COVID-19: Сегиз киши каза тапты, жаңы 298 учур катталды

Иллюстративдик сүрөт

Республикалык штаб 25-майда өлкөдө коронавирустун 298 жаңы учуру катталганын маалымдады. Ооруну жуктургандардын арасында 16 медкызматкер бар.

Аймактар боюнча:

Бишкек шаарында — 144 (жети медкызматкер);

Чүй облусунда — 86 (үч медкызматкер);

Ош шаарында — 23 (эки медкызматкер);

Ысык-Көл облусунда — 18 (эки медкызматкер);

Нарын облусунда — 13;

Ош облусунда — 7 (эки медкызматкер);

Жалал-Абад облусунда — 5;

Талас облусунда — 2.

Ошондой эле өткөн суткада 314 бейтап айыкты. Бишкек шаарында — 228, Чүй облусунда — 58, Ысык-Көл жана Жалал-Абад облустарында сегизден, Ош облусунда беш, Ош шаарында төрт жана Талас облусунда үч жана киши оорудан сакайды.

Мындан сырткары COVID-19дан Бишкек шаарында сегиз бейтап көз жумду.

Жалпысынан Кыргызстанда COVID-19 инфекциясын жуктургандардын саны 103 миңге жетти. Оорудан 96 433 бейтап айыгып, 1 765 киши көз жумду.

Бүгүнкү күндө 1 575 бейтап ооруканаларда дарыланып жатышат — алардын 90у өтө оор абалда. Мындан сырткары 2 200 киши үй шартында дарыланууда.

Маанилүү окуялардан артта калбаш үчүн «Клооптун» жаңылыктарын Фейсбук, Телеграм, WhatsApp, Инстаграм, Твиттер жана Одноклассникиден да окуңуз.