Президенттин жубайы Айгүл Жапарова коронавируска каршы эмделди

Президент Садыр Жапаровдун жубайы — Айгүл Жапарова — COVID-19га каршы эмдөөдөн өттү.

Сүрөт: «Кабар»

Биринчи айымдын акыбалы жакшы экени жана ага сайылган вакцинанын дозасы, алган убактысы жазылган маалымдама берилгени кабарланды.

Айгүл Жапаровага Кыргызстанда эмдөө үчүн жеткиликтүү эки вакцинанын, Кытайдын Sinopharm же Орусиянын «Спутник V» вакцинасынын кайсынысы сайылганы айтылган жок.

Кыргызстандагы эмдөө

Өлкөдө эмдөө 29-мартта башталган. Учурда кыргызстандыктарга Кытайдын Sinopharm жана Орусиянын «Спутником V» вакцинасы сайылып жатат.

Марттын аягында Sinopharm вакцинасынын 150 миң дозасы келип түшкөн, бул 75 миң адамга жетет. Учурда бул вакцина менен ар бир каалоочу эмделе алат.

«Sputnik V» өнөкөт оорулары бар жана 65 жаштан улуу курактагы жарандарга сайылат.Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматына ылайык, 27-майга карата Кыргызстанда жалпы 79 693 адам эмдөөдөн өткөн.