Баткен: Чек ара жаңжалында жоголгон 136 документ калыбына келтирилди

Иллюстративдик сүрөт. 1-май, Баткендин Кызыл-Бел айылынан Бужум айылына документтерин гана алып качып келген тургундар. Сүрөттүн автору: Хамидулло Узаков/Kloop.kg

Мамлекеттик каттоо кызматы 24-майда кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу жаңжалда жоголгон же жок кылынган 136 документ калыбына келтирилгенин билдирди. Документти калыбына келтирүү үчүн жалпы 197 арыз түшкөн.

Мекемеден билдиришкендей, төмөнкү документтерди калыбына келтирүү үчүн арыздар түшкөн:

  • 79 eID-паспорту;
  • 14 жалпы жарандык паспорту;
  • 60 туулгандыгы тууралуу күбөлүк;
  • 8 никелешүү тууралуу күбөлүк;
  • 7 каза болгондугу тууралуу күбөлүк;
  • 19 айдоочулук күбөлүк;
  • 8 унаанын катталгандыгы боюнча күбөлүк;
  • 2 Кыргызстандын жарандыгын алуу боюнча арыз.

Мамкаттоо Баткендин тургундарына документтерин акысыз калыбына келтирип берүүдө. Ага кеткен чыгымдар мекеменин кызматкерлери чек ара чырында жабыркагандар үчүн топтогон каражаттан жумшалат.

Тажик аскерлеринин куралдуу агрессиясы

2021-жылдын 29-апрелинде таңга маал Тажикстандын куралчан аскерлери Кыргызстандын чек арага жакын айылдарына чабуул жасаган. Миңдеген адам октон аман калуу үчүн үй-жайын таштап качууга аргасыз болгон.

Бул окуяда 36 кыргызстандык курман болгон — алардын арасында 33 жай тургун, жаш балдар жана өлкөбүздү коргогон үч аскер кызматкери да бар. Дагы 154 адам жарадар болуп, Баткен жана Лейлек райондорунун чек арага жакын айылдарынан 40 миңден ашуун адам эвакуацияланган.

Куралдуу агрессиядан тургундардын 136 турак үйү жана 84 объект өрттөлгөн. Мындан сырткары мал-жандыктары жана буюмдары тонолуп, документтери жоголгон.

Ал эми тажик тараптан 90 киши жарадар болуп, 20 киши каза болгон. Ошондой эле 14 турак үй жана бир мектеп (жарым-жартылай) өрттөлгөн.

Кыргыз бийлиги чек арадагы жаңжалда бузулган айылдарды калыбына келтирүүгө 700 млн сом бөлгөн. Анын 500 млн сому социалдык объектилерди курууга жумшалат. Ошол эле учурда өкмөт жабыркагандардын үйлөрүн гана куруп берүү милдетин алып, бирок алардын уурдалган мал-мүлкүнө жоопкерчилик албайт.