Тажикстан чек арадагы куралдуу кагылышууда 19 киши каза болуп, 87 адам жабыркаганын билдирди

Кыргыз-тажик чек арасындагы кагылышуудан каза болгондордун тажыясы. Исфара шаары. Сүрөт: «Озоди»

Тажикстандын Согди облусунун администрациясы кыргыз-тажик чек арасындагы жаңжалда 19 жаран каза болгонун жана 87 киши жарадар болгонун тастыктады. Бул тууралуу тажикстандык «Asia-Plus» басылмасы кабарлады.

Куралдуу кагылышуудан жабыркаган тажик жарандарына бийлик тарабынан 3 млн сомони которулганы да маалымдалды — бул 265 миң АКШ долларга чукул каражат.

Буга чейин «Озоди» басылмасы өзүнүн эсептөөлөрүнө таянып жалпысынан 20 тажик жараны көз жумганын кабарлаган — алардын 11и аскер.

Тажик бийлиги кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу кагылышууда жарадарлар болгондордун жана каза тапкандардын санын ачыктабай келген.

Ал эми Кыргызстан куралдуу кагылышууда 189 киши жарадар болуп, анын ичинен 36 кыргыз жараны каза тапканын маалымдаган. Набыт болгондордун арасында 12 жаштагы өспүрүм кыз жана 4 жашар наристе, ошондой эле, үч кыргызстандык аскер бар.

Эң көп жоготуулар Көк-Таш айылындагы «Головной» суу бөлүштүрүүчү жайында катталган — анда тажик тараптан атылган миномёттон 25 киши көз жумган.

Кыргызстандын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу кагылышууда 129 турак үй жана 84 объект жабыркаганын маалымдады.

Президент Садыр Жапаров 6-майда Лейлек районундагы Максат айылынын тургундары менен жолугушууда курман болгондордун үй-бүлөлөрүнө 1 млн сом өлчөмүндө компенсация төлөнө турганын билдирген. Ошондой эле ал Баткен облусуна өзгөчө статус берилерин жана өрттөнгөн үйлөрдүн ордуна жаңы турак-жайлар салына турганын айткан.

Кыргыз өкмөтү Баткен облусундагы чек арага жакын айылдарды калыбына келтирүүгө 700 млн сом бөлгөн. Анын 500 млн сому социалдык объектилерди курууга жумшалат. Ошол эле учурда өкмөт жабыркагандардын үйлөрүн гана куруп берүү милдетин алат, бирок алардын уурдалган мал-мүлкүнө жоопкерчилик албайт.

ТЕМА БОЮНЧА:

«Мекен үчүн жанымды берем». «Бөрү» отрядынын жоокери Бекзод Юлдашевди жакындары эскерди

«Кесибин сүйчү, акыры мекен деп жан берди». Эсентурдун агасы маркум инисин эскерди

Куралдуу кагылышууда каза тапкан аскер Нурсултан Манасбек уулунун сөөгү Аксыда жерге берилди

Чек ара чырында курман болгон 12 жаштагы Мадинанын сөөгү жерге берилди