Президенттин басма сөз катчысы: Жапаров менен Путин уу коргошун тууралуу сүйлөшкөн эмес

Президент Садыр Жапаров Орусиянын президенти Владимир Путинге коронавирусту уу коргошун менен дарыласа болоору жөнүндө айтып берди. Бул тууралуу саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министри Алымкадыр Бейшеналиев билдирди.

Министрдин айтымында, ага бул тууралуу президент өзү «кечээ күнү кечинде» айтып берген.

«Садыр Нургожоевич Владимр Путин менен бул тууралуу [Ысык-Көл тамыры] сүйлөшкөнүн айтып берди. Путин "Эгер бул каражат таасирдүү болсо, илимий негизде текшерип, коронавирус менен күрөшүүгө колдонууну карап чыгуу керек" деп айтыптыр», — деди Бейшеналиев.

Бирок Жапаровдун басма сөз катчысы Эрбол Султанбаев мамлекет башчылары вирусту өлүмгө алып келиши мүмкүн болгон өсүмдүк менен дарылоо тууралуу расмий жолугушууда сүйлөшпөгөнүн айтты.

«Президент Садыр Жапаров Орусиянын мамлекет башчысы Владимир Путин менен аконит (уу коргошун) маселесин расмий сүйлөшүүлөрдүн алкагында талкуулаган эмес», — деди ал.

Садыр Жапаров менен Владимир Путин 24-майда Сочи шаарында жолуккан. Мамлекет башчылары кыргыз-орус мамилелерин талкуулашкан, ал эми 25-майда Жапаровдун Орусияга болгон сапары карып, Кыргызстанга кайтып келген.

Эмне болгон аконит?

Президент Садыр Жапаров менен Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев коронавирусту дарылоо үчүн Ысык-Көл тамырын же аконит колдонууну чечишкен. Бул өсүмдүктө аконитин деген уулуу зат бар.

Аконитин булчуңдарды тырыштырып, шал кылуу таасирге ээ, тери, чел кабыктар аркылуу тез, ал эми ичеги аркылуу андан да тез сиңирилет. Кычыштырат жана анестезиялык касиеттери бар.

Аконитти ичкенден кийин адамдын дене табы төмөндөйт, аритмия башталат, баш айланып адам калчылдап-титирейт. Дем жетпей, жүрөк токтоп калгандан адам өлүмгө дуушар болот.

Уулануунун негизги белгилери: шилекей агып, жүрөк айланып, окшуп жана ич өтүшү мүмкүн. Андан сырткары дем алуу кыйындап, адам ичиркенип, дене бою чымырагансып, көзү караңгылайт. Жүрөк токтоп калгансып, адам алсыз болуп, муздак тер басат жана кан тамырдын согушу бузулат, адам эсинен танып калышы дагы ыктымал. Мындан улам адамдын деми кысылып, жүрөгү токтоп каза табышы мүмкүн.

Саламаттык сактоо министри Ысык-Көл тамыры оорулардын көптөгөн түрүнө — ашказан рагы, бронхит, ал түгүл ревматизмге да даба деп билдирген. Аконит ревматизмди дарылоо үчүн дары-дармектер тизмесине кирген, бирок бардыгы анын дозасына жараша болот.

Ошол эле убакта министр Ысык-Көл тамыры өлүмгө алып келиши мүмкүндүгүн дагы айткан. ЖМКлар Саламаттык сактоо министрлигинин башчысы басма сөз жыйындын түз эфиринде аны ичкенден кийин аконитке уулануу катталган бир нече учур катталган билдирген.

Министр уу коргошунду үй шартында колдонгон адамдар үчүн жоопкерчилик албасын билдирген. ДССУнун миссиясы коронавирусту Ысык-Көл тамыры менен дарылоо мүмкүн эместигин айткан.

Автору: Нурсултан Үсөнов