Майдын башында Ош шаардык мэриясы «Ош-Тазалык» муниципалдык ишканасына 7 млн сом бөлүп берээри белгилүү болду. Аталган каражаттын көпчүлүк бөлүгү күйүүчү май сатып алууга жумшалмакчы.

Ишкананын башчысы Нурбек Исмаилов буга чейин «Ош-Тазалык» шаарга киргизилген карантинден улам зыянга учураганын «Азаттыкка» билдирген.

Ошондой эле Исмаилов «Ош-Тазалык» күйүүчү майды март айынан бери «Россия Нефть» компаниясынан карызга алып жатканын да айткан. Бул компаниянын негиздөөчүлөрү Алишер Козуев жана Уулкан (Аманда) Тургунова — Бажы кызматынын башчысынын мурунку орун басары Райымбек Матраимовдун жубайы.

Нурбек Исмаилов — эрежесиз уруштун мурунку мушкери

«Ош-Тазалык» ишканасы «Россия Нефть» компаниясынан күйүүчү майды 2018-жылдын декабрь айынан тартып сатып ала баштаган. Ошол учурда 9,5 миллион сомго келишим түзүлгөн. Декабрда «Ош-Тазалыктын» башчылыгына Нурбек Исмаилов келген. Ага чейин аталган кызматты Талант Капаров аркалаган.

Нурбек Исмаилов

Исмаилов — эрежесиз уруштун мушкери. «Азаттыктын» маалыматына ылайык, ал «Адыгине Файтер» спорттук клубунда машыккан. «Ош-Тазалыкка» келгенге чейин Ош шаарынын борбордук базарында салык инспектору жана автобустар паркында жетекчинин орун басары болуп иштеген.

2017-жылдагы президенттик шайлоодо Исмаилов аталган клубдун спортчулары менен бирге Ош шаарындагы шайлоо участкаларынын бирин көзөмөлдөгөн. Бир нече ЖМКлардын өкүлдөрү — алардын арасында Ош шаардык мэриясынын азыркы басма сөз катчысы Азамат Абсаттаров — Исмаиловдун спортчулары шайлоону жүрүшүн чагылдырган журналисттерди ур-токмокко алган деп айыптаган. Бирок иш сотко жеткен эмес.

Ош шаардык мэриясынын басма сөз катчысы Азамат Абсаттаров Исмаилов менен спорт комитенинин мурунку башчысы Кылыч Саркарбаевдин чогуу түшкөн сүрөттөрүн жарыялаган. Саркарбаев өзүнүн кызматынан үстүбүздөгү жылдын февраль айында четтетилген — буга спортчу Төлөгөн Рахманберди уулу Саркарбаев ага карата ок чыгарганын айтканы себеп болгон. Ошондой эле Рахманберди уулу ал ооруканада жатканда Саркарбаев Мунарбек Раимбеков менен бирге келип «арыз жазсаң өлтүрөбүз» деп коркутканын билдирген.

Мунарбек Раимбеков Кара-Суу районунун Савай айыл өкмөтүнүн башчысы жана Райымбек Матраимовдун өкүл баласы. Саркарбаев да Матраимовдун жакын адамдарынан болуп эсептелет.

Сол жактан үчүнчү Кылыч Саркарбаев

Учурда «Ош-Тазалыктын» башчысы Ош шаардык кеңешке «Биримдик» партиясынан талапкер болуп катталган. Партиянын шайлоо тизмесинде ал 16чы катарда турат.

«Россия Нефть» компаниясынын «монополиясы»

Нурбек Исмаилов «Ош-Тазалыктын» башчысы болуп дайындалгандан тарта ишкана күйүүчү майды бир гана «Россия Нефть» ЖЧКсынан алып баштаган. Жогоруда айтылгандай, бул компаниянын негиздөөчүлөрүнүн арасында Уулкан Тургунова бар — ал Райымбек Матраимовдун аялы.

*«Ош-Тазалык» ишканасы күйүүчү майды бир кварталга, башкача айтканда 3 айга сатып алышы ыктымал

Жалпысынан Нурбек Исмаилов «Ош-Тазалыктын» башчысы болуп дайындалгандан тарта, ишкана «Россия Нефть» ЖЧКсынан 59,1 миллион сомдук май сатып алган.

Белгилей кетсек, акыркы тендер 2020-жылдын март айында аяктаган, ал эми «Ош-Тазалык» ишканасы күйүүчү май үчүн «Россия Нефть» компаниясына 10 млн 93 миң сом которушу керек. Бирок Исмаилов «Азаттыкка» курган маегинде бул майды алар карызга алганын маалымдаган.

2018-жылдын декабрында өткөн тендерде «Россия Нефть» ЖЧКсы менен «Томас и Ко» жана «Партнер Нефть» компаниялары атаандашкан, бирок акыркы эки компания тендерди жеңе алган эмес. Ал эми 2019-жылдын март айынан ишкана келишимди түздөн-түз бир гана «Россия Нефть» менен түзөт.

«Россия Нефть» компаниясы менен кызматташкан башка мекемелер

Мамлекеттик сатып алуулар департаментинин сайтындагы маалыматка ылайык, «Россия Нефть» ЖЧКсы 2018-жылдын апрель айынан тарта Ош шаардык автоунаа муниципалдык ишканасы менен да иштешет. Тараптар орто эсепте 2,5 — 3 млн сомдук контракттарды түзүшөт.

2019-жылы бул ишкананын жетекчиси болуп Талант Капаров дайындалган. Буга чейин ал КСДП партиясынан Ош шаардык кеңешинин депутаты жана «Ош-Тазалык» ишканасынын башчысы болуп иштеген — кийинчерээк Нурбек Исмаилов анын ордуна келген. Баса, Капаров да эрежесиз уруштун мушкери болгон. Учурда ал Ош облусу боюнча ММА Федерациясынын филиалынын жана Панкратиондун президенти.

Талант Капаров

Биринчи контракттан тарта бүгүнкү күнгө чейин «Россия Нефть» компаниясынын эсебине бул ишканадан 34,1 млн сом түшкөн.

Ошондой эле бул компаниянын кардарларынын арасында Кара-Суу районунун Савай айыл өкмөтүн көрүүгө болот. Бул айыл өкмөт «Россия Нефть» ЖЧКсынын мамлекеттик сатып алуулар базарында биринчи кардары болгон: 2018-жылдын февраль айында айыл өкмөт бул компаниядан кызматтык унаа үчүн 108 360 сомдук күйүүчү май сатып алган.

Бүгүнкү күнгө чейин Савай айыл өкмөтү «Россия Нефть» менен иштешип келет. Жалпысынан бул айыл өкмөттүн кызматтык унааларына 326 миң сомдук күйүүчү май сатып алынган — баары «Россия Нефть» ЖЧКсынан. Кызыгы, тендерлер келишимди тикелей түзүү усулу боюнча сатып алуу ыкмасы менен өтүп жатат, башкача айтканда бул сатып алуу үчүн конкурс өткөрүлгөн эмес.

Көп жылдан бери Савай айыл өкмөтүн Мунарбек Раимбеков (мурунку фамилиясы Сайпидинов) жетектеп келет. Ал Кылыч Саркарбаев менен «жаш кезинен чогуу өскөнүн» тастыктаган. Мунарбектин бир тууганы — Нурбек Раимбеков — спортчу Төлөгөн Рахманберди уулун сабоого шектелип кармалган.

Социалдык тармактардан Мунарбек Раимбеков «Россия Нефть» ЖЧКсынын негиздөөчүлөрүнүн бири Алишер Козуев менен бирге түшкөн сүрөтүн кезиктирүүгө болот.

Мунарбек Раимбеков, Кылычбек Акаев жана Алишер Козуев

Раимбеков Алишердин бир тууган иниси — Семетей Козуев — менен да тааныш болушу ыктымал. Семетей, «Ош-Тазалык» ишканасынын жетекчиси Нурбек Исмаловдой эле, Ош шаардык кеңешке талапкер катары катталган. Ал шайлоого «Мекеним Кыргызстан» партиясы менен баратат.

«Россия Нефть» ЖЧКсынын экинчи негиздөөчүсү Уулкан (башкача Аманда) Тургунова — Райымбек Матраимовдун жубайы — бул анын жалгыз эле ишканасы эмес. Kloop, «Азаттык» жана OCCRP биргеликте жарыялаган иликтөөнүн алкагында, Тургунова Дубайда борбор азиялык көмүскө үй-бүлө менен чогуу инвестициялык бизнеси бардыгы аныкталган. Учурда экөө имаратты куруу долбоорун жетектеп жатышат.

Аталган үй-бүлөнүн башчысы Хабибулла Абдукадыр акыркы 10 жылда Борбор Азияда кудуреттүү карго империясыны негиздеген. Бул империя бажыдагы жемкорлуктун аркасы менен пайда болгон — ага ондогон аткаминерлер жана миллиондогон АКШ долларлар киришкен.

Курулуш долбоорунан сырткары, Тургунова Дубайда жер тилке менен батирге ээлик кылат. 2015-2017 жылдары болгон сатып алууларга Тургунова кеминде 12 миллион доллар жумшаган. Январдын аягында УКМК Матраимовдордун Дубайдагы мүлкүн текшерип баштаганын билдиришкен. Бирок азырынча бул текшерүүлөрдөн майнап чыга элек.

Мындан сырткары, Factcheck.kg журналисттери экс-бажычынын аялынын зергердик буюмдарын жана кийимдерин баалап көргөн. Натыйжада Тургунованын «майда-чүйдө» чыгымдары Матраимовдун расмий кирешелерине караганда бир нече эсе көбүрөөк экени ачыкталган.

Журналисттик иликтөө

Райымбек Матраимов — Кыргызстандан 700 миллион долларга чукул каражаттын көмүскө жол менен чыгарылып кетиши тууралуу журналисттик иликтөөлөрдүн фигуранты. Бул каражаттарды 5 жыл бою карапайым курьерлер аркылуу ташыган Айэркен Саймаити журналисттерге бул операцияларды Райымбек Матраимовдун жардамы менен жасаганын айтып берген. Саймаитинин айтымында, Матраимов бажыдагы жемкорлукту колдоп, Абдукадырдын көмүскө бизнесинин жүрүшүнө көмөк көрсөткөн

Курьерлер тоскоолсуз Абдукадыр үй-бүлөсүнүн акчаларын адалдагандан кийин, Саймаити жана анын аялы Вуфули Бумайлияму каражаттардын бир бөлүгүн Матраимовдордун үй-бүлөсүнө таандык болгон «Исмаил Ата» фондуна которушкан.

Kloop, «Азаттык» жана OCCRPнин биргеликте жасалган иликтөөсү жарыяланаардын алдында Саймаити Стамбул шаарында өлтүрүлгөн. Буга чейин Саймаитинин курьерлеринин бири Хусан Керимов киши колдуу болгон. Керимов ошол каргашалуу кечте тийиштүү дарекке жеткирүү үчүн накталай 1,6 миллион долларды алууга бараткан. Курьердин жансыз денеси «Манас» аэропортунун алдындагы унаанын багажнигинде табылды.

Хусан Керимовдон сырткары иш убагында жок болуп кеткен курьерлер да болгон. Керимов өлтүрүлгөнгө чейин бир жума мурун «Мадина» базарынын 37 жаштагы соодагер Хуфур Абдурехмандын денеси табылган. Бирок ал бир гана соодагер эмес, «коллектор» да болгон — Абдурехман башка соодагерлердин акчаларын чет өлкөлөргө чыгаруу үчүн топтоп жүргөн.

Бул иликтөө коомчулукта резонанс жараткан. Өткөн жылдын ноябрь айында миңдеген адам «Ак үйдүн» алдына коррупцияга каршы митингге чыккан. Чогулгандардын негизги талабы Райымбек Матраимовду камоо жана реалдуу реформаларды өткөрүү болгон.

Матраимовдордун үй-бүлөсү Kloop, «Азаттык» жана «24.kg» (бул басылма иликтөөдө катышкан эмес, ал иликтөө тууралуу өз сайтында жарыялаган) басылмасын 60 млн сомдук доо менен сотко бергенден кийин, жарандар экинчи митингге чыгышкан. Митингдин катышуучулары парламенттин алдындагы революция эстелигинин жанына чогулуп, ЖМКларга басым жасоону токтотууну талап кылышкан.

Кийинчерээк Матраимовдор «24.kg» басылмасына койгон доосунан баш тартышкан. Бирок алар Райымбек Матраимовдун «ар-намысы менен ишкердик беделине» зыян келтирилди деп Kloopтон 12,5 млн сом, «Азаттыктан» 22,5 млн сом жана журналист Али Токтакуновдон 10 млн сом талап кылышууда.

«Фактың барбы?» Райымбек Матраимовдун жубайынын «майда-чүйдө» чыгымдары

Жибек жолундагы аткезчилик, коррупция жана кландар

Дубайдагы өнөктөштүк. Матраимовдор менен Абдукадырдын үй-бүлөлөрүнүн байланышы