Балыкчыда электромобиль чыгаруу пландалууда

Балыкчы шаарында электромобилдерди чыгаруу боюнча завод куруу пландалууда. Бул тууралуу 26-майда Балыкчы шаарынын мэриясынын басма сөз кызматы билдирди.

Ага ылайык, буга чейин жергиликтүү бийлик Түштүк Кореянын TLNiP Co., LTD электромобилдерин чыгарган компаниясынын өкүлдөрү менен жоолугушкан. Инвесторлор «Балыкчы» Эркин экономикалык аймагындагы ишкана курула турган жер тилкеси менен таанып чыгышкан.

Балыкчы шаардык мэриясы ишкана 10 жылдык кепилдиги бар автоунааларды чыгарарын билдирди. Алгач жылына 65 миң электромобил чыгарып, андан кийин бул санды 300 миңден ашыруу пландалган. Ошондой эле электромобилдерди кубаттоочу бекеттерди курушат.

Керектүү автотетиктерди чет мамлекеттен алып келишет, андан кийин Балыкчыдан чыгарып башташат. Мындан тышкары жергиликтүү тургундар атайын окуудан өтүшкөн соң ишкананы курууга, ошондой эле электромобилдерди чыгарууга катышат.

Бул долбоор ишке кирсе 1000ге жакын жумушчу орун пайда болуп, дагы башка 14 инвестициялык долбоор түзүлөрү пландалууда.

«Инвестициянын көлөмү 200 млн долларды түзөт. ЭЭАнын аймагында куруу боюнча меморандум, келишимдер түзүлүп, сүйлөшүлдү. Бул инвестиция Ысык-Көлгө гана эмес, жалпы Кыргызстандын экономикасына көп салым кошот», — деп билдирди ЭЭАнын башкы директору Таалайбек Мамбетсаков.

Кыргызстандагы электротранспорт

2019-жылдын январь айынан тартып Кыргызстанда электромобилдерди каттоо жана кайрадан каттоо бекер жүргүзүлөт.

Бирок азырынча өлкөнүн инфраструктурасы мындай автоунааларга ылайыкташылган эмес — атайын кубаттоочу бекеттерди чоң шаарларды кой, шаар аралык жолдордон дагы таппайсың.

Ошол эле кезде өлкөдө электробустарды дагы чыгаруу пландалууда. Бул ишти Нурбек Осмоновдун «Каганат инвест» холдингине таандык «Кыргыз Унаа Курулуш» ЖЧК машинакуруучу заводу алып барууда.

2020-жылы ошол кездеги президент Сооронбай Жээнбеков заводго барып, ал жерден ага Кыргызстанда өндүрүлгөн электробустун биринчи прототиби даярдалып жатканын кабарлашкан.