Маркум Өмүрбек Пакыридин уулу

Кыргыз-тажик чек арасындагы тажик аскерлеринин кол салуусунан каза тапкан Өмүрбек Пакыридин уулу болгону 17 жашта болчу. Ал 29-апрелде «Головной» суу бөлүштүрүүчү жайында жарылган миномёттун огунан каза болгон 25 кишинин бири.

Кызыл-Кыя шаарындагы № 7-кесиптик лицейде «Автоэлектрик» адистигинде окуган Өмүрбек Баткен шаарында практика өтөп, андан кийин иштеп жаткан.

Маркумдун таекеси Абдисалим Мажитов «Клоопко» Өмүрбектин «Головнойго» кеткенин билгенден кийин, артынан барууну каалаган. Бирок ок атылып жаткандыктан суу бөлүштүрүүчү жайга жетүү мүмкүн болгон эмес.

«Ошол түнү уктай албай ар кайсы жерлерден издеп чыктым. Эртеси күнү [30-апрелде — ред.] моргко барсам, сөөгү ошол жакта экен. Бул кабарды апам менен эжеме [Өмүрбектин таенеси менен апасына — ред. ] өзүм айта алган жокмун. Башкалар аркылуу айттырууга туура келди», — деп жашыды Мажитов.

Кийин Мажитов ошол күнү Өмүрбек жөн гана таш уруш болот деген ойдо досу Султанбек Абдывахап уулу менен «Головнойго» кеткенин башкалардан уккан.


Өмүрбек бир үй-бүлөнүн жалгыз перзенти болгон. Таекеси аны мээримдүү, кайрымдуу, үй-тиричилик иштерине тың бала эле деп эскерди.


«Өмүрбек тайнесинин колунда өскөндүктөн, биз бир туугандай болуп өсүп калганбыз. Кичинесинен бери биз менен турчу. Патриот, жумшак адам болчу [...] апасынын жалгызы болчу. Ноябрда 18ге чыкмак», — деди Мажитов.

«Өмүрбектин кыялы — апасын үйлүү кылуу болчу»

Ал эми Өмүрбектин жакын досу Нурболот Эргешали уулунун айтымында, Өмүрбек апасына үй алып берүүнү максат кылчу. Мындан улам ал досуна окуу офлайн режимине өткөнгө чейин акча чогултуу үчүн Баткен шаарында иштеп келе тургандыгын айткан.


«Кесиби боюнча иштеп апасы экөөнө үй алууну пландап жүргөн эле. Каза болуп калган күнү Өмүрбек менен сүйлөшө алган жокмун. Бирок аны менен чогуу кеткен Султанбек менен сүйлөшкөм. Ал "Головнойго" Өмүрбек экөө баратканын айтып, мен “барбай эле койгулачы” дегенимде байланыш үзүлүп калган эле. Кийин каза болгонун уктук», — деди Эргешали уулу.


Тажик аскерлеринин агрессиясы

2021-жылдын 28-апрелинде Баткендин Ак-Сай айыл аймагындагы «Головной» суу бөлүштүрүү жайында кыргыз жана тажик жарандарынын ортосунда таш ыргытуу менен коштолгон жаңжал чыккан. Ага тажикстандыктар Кыргызстанга таандык суу бөлүштүрүүчү жайга видео байкоочу камера орноткону себеп болгон.

Ал эми 29-апрелде таңга маал Тажикстандын куралчан аскерлери Кыргызстандын чек арага жакын айылдарына чабуул жасаган. Миңдеген адам октон аман калуу үчүн үй-жайын таштап качууга аргасыз болгон.

Бул окуяда 36 кыргызстандык курман болгон — алардын арасында 33 жай тургун, жаш балдар жана өлкөбүздү коргогон үч аскер кызматкери да бар. Дагы 154 адам жарадар болуп, Баткен жана Лейлек райондорунун чек арага жакын айылдарынан 40 миңден ашуун адам эвакуацияланган.

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги чырда жалпы 136 турак үй жана 84 объект жабыркагандыгын маалымдаган.

Ал эми Тажикстандын расмий бийлиги жаңжалдан 87 тажик жараны жарадар болуп, анын ичинен 19 киши набыт болгонун кабарлаган.

Мындан сырткары, жаңжалда Тажикстандын жарандарына таандык 14 үй толугу менен жана үч үй жарым-жартылай бузулганын билдиришкен. Ошондой эле, бир курулуш жана бир мектеп жарым-жартылай жабыркаган.

Кыргызстандын Башкы прокуратурасы Тажикстандын аракетин аскерий агрессия катары баалаган. Ошондой эле Кыргызстандын аскерлери коргонуу максатында гана курал колдонгонун белгилеп, Тажикстандын аймагындагы калктуу конуштарга жана башка объектилерге кол салбаганын маалымдаган.

Ок атууну биротоло токтотуу келишими 1-майда Кыргызстан менен Тажикстандын Улуттук коопсуздук комитетинин башчылары жолуккандан кийин мүмкүн болгон. Ал эми 3-майда эки тарап кошумча күчтөрдү жана каражаттарды мамлекеттик чек ара тилкесинен туруктуу жайгаштырылган жайларына чыгарып кетүүнү аягына чыгарышкан.

Редактору: Зарина Маматжанова

Тема боюнча: