54 млн доллар, азык-түлүк жана вакцина. Кытай Кыргызстанга жардам берет

Президенттин басма сөз кызматы 31-майда Кытайдын бийлиги Кыргызстанга азык-түлүк жана гранттык жардам көрсөтүүнү чечкенин билдирди. Чечим Сиань шаарында кыргыз-кытай эки тараптуу сүйлөшүүлөрүнүн жыйынтыгы менен кабыл алынган.

Кытай тарап 40 миң тонна ун, 20 миң тонна кумшекер, 20 миң тонна өсүмдүк майын, ошондой эле 350 млн юань (54 млн АКШ доллары чамасында) акча каражатын бөлүүнү чечкен — аталган каражат өлкөдөгү инфраструктуралык долбоорлорду ишке ашырууга жумшалат.

Ошону менен бирге Кыргызстандын Кытайга болгон мамлекеттик тышкы карызы боюнча төлөмдөрдү кийинкиге жылдырууда кошумча төлөмдөр кошулбайт. Мындан тышкары, COVID-19 пандемиясынын кесепетинен убактылуу токтоп калган гранттык долбоорлорду ишке ашыруу үчүн Кыргызстанга кытайлык адистер жөнөтүлөт.

Ошондой эле Кытай Кыргызстанга гумжардам катары 150 миң доза кытай вакцинасынын экинчи партиясын кайтарымсыз негизде берет.

«Кыргыз тарап Кытайга өлкө жетекчилигинин көрсөткөн колдоосу үчүн ыраазычылыгын билдирет. Кыргызстан эки тараптуу мамилелердин жигердүү өнүгүшүнө жана эки өлкөнүн, эки элдин кызыкчылыгы үчүн стратегиялык өнөктөштүктү бекемдөөгө кызыкдар», — деп айтылат билдирүүдө.

ТИМ башчыларынын жолугушуусу

Буга чейин жетишилген келишимдер эки тарап жактан талкууланган болчу — 2021-жылдын 11-майында Кыргызстан менен Кытайдын тышкы иштер министрлери Руслан Казакбаев менен Ван И жолугушкан.

«Сүйлөшүүлөр достук маанайда жана талкууланган бардык маселелер боюнча толук өз ара түшүнүшүү духунда өткөндүгү» кабарланган. Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар Кыргызстандын тышкы иштер министрлиги жана Кытай тарап менен 2022-2023-жылга карата кызматташтык программасына кол коюшкан.

Анда Ван И Кыргызстанга төмөнкүлөр берилерин билдирген:

  • 150 миң доза көлөмүндөгү кытай вакцинасынын экинчи партиясын акысыз негизде гуманитардык жардам катары берүү;
  • экономиканы колдоо үчүн 350 миллион юань (54 миллион АКШ долларына жакын) өлчөмүндө грант бөлүү;
  • Кыргызстандын Кытайдын алдындагы мамлекеттик тышкы карызы боюнча төлөө мөөнөтүн кийинкиге жылдыруу үчүн кошумча үстөк койбоо;
  • «Торугарт» жана «Эркечтам» өткөрүү пункттарынын «өткөрүү жөндөмүн жогорулатуу максатында» алардын ишмердигин оптимизациялоо.

Мындан тышкары, кытай ТИМнин башчысы Кыргызстанга «азык-түлүк жардамын көрсөтүү » жана COVID-19 пандемиясына байланыштуу токтоп калган гранттык долбоорлорду жандандыруу маселесин дагы карап көрүүнү билдирген эле.