Ишкер жана экс-депутат Ибрагимов мамлекетке өз ыктыяры менен 100 млн сом төктү — УКМК

Жогорку Кеңештин экс-депутаты Сергей Ибрагимов мамлекеттин эсебине өз ыктыяры менен 100 млн сом төгүп берди. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин басма сөз кызматы билдирди.

УКМКдан Ибрагимовдун компанияларын салык текшерүүсүнө алып, бирок эч кандай бузууларды табышпаганын айтып беришти.

«Бирок Сергей Ибрагимов республикадагы татаал социалдык-экономикалык абалды эске алып, кайтарымсыз финансылык жардам көрсөтүүнү сунуштап, 100 млн сом которгон», — деп белгилешти атайын кызматтан.

УКМК аталган сумма толугу менен мамлекеттин эсебине түшкөнүн белгиледи.

Ибрагимов деген ким?

Сергей Ибрагимов— Бакай Банктын акцияларынын ири кармоочусу. Ага акциялардын 70,62%ы таандык. Мындан тышкары, экс-депутат «Кыргыз Коньягы» коньягын чыгарган заводго ээлик кылат.

Ошондой эле «Beauty Септ» колду дезинфекциялоочу каражатын чыгарган «Идеал-Фарм» компаниясын негиздеген.

Ибрагимов «Ак-Жол» партиясынан Жогорку Кеңештин төртүнчү чакырылышына депутат болгон — партия тактан кулатылган президент Курманбек Бакиевге тиешелүү болчу. Ошондой эле, экс-депутат «Имиджстрой» курулуш компаниясынын ээси.

Дал ушул компания Ысык-Көл жээгиндеги «Каганат» курортуна коттедждерди курган. Ал коттедждерди кримтөбөл Камчы Көлбаев менен байланыштырып жүрүшөт.

Журналисттердин Бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимов жана Камчы Көлбаев тууралуу иликтөөсүндө, экс-бажычынын аялы «Кагатта» эс алганы белгилүү болгон. Айта кетүүчү жагдай, бул эс алуу жайы картада жок, айланасында күзөтчүлөр турат жана бийик дубалдар менен курчалган.

Иликтөөнүн алкагында курорттун менеджерлеринин бири 23 коттедждин бири дагы ижарага берилбесин айткан журналисттерге. Сатып алууну каалагандар болсо эс алуу жайынын ээлеринин макулдугун алышы керек. Ушул тапта ал жерде сатыкка сунушталган коттедж жок.

Мындан тышкары, жергиликтүү бир нече тургун «Каганаттын» артында Көлбаев турарын бышыкташкан. Өзүн кардар катары тааныштырган кабарчыга «Имиджстройдун» жогорку кызматтагы өкүлү да Көлбаевди ал жердин «ээси» деп айткан.

ТЕМА БОЮНЧА: Көлбаев менен байланыш