Алишер Козуев. Сүрөт анын фейсбук баракчасынан алынды

Дисклеймер: 2020-жылы иликтөөчү журналисттер экс-бажычы Райымбек Матраимовдун жубайы Уулкан Тургунова (Сулайманова) «Россия нефть» ЖЧКсынын ээлеринин бири экенин аныкташкан. 2021-жылы «Клооп» материалдарынын биринде аталган маалыматты атап өткөн. Көп өтпөй компаниянын жетекчиси Алишер Козуев редакцияга кат жиберип, коррупция кылганын мойнуна алган мурдагы чиновниктин жубайы менен өнөктөштүк тууралуу келишим жокко чыгарылганын кабарлаган.

Алишер Козуев «Россия нефть» ЖЧКсынын негиздөөчүсү, Матраимовдорго караштуу делген «Мекеним Кыргызстан» партиясынан парламенттин жетинчи чакырылышына өткөн шайлоодо талапкер болгон. Козуев Ош мэриясынын бир нече муниципалдык ишканаларына күйүүчү майларды жеткирип келет.

Ал Уулкан Тургунова менен болгон өнөктөштүк ишке ашпай калганын белгилеп, журналисттерден Тургунова менен аны байланыштырбоону суранды.

«Колумда турат документтер. Ушул күндө компанияга 100 пайыз өзүм ээлик кылам. Мунун жакшы иштерине дагы, кемчиликтерине дагы мен жоопкерчилик алып келем», — деди Козуев.

Аманда Тургунова (Сулайманова)

Төрт күн жана 40% акция

Козуев Тургуновага менен өнөктөштүк тууралуу келишим түзүлгөнүн ырастады.

«2020-жылы Орусиядан товарларды алып келүү максатында инвестор издегенмин. Себеби компанияны кеңейтип, товар жүгүртүмүн чоңойтуу максатында сунуш болгон, сүйлөшүүлөр болгон. 2020-жылдын 17-февралында биз жыйын өткөрүп, инвестор тартуу боюнча протокол түзгөнбүз. Андан кийин мен Уулкан Тургунова менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, алардан инвестиция тартуу боюнча келишкенбиз. 21-февраль күнү мен Тургуновага 40% акциямды өткөрүп бергенмин», — деди ишкер.

Анын сөзү боюнча Тургунова компаниядагы акцияга төрт күн гана ээлик кылган, андан соң келишим жокко чыгарылган.

*Юстиция министрлигинин базасында Райымбек Матраимовдун жубайы Уулкан Тургунова 2020-жылдын 25-февралында «Россия нефть» компаниясынын энчилеш ээси катары көрсөтүлгөн болчу. Бирок 2020-жылдын октябрында компания кайра каттоодон өтүп, Тургунова негиздөөчүлөрдүн курамынан чыгып кеткен.

Өнөктөшүк ишке ашпай калганынын себебин Козуев «биз келише албай калдык» деп түшүндүрдү.

«Компанияны өткөргөндөн кийин биз келише албай калдык. Анткени алар койгон талапты биздин компаниянын өкүлдөрү толук колдобой койду», — деди ишкер.

Депутат Искендер Матраимов жана Алишер Козуев шайлоо өнөктүгү маалында. Сүрөт анын фейсбук баракчасынан алынды

Матраимовдун партиясы жана аны колдоо акциялары

Козуев Бажы кызматынын мурдагы төрага орун басары Райымбек Матраимовдун жубайы менен өнөктөш болбой калганы менен ал аталган кланга түз көз карашта. Буга чейин иликтөөчү журналисттер Матраимовдун коррупция жана эл аралык аткезчиликке байланышы бар экенин аныкташкан.

*Матраимовдордун үй-бүлөсү — өлкөдөгү эң таасирлүү кландардын бири. Үй-бүлөдөгү ага-инилердин бири — бажы башчысынын экс-орун басары Райымбек Матраимов — «Клооп», «Азаттык» жана OCCRPнин Кыргызстандан чыгарылып кеткен 700 млн долллар тууралуу иликтөөсүнүн фигуранты. Журналисттер Матраимовдордун кланы кытайлык таасирлүү ишкер Хабибулла Абдукадыр менен бирге кулач жайган көмүскө карго империянын схемасын түзгөнүн аныкташкан. Иликтөөнүн башкы маалыматчыларынын бири — уйгур тектүү ишкер Айэркен Саймаити — 2019-жылы күзүндө Стамбулда киши колдуу болуп өлтүрүлгөн. Журналисттик иликтөөлөр менен кеңири таанышуу үчүн төмөнкү материалга баш багыңыздар: Иликтөө: Матраимовдун падышалыгы

Райымбек Матраимов

Ишкер Матраимовдорду «элге кызмат кылган» үй-бүлө катары сыпаттады.

«Керек болсо Матраимовдор элге кызмат кылып биринчи кезекте Жоош айылынан башташкан. Спорттук клубдарды, аянткаларды куруп, арыктарды, каналчаларды чаптырып. Мен студент болуп окуп жүргөндө ушунчалык кыялданат элем. Ушул агалар ушунчалык элге кызмат кылып атышат. Биз дагы Кудай кааласа мүмкүнчүлүгүбүз болсо элге кызмат кылсак экен деп ушул агалар кандайдыр бир деңгээлде стимул болгон», — деди Козуев.

*«Мекеним Кыргызстан» партиясынын Матраимовдор менен байланыштырып келишет. Анткени Райымбек Матраимовдун агасы депутат Искендер Матраимов жыйынтыгы жокко чыккан парламенттик шайлоого аталган партия менен катышкан. Мындан тышкары, партиянын катарында Матраимовдун тарапташтары да болушкан. Партия тууралуу кененирээк төмөнкү материалдан окуңуздар: Массалык мушташ, таасирлүү клан. «Мекеним Кыргызстан» партиясы жөнүндө айтып беребиз

Алишер Козуев. Сүрөт анын фейсбук баракчасынан алынды

Козуев жыйынтыгы жокко чыккан парламенттик шайлоодо «Мекеним Кыргызстандан» талапкер болгон. Ал партия шайлоо маалында мыйзам бузган эмес деген пикирде.

«“Мекеним Кыргызстан” админресурс колдонгон жок. Бийликтегилер башка партияга иштеди. Добуштарды таза алды, эл тандады. Мен мисалы добуштарды сатып алууну көргөн жокмун», — деди ал. Ишкер 5-октябрдагы окуялар бир гана «Мекеним Кыргызстандын» айынан болгон жок деп эсептейт. Анын пикиринде кандайдыр бир «үчүнчү» күчтөр да болгон жана «тарых өз баасын берет» деп ишенет.

Ошондой Козуев Матраимовдун тарапташы экенин четке какпайт жана анын урматына арналган акцияларга чыгууга даяр экенин айтат.


«Керек болсо Матраимовду иним эле эмес, мен дагы колдойм. “Боштондук” деп чыгам керек болсо. Салынган айыпты төлөп жатпайбы», — деп экс-бажычыны актады ал.

Анын айтымында, анын иниси, «Ынтымак» партиясынан талапкер болгон Семетей Козуев да ушундай эле ойдо.

*«Ынтымак» партиясы шаардык кеңеште өткөн шайлоого катышкан. Партиянын директору — Марлен Маматалиев, ал жыйынтыгы жокко чыккан парламенттик шайлоодо «Мекеним Кыргызстандын» тизмесинде №7 катарда аттанган. Маматалиев өзү шаардык кеңешке өткөн шайлоого катышкан жок. «Ынтымактан» Ош шаардык кеңешине «Россия нефть» компаниясынын стратегиялык өнүктүрүү боюнча бөлүмүнүн башчысы Семетей Козуев да катышып, депутаттык мандатка илинди.

«Матраимовду Нариман Тюлеев айткандай “феномен, монстр” кылып жатышат да. Ар бир нерсени Матраимовго байланыштырып жатышат. Туура мен жана иним Семетей Козуев “Мекеним Кыргызстан” партиясынан шайлоого катышканбыз. Эгерде “Мекеним Кыргызстан” кайра шайлоого катышып калганда дагы ошонун катарында бармак», — деп түшүндүрдү Козуев.

Алишер Козуев. Сүрөт анын фейсбук баракчасынан алынды

«Россия нефть», карызга алынган күйүүчү май жана Матраимов

*Өткөн жылдын май айында «Клооп» «Россия нефть» Ош мэриясына караштуу бир нече ишканаларды күйүүчү май менен камсыздаганын аныктаган. Иликтөө «Ош Тазалык» 2018-жылдан тартып 2020-жылдын май айына чейин 59 млн сомдук күйүүчү май сатып алганын көрсөткөн. Ишкананын башчысы Нурбек Исмаилов пандемияга байланыштуу күйүүчү майды карызга алганын тастыктаган. «Россия Нефть» ЖЧКсы 2018-жылдын апрель айынан тарта Ош шаардык автоунаа муниципалдык ишканасы менен да иштешет. Тараптар орто эсепте 2,5 — 3 млн сомдук контракттарды түзүп келишкен. Андан сырткары аталган компаниядан күйүүчү майды Савай айыл өкмөтү да сатып алып турган. Ошол кезде айыл өкмөттү Матраимовдун өкүл уулу Мунарбек Сайпидинов башкарып турган.

Козуевдин айтымында, ал Матраимовдун анын бизнесине эч кандай тиешеси жок жана «Матраимов аны калкалаган эмес».

«Күйүүчү май вагон менен расмий декларациянын негизинде алынып келинет. 16 вагондо миң тоннада болот. Оруссиядан Казакстан аркылуу, Ошко келсе Өзбекстан аркылуу келет. Бажыда, салык кызматында, темир жолунда баары катталган. Матраимов калкалай турган нерсе жок ал жерде. Бажыга бир сом акча төлөбөйбүз. Биз пошлина жок алабыз да. Бизге льгота бар, болгону темир жолго гана, мамлекетке НДС жана акциз төлөйбүз», — дейт ишкер.

Ал «Клооптун» материалында айтылгандай «Ош-Тазалык» «Россия нефттен» күйүүчү май сатып алганын тастыктады.

«Материалда «Ош-Тазалык», Ош шаардык муниципалдык автоунаа ишканасы, дагы ушундай эле мэрияга караштуу эки-үч мамлекеттик кызматтын аты-аталган. Алар өздөрүнүн талабын көрсөтөт. Биздин май куюучу жайлар аларга ыңгайлуу жерде болгону үчүн, биздин жеткирип берүү кызматы ыңгайлуу болгону үчүн, анан баа жагынан жана эң негизгиси сапат жагынан ыңгайлуу болгону үчүн биз менен келишим түзүп иштеди», — дейт Козуев.

Анткен менен «Ош -Тазалык» менен келишим карыздын айынан токтотулган.

«Биздин "Ош-Тазалык"менен иштешүүдөн баш тартканыбызга бир жылга жакындап калды. Анткени биз тендерге катышпай койдук, себеби карызы көп. Бизге "Ош-Тазалык" жана автоунаа муниципалдык ишканалары акча карыз. ӨКМдин дагы карызы бар. Былдыркы жылкы акчаларды ала албай жүрөбүз. Азыркы күндө сотко берүүгө даярданып жатабыз. Мисалы автопарк 5 млн сомдой карыз» , — деп ачыктады бизнесмен.

Козуевдин айтымында, «Россия нефть» ишканасынын 36 май куюучу бекети, 30 жүк ташуучу унаасы жана эки базасы бар.

«2015-жылы 5 млн салык төлөп жатам. 2018-жылы 80 млн сомго жакын, 2019-жылы 120 млн сомго жакын, 2020-жылы 160 млн салык төлөп жатам. 2020-жылдын биринчи кварталында 40 млн сом төлөп жатам. Мен Кара-Суу районундагы эң көп өлчөмдө салык төлөгөндөрдүн сап башындамын. Себеби Кудайдан коркобуз. Себеби салык бул — элдик акчасы», — дейт ал.

Тема боюнча: «Ош-Тазалык» күйүүчү майды бир жарым жылдан бери бир гана Райымбек Матраимовдун жубайынын компаниясынан сатып алууда