Файзиев коррупция жана мыйзамсыз курулушка аралашууга шектелүүдө. Ага издөө жарыяланды

Тимур Файзиев

Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы Аскер прокуратурасынын тергөө тобу 27-майда ишкер жана Elite House курулуш компаниясынын негиздөөчүсү Тимур Файзиевге издөө жарыяланганын билдирди. Буга чейин Бишкектин Биринчи май райондук соту ишкерди камакка алууга сыртынан чечими кабыл алган.

Көзөмөл органынын маалыматына караганда, Файзиев Бишкектин аймагында жер тилкелерин мыйзамсыз алууда коррупцияга аралашкан жана мыйзамсыз курулуш жүргүзгөн деп шектелип жатат.

«Учурда тергөө иштери жүрүүдө», — деп билдиришти Башкы прокуратурадан.

Файзиевдин иши

27-майда бир катар ЖМКлар жеке маалымат булактарына таянып, Тимур Файзиев коррупцияга аралашкан деген шек менен кармалганын жазышкан.

Бирок көп өтпөй эле Файзиевдин жүргөн жери учурда белгисиз экени жана сот аны камакка алууга сыртынан чечим чыгарганы белгилүү болгон. Соттон тактоо кылышкандай, баш коргоо чарасы сыртынан кабыл алынганда анын мөөнөтү аныкталбайт.

Эгерде Файзиев кармалса, анда ал ЖАМКка караштуу №21 мекемесине жөнөтүлөт — бул ТИЗО-1. Тергөөнүн Файзиевге кызыгуусу кимдин ишине байланыштуу экени белгисиз.

Бирок буга чейин Бишкектин экс-мэри Азиз Суракматов кармалган. Мурдагы калаа башчысы мыйзамсыз баюуга шектелип жатат — тергөөнүн версиясы боюнча, Суракматов борбор калаада мэр болуп турганда мэриянын айрым кызматкерлери жана ири курулуш компаниянын өкүлдөрү менен бирге коррупциялык схеманы түзүп, муниципалдык жерлерди коммерциялык мекемелер жана көп кабаттуу үйлөрдү куруу үчүн берүүгө шектелип жатат.