан бир күн мурун, 11-майда, Centerra Gold 11 адамдан турган директорлор кеңешинин жаңы курамын шайлаган. Алардын үчөө кыргызстандыктар — Дүйшөн Касенов, Тенгиз Бөлтүрүк жана Нурлан Кыштообаев. Үчөө тең директорлор кеңешинин мурдагы мүчөлөрү.

17-майда парламентте «Кумтөр» маселесинин айланасындагы маселелер талкууланат. Депутат Дастан Бекешевдин айтымында, кезексиз жыйында президент Садыр Жапаров кайрыуу жасайт.

Жапаровдун көп жылдар бою кенди улутташтыруу идеясын көтөрүп, мындан улам анын тарапташтарынын саны кескин өскөн.

Мамкомиссия 12-майда кандай сунуштарды айтты?

Мамлекеттик комиссия февралда баштаган ишинин жыйынтыгын 12-майда ачыктады. Акылбек Жапаровдун пикиринде Кыргызстандын өкмөтү буга чейин инвестор менен мамлекет үчүн пайдасыз келишимдерди түзүп келген.

Мамлекеттик комиссия экологияга келтирилген зыян, салык жана айып пулдар үчүн компаниядан 4,2 млрд доллардан ашык каражат өндүрүүнү сунуштаган, эгерде ишкана төлөп бере албаса, мүлк Кыргызстанга өткөрүлөт.

Эл аралык соттогу териштирүү жарым жылдан он жылга чейин созулушу мүмкүн болгондуктан, Акылбек Жапаров үстүбүздөгү жылдын май айынан тартып өндүрүлгөн алтынды Кыргызстандын ичинде калтырууну сунуштады.

Мындан тышкары, Жапаров Centerra Gold Inc компаниясындагы Кыргызстандын акцияларына байланышкан негизсиз операциялар боюнча тергөө жүргүзүү керек деп эсептейт.

Жыйындын аягында мамлекеттик комиссия текшерүү иштеринин жыйынтыгында Кумтөр кенине байланыштуу бардык келишимдерди 10-июнга чейин бузууну, же ишканага убактылуу сырттан башкаруу киргизүүнү сунуштаган*.

Кумтөр — Ысык-Көл облусунда жайгашкан Борбор Азиядагы эң ири алтын кени, анын аянты 26,3 миң гектарды түзөт. Кенди 1992-жылдан бери канадалык Centerra Gold компаниясы башкарган «Кумтор Голд Компани» ишканасы иштетет. Кыргызстан бул компаниянын 26% үлүшүнө ээлик кылат. «Кумтөр» компаниясы — бюджет түзүүчү ишкана.

ТЕМА БОЮНЧА: 

4,2 млрд $ доо, келишимди бузуу. «Кумтөрдүн» ишин иликтеген мамкомиссиянын сунушу

«Кумтөрдү» сотко бергендер мурда адамды барымтага алуу боюнча соттолгон. Алар кимдер?