Октябрь райондук соту 7-майда алтын өндүргөн «Кумтөр Голд Компани» ишканасынан мамлекеттин пайдасына 261,7 млрд сом, андан тышкары, 1,3 млрд сом мамлекеттик алым төлөп берүүгө милдеттендирди. Натыйжада компания 263 млрд сом төлөп бериши керек, доллардын азыркы наркы менен бул сумма 3,1 млрд АКШ долларын түзөт.Төрт жаран Кумтөр кенин иштетүүдө Давыдов жана Лысый мөңгүлөрүнө кендин калдыктарын топтоону мыйзамсыз деп таанууну талап кылып сотко кайрылган.

Кумтөр — Ысык-Көл облусунда жайгашкан Орто Азиядагы эң ири алтын кен. Аны Канаданын Centerra Gold Inc компаниясы иштетет. Кыргызстан ишкананын 26%дан ашык акцияларына ээлик кылат.

Бирок Kaktus.Media журналисттери доогер Айбек Сарыбаев жана Наристе Калчаев барымтага алуу жана президент Садыр Жапаров сыяктуу эле Караколдо башаламандыктарды уюштурууга айыпталганын аныкташкан.

Сотко даттанган үчүнчү жаран Кемелбек Кутманов, басылманын маалыматына ылайык — Экология жана климат боюнча мамлекеттик комитеттин төрайымы Динара Кутманованын уулу. Ушул эле ведомство «Кумтөргө» доо арыз коюуда үчүн тарап болуп чыккан.

Айбек Сарыбаев деген ким?

Айбек Сарыбаев Бишкектин Биринчи май райондук соту тарабынан 2013-жылдын 7-октябрындагы массалык башаламандыктар окуясына байланышкан иш боюнча күчөтүлгөн тартиптеги колонияга 8 жылга эркинен ажыратылган.*

Ага «Адамдарды барымтага алуу», «Бейбаштык», «Өлтүрөм деп коркутуу», «Бийликтин өкүлүнө карата зомбулук көрсөтүү», «Каракчылык» жана «Мыйзамсыз түрдө эркиндигинен ажыратуу» беренелери боюнча айып тагылган.

ИИМдин маалыматына ылайык, Сарыбаев массалык башаламандыкты уюштургандардын бири болгон.

2013-жыл. «Кумтөрдү» улутташтырууну талап кылган митингчилер тарабынан төрт саат бою барымтада кармалган Өкмөттүн Ысык-Көл облусундагы өкүлү Эмилбек Каптагаев бошотулду.

*2013-жылы 7-октябрда Караколдо Кумтөрдү улутташтыруу үчүн митинг уюштурулган. Кийин митинг демонстранттар менен милициянын кагылышуусуна өсүп жетип, бери дегенде төрт адам жабыр тарткан.

Нааразычылык акциясынын жүрүшүндө Караколдун борбордук аянтына чогулган 300-500дөй киши Ысык-Көл облустук администрациясын эки жолу басып алууга аракет кылышкан.Ошондой эле алар алгач чабуул жасашып, андан кийин өкмөттүн Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Эмилбек Каптагаевди барымтага алып алышкан. Демонстранттар аны төрт саат бою «Фольксваген Венто» унаасында кармашып, мезгил-мезгили менен унааны өрттөй тургандыктарын айтып коркутушкан. Каптагаев бошотулган, бирок кээ бир маалыматтар боюнча аны митингчилер өздөрү бошотса, башка маалыматтар боюнча, милициянын операциясынын жүрүшүндө бошотулган.

Садыр Жапаров президент болгонго чейин аталган кылмыш иши боюнча колонияда отурган. Ал башаламандыкты уюштуруу жана бийлик өкүлүн барымтага алуу айыбы боюнча күнөөлүү деп табылган болчу.

2017-жылы 2-августта Биринчи май райондук соту аны 11 жыл 6 айга эркинен ажыраткан. Жапаров 2020-жылдагы саясий кризистин натыйжасында бийликке келгенден кийин ага карата чыгарылган сот өкүмдөрү жокко чыгарылып, иш кошумча тергөөгө жөнөтүлгөн. Кийин УКМК адамдарды барымтага алуу ишин кылмыш курамынын жоктугунан жаап койгон.

Наристе Калчаев деген ким?

Наристе Калчаев Сарыбаев сыяктуу 2013-жылы Каракол шаарындагы митингде ошол убактагы Ысык-Көл облусунун губернатору Эмилбек Каптагаевди барымтага алуу фактысы боюнча соттолгон.

Ал убакта Калчаев «Жети-Өгүздүн жаштары» коомдук бирикмесинин төрагасы болгон.

Кийинчерээк ал эркиндикке чыккандан кийин Жапаровго каршы көрсөтмө алуу үчүн башына баштык кийгизилип кыйноого алынганын билдирген.

Анын айтымында, абакта төрт жыл бою Караколдогу окуяны Садыр Жапаров каржылаганы боюнча жалган көрсөтмө берүүдөн баш тартканы үчүн кыйноого алынган.

Кемелбек Кутманов деген ким?

Юстиция министрлигинин маалыматына караганда, Кемелбек Кутманов — түстүү металл казуу менен иштеген «Дайдалус» компаниясынын директору.

Kaktus.Media басылмасынын маалыматына таянсак, 2020-жылга чейин бул компанияны анын апасы Динара Кутманова жетектеген — ал азыркы Экология жана климат боюнча мамлекеттик комитетинин (Мамэкотехинспекция) башчысы. Ушул эле ведомство «Кумтөргө» каршы доо арызда үчүнчү тарап болуп катышкан.

Динара Кутманова

Айта кетүүчү жагдай, дал ушул Кутманова 2013-жылы «Кумтөргө» экологияга келтирген зыяны үчүн доомат коюу керек деп айтып чыккан.

«Эгерде биз “Кумтөрдү” улутташтырсак же денонсацияласак, анда бизди сотко беришет», — деген ал.

Төртүнчү доогер Аблас Жээнбеков тууралуу ачык булактарда маалымат жок.

Судья Жээнбекова тууралуу эмне белгилүү?

«Кумтөргө» каршы доо арызды толугу менен канааттандырып берген Бишкектин Октябрь райсотунун судьясы — Албина Жээнбекова. Ал ЖМКларга жана Алмазбек Атамбаевге каршы кылмыш иштерин караган судья катары таанымал.

2017-жылы Жээнбекова ал убакта президент Алмазбек Атамбаевдин Zanoza.kg интернет басылмасы менен журналист Нарын Айыпка каршы койгон доо арыздарынын бири боюнча процессти караган соттор коллегиясынын курамында болгон. Анда судьялар президенттин тарабын жактап, басылманы миллиондогон сомдук доону төлөп берүүгө милдеттендирген.

«Бул сот процесстери алардын бейтараптуулук, адилеттүүлүк жана мыйзамдуулук принциптерин тоготпогонун көрсөтөт деп эсептейбиз», — деп билдиришкен ошондон Медиа Полиси Институтунун юристтери.

Алмазбек Атамбаев

Андан соң 2018-жылы укук коргоочулар Жээнбекованы кара тизмеге киргизген жана президенттен аны кайра кызматка алып келбешин өтүнүшкөн.

2019-жылы президентикке Сооронбай Жээнбеков шайланып келгенде, Жээнбекова Алмазбек Атамбаевге жана ага тиешелүү «Апрель» телеканалына каршы кылмыш иштеринде судьялык кылган.

«Апрелди» саясатчылар Азимбек Бекназаров, Кеңешбек Дүйшөбаев жана Ахматбек Келдибеков сотко берген.

Алардын айтымында, экс-президент «Апрел» телеканалына берген интервьюсунда ал билдирүүлөрү аркылуу алардын ар намысына шек келтирген. Атамбаевге каршы доолордун жалпы суммасы 18 млн сомду түзгөн. Натыйжада иш Жогорку сотко жетип, ал Атамбаевди ар бир доогерге 100 миң сомдон төлөп берүүгө милдеттендирген.

2020-жылы Жээнбекова тартип жоопкерчилигине тартылып, өзүн негизсиз четтеткени үчүн эскертүү алган.

«Кумтөргө» каршы доо

Бишкек шаарындагы Октябрь райондук соту 7-майда «Кумтөр Голд Компани» алтын өндүрүүчү ишканасы мамлекеттин пайдасына 261,7 млд сом төлөп бериши керек деген чечим чыгарган. Ошондой эле, сот компаниядан 1 миллиард 300 миллион сом пошлина алынсын деген токтом чыгнарган. Чечимди канадалык компания Бишкек шаардык сотуна 30 күн ичинде даттана алат

Сот чечими чыккандан кийин дароо эле «Кумтөр Голд Компани» бир бөлүгү болуп эсептелген Centerra Gold Inc. компаниясынын акциялары 30%га арзандап кеткен.

Ал эми Centerra Gold Inc 7-майда доогерлердин талаптарын негизсиз деп атаган. Компания Кыргызстандын өкмөтү 2017-жылы Айлана чөйрөнү коргоо жана инвестицияларды илгерилетүү боюнча стратегиялык макулдашууга кол койгонун эскерткен. Ага ылайык, компания коюлган бардык дооматтардан, анын ичинде мөңгүлөргө чогулган калдыктардан улам айлана-чөйрөгө келтирген зыяндын ордун толтуруудан дагы бошотулган.

Буга чейин бир күн мурда, 6-майда, парламент Кумтөргө сырткы башкаруу киргизүүгө жол ачкан мыйзамдарды кабыл алган.

Акылбек Жапаров

Мыйзам долбоорунун демилгечиси депутат Акылбек Жапаров сырткы башкаруучунун министрлер кабинети дайындаарын билдирген. «Концессиялар жана концессиялык ишканалар жөнүндөгү мыйзамга ылайык, эгерде компания өзүнүн иштөө убактысында адамга, же анын ден-соолугуна, өмүрүнө коркунуч туудура турган болсо, абдан чоң зыян алып келе турган болсо убактылуу үч айга сырттан башкаруу киргизүү мүмкүнчүлүк бар экен. Бирок кантип, ким киргизе турганы жазылбай калган экен», — деп түшүндүргөн ал.

Ошондой эле компаниянын жетекчилиги тоо-кен иштеринин коопсуздук эрежелерин бузуу жөнүндө ишке байланыштуу ИИМге суракка чакырылган. Милициянын маалыматына ылайык, «Кумтөрдүн» жетекчилиги Кыргызстандан чыгып кеткен.

Тема боюнча:

«Кумтөр» мамлекетке 262 млд сом кенемте төлөп берүүгө милдеттендирилди

Ишканаларды сырттан башкарууга жол ачкан мыйзам долбооруна Кумтөрдүн кандай тиешеси бар?

«Кумтөрдүн» суракка чакырылган жетекчилери Кыргызстандан чыгып кетти