Өлкөдө коронавирустан алты бейтап каза болуп, жаңы 333 учуру катталды

Кыргызстанда 30-майда коронавирустун жаңы 333 учуру катталып, алты адам каза болду. Илдетти жуктуруп алгандардын төртөө — медкызматкер. Сутка ичинде 300 бейтап айыгып, үйлөрүнө чыгарылды. Бул тууралуу Республикалык штабдан маалымдашты.

Аймактар боюнча көрсөткүч:

Бишкек шаарында — 148;

Чүй облусунда — 68;

Ош шаары — 40;

Ысык-Көл облусунда — 23;

Жалал-Абад облусунда — 16;

Нарын облусунда — 14;

Ош облусунда — 13;

Баткен облусунда — 6;

Талас облусунда — 5;

Жалпысынан Кыргызстанда COVID-19га чалдыккан бейтаптардын саны 104 555ке жетти. Аларды 98 300ү оорудан айыкты. Ошондой эле, өлкө боюнча илдеттен 1 803 киши көз жумду.

Учурда ооруканаларда 1685 бейтап дарыланып жатат. Анын ичинен 436 киши оор, 90 бейтап өтө оор абалда. Ал эми үй шартында 1 743 киши дарыланууда.

Ошондой эле, Бишкек шаарынан төрт медкызматкер коронавируска чалдыкты. Үч медкызматкер үй карантининен чыгарылды. Жалпысынан коронавирус жуктурган медицина кызматкерлеринин саны 4 652ге жетти, анын ичинен 4 572 медкызматкер илдеттен айыкты.

ТЕМА БОЮНЧА:

Президенттин жубайы Айгүл Жапарова коронавируска каршы эмделди

График. Борбор Азияда эмдөө кандай жүрүп жатканын билгиңиз келеби?