Баткен: УКМКнын эки кызматкерине аткезчиликке шектелгендер тарабынан ок атылды

Сүрөт: УКМКнын басма сөз кызматы

Баткен облусунун чек аралаш Самаркандек айылындагы кампага тинтүү жүргүзүү учурунда Улуттук коопсуздук мамлекеттик кызматынын эки кызматкери октон жаракат алды.

Атайын кызматтын 11-мартындагы маалыматына ылайык, кампанын ээси Маширап Абдусаламов башкараган 20дай киши аткезчилик жүктү кармоого жол бербөө үчүн каршылык көрсөткөн. Жыйынтыгында аткезчилер тобу менен УКМК кызматкерлеринин ортосунда массалык кагылышуу болуп, ишчилер ок атуучу куралды колдонушкан.

«Салгылашуунун жыйынтыгында УКМКнын эки кызматкери денесине жеңил жаракат алышкан. Учурда окуянын катышуучулары кармалып, тиешелүү ыкчам-тергөө иш-чаралары улантылууда», — деп билдирди УКМК.

Мындан сырткары, маалыматта мамлекеттик каттоо номерлери жок, оор жүк ташуучу алты унаанын экөөсү чек арадан чыгып кетүүгө үлгүрүшкөндүгү кошумчаланган.

Самаркандек айылында жайгашкан кампага тинтүү «Мамлекеттик чек арадан мыйзамсыз өтүү» беренеси менен сотко чейинки өндүрүшкө алынган иштин алкагында жүргүзүлгөн. Ошондой эле, УКМК аткезчиликти токтотуу багытында жүргүзүлүп жаткан аракеттерге тоскоолдук кылган жарандар үчүн кылмыш жоопкерчилиги бар экендигин эскертет.