Бийлик Баткенде кыйраган объектилерди калыбына келтирүүгө Кытайдан жардам сурады

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Жылдыз Бакашова Кытайдын Кыргызстандагы элчиси Ду Дэвэнь менен жолукту. Бул тууралуу 17-майда ведомствонун басма сөз кызматы кабарлады.

Бакашова COVID-19 илдетине каршы вакцина менен камсыздаганы үчүн кытай тарапка ыраазычылык билдирди. Ал калкты вакцинациялоо темпин жогорулатуу министрлер кабинети үчүн артыкчылыктуу милдеттердин бири экенин баса белгиледи.

«Кыргыз коомчулугу тараптан Кытайдан “Sinopharm” вакцинасын гуманитардык жүк катары берилүүсү абдан жакшы кабыл алынды. Кытай тарапка Кыргызстанга акысыз негизде 150 миң доза көлөмүндө вакциналардын экинчи партиясын бөлүү чечими үчүн ыраазычылык билдиргим келет», — деди Бакашова.

Анын айтымында, кыргыз тарап Кытай өкмөтү социалдык-экономикалык долбоорлордуу ишке ашыруу үчүн көрсөтүп жаткан гранттык жардамын жогору баалайт.

«Учурдан пайдалануу менен кытай тарапка Кыргыз Республикасынын экономикасын колдоо үчүн 54 млн АКШ доллары суммасында грант бөлгөндүгү үчүн ыраазычылык билдиргим келет», — деди министрлер кабинетинин төрага орун басары.

Ал Баткен облусунун чектеш айылдарында жүргүзүлүп жаткан калыбына келтирүү иштери тууралуу маалымат берип, кытай тарапка кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасындагы окуялардын натыйжасында жабыркаган калкка көмөк көрсөтүүгө даярдыгы үчүн ыраазычылык билдирди.

Бакашова кытай тарапка кайрылып, Баткен облусундагы инфраструктураны жана социалдык объекттерди калыбына келтирүүгө жардам берүү мүмкүнчүлүгүн карап көрүүнү суранды.

Кытай элчиси Ду Дэвэнь кыргыз-кытай кызматташтыгы жогорку деңгээлде турарын, ал эми Кыргызстан менен Кытай ортосундагы салттуу достук коронавирус пандемиясына карабастан чыңдалууда деп баса белгиледи.

Ду Дэвэнь Кытай тарап Министрлер кабинетинин инфраструктуралык же социалдык объектилерин калыбына келтирүүгө тийиштүү жардам көрсөтүү боюнча сунуштарын карап чыгарын белгиледи.

Буга чейин УКМКнын башчысы Камчыбек Ташиев Лейлек районундагы Максат айылынын тургундары менен жолугушуу учурунда жаңжал учурунда жабыркаган кыргызстандыктардын үйлөрүн өкмөт калыбына келтирип берээрин билдирген болчу.

«Биз Тажикстанга зыянды көтөрүп бер деп кайрылбайбыз. Өзүбүздүн күчүбүз, мүмкүнчүлүгүбүз жетет. Өзүбүз элге үйлөрдү курабыз. Эгерде, качандыр бир убакта тажик тарап кылган иштерине өкүнүп, келтирген зыянды калыбына келтирем деп кайрылса, аны да карайбыз. Бирок азыркы күндө Тажикстандан жардам бер суранбайбыз. Өзүбүздүн күчүбүз жетет», — деп билдирген Ташиев.

Кыргызстандын президенттик аппараты да Баткен облусунда куралдуу жаңжалдын натыйжасында жабыркаган тургундардын үйлөрү толугу менен бюджеттине эсебинен калыбына келтирилээрин билдирген.

Президенттик аппарат калыбына келтирүүгө мүмкүн болбогон үйлөр да бюджеттинен эсебинен кайра баштан курулаарын белгилеген.

Кыргыз-тажик чек ара тилкесиндеги куралдуу жаңжал

Кыргыз-тажик чек арасында жаңжал 28-апрелде Көк-Таш айылында жайгашкан «Головной» суу бөлүштүрүүчү жайында башталган. Анда тажик тарап мамычалардын биринде байкоочу камера орнотууга аракеттенген. Бирок кыргызстандыктар буга каршылык көрсөтүп эки тарап бири-бирине таш ыргыта баштаган.

Эки өлкөнүн бийлиги бир нече жолу ок атууну токтотуу жана аскерлерди чыгарып кетүү тууралуу билдирүү жасап, бирок элдешүү келишим тез эле бузулган.

1-майда эки тараптын УКМК башчылары жетектеген өкмөттүк комиссиянын мамлекеттик чек араны делимитация жана деморкациялоо боюнча сүйлөшүүсү өткөн. Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар ок атышууну толугу менен токтотуу жана аскерлерди туруктуу жайгашкан ордуна алып кетүүнү макулдашкан. Ошондой эле, тараптар «максаттуу макулдашууга жетишкенин» жана төрт пункттан турган протоколго кол коюлганын айтышкан.

Бирок эки өлкөнүн УКМК башчылары протоколдун мазмунун ачык айтышкан эмес.

Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматына караганда, 2-майдын таңына карата 34 адам каза таап, 179 адам жарадар болгон. Жаңжал чыккан аймактан 33 388 Кыргызстандын жараны эвакуацияланган, алардын ичинен 19 142си жаш балдар.

ӨКМдин маалыматына таянсак, Баткен облусундагы чек ара жаңжалында 78 турак үй жабыркаган. Ошондой эле, эки мектеп, бир акушердик-фельдшердик пункт, бир бала бакча, милициянын имараты, үч чек ара өткөрмө бөлүгү, он май куюучу жай жана сегиз дүкөн өрттөлгөн жана талкаланган.

Кыргызстанда 2021-жылдын 1-2-май күндөрү улуттук аза күтүү күнү деп жарыяланган.

ТЕМА БОЮНЧА:

Лейлектин Максат айылынан сүрөт баян

Сүрөт баян: Чек арадагы ок атуулардан Баткен — Исфана жолунда талкаланган унаалар

Баткендеги кан төгүлгөн аймактан 33 миңден ашуун кыргыз жараны эвакуацияланган

Баткен: Чек арадагы ок атууларда 130 объект өрттөлгөн