54 млн доллар грант жана акысыз вакцина. Кытай Кыргызстанга жардам көрсөтөт

ТИМдин басма сөз кызматы 2021-жылдын 11-майында Кыргызстан менен Кытайдын тышкы иштер министрлери Руслан Казакбаев менен Ван И жолугушканын билдирди. Азыркы учурда Казакбаев расмий иш-сапары менен Кытайда жүрөт.

«Сүйлөшүүлөр достук маанайда жана талкууланган бардык маселелер боюнча толук өз ара түшүнүшүү духунда өттү» деп белгиленген. Сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында Кытай Эл Республикасы менен Кыргызстандын Тышкы иштер министрлери 2022-2023-жылдарга карата кызматташуу программасына кол коюшту. 

ТИМ башчылары эмнени талкуулашты?

Ведомствонун басма сөз кызматы кабарлагандай, Ван И жана Казакбаев «кыргыз-кытай кызматташтыгынын кеңири чөйрөсүн талкуулашты».

ТИМ башчылары Кыргызстандан Кытайга айыл чарба продукцияларын экспорттоо, «Торугарт» жана «Эркечтам» өткөрүү пункттарынын ишмердүүлүгү, товар жүгүртүү, Кыргызстанда гранттык долбоорлорду ишке ашыруу тууралуу сүйлөштү.

Мындан тышкары, «Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан» темир жолун куруу, Кыргызстандын экономикасына кытай инвестицияларын тартуу, «Бир алкак – бир жол» демилгеси тууралуу биргелешкен инфратүзүмдүк долбоорлорду илгерилетүү маселелерине дагы токтолушкан.

Тараптар кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу кагылышууну да талкуулашты. ТИМдин басма сөз кызматы билдиргендей, Кытайдын Тышкы иштер министрлиги «кыргыз-тажик мамлекеттик чек арадагы келишпестик кырдаалын Кыргызстан тынчтык жолу менен чечүүгө аракет кылганын жогору баалаган».

Кытайдын чечими

Кыргызстандын ТИМнин маалыматы боюнча, жолугушуу учурунда Ван И, өлкөлөрдүн ортосундагы «стратегиялык өнөктөштүк мамилелерин эске алып», эки тараптуу кызматташтыктын багыты боюнча бир нече чечимди ачыктады. Ага ылайык Кыргызстан төмөнкүлөрдү алат:

150 миң доза көлөмүндөгү кытай вакцинасынын экинчи партиясын акысыз негизде гуманитардык жардам катары берүү;

экономиканы колдоо үчүн 350 миллион юань (54 миллион АКШ долларына жакын) өлчөмүндө грант бөлүү;;

Кыргызстандын Кытайдын алдындагы мамлекеттик тышкы карызы боюнча төлөө мөөнөтүн кийинкиге жылдыруу үчүн кошумча үстөк койбоо жөнүндө;

«Торугарт» жана «Иркештам» өткөрүү пункттарынын өткөрүү жөндөмүн жогорулатуу максатында алардын ишмердигин оптимизациялоо боюнча аракеттер көрүлө тургандыгы белгиленди.

Дагы окуңуз: Бекешев: Кытайга болгон карызды жарандардан алынган салыктын эсебинен төлөйбүз

Мындан тышкары, кытай ТИМнин башчысы Кыргызстанга «азык-түлүк жардамын көрсөтүү маселесин карап көрүү» жана COVID-19 пандемиясына байланыштуу токтоп калган гранттык долбоорлорду жандандырууга даярдыгын билдирди.

Ошондой эле Ван И Кыргызстандан Кытайга экологиялык жактан таза айыл чарба продукцияларын экспорттоонун көлөмүн көбөйтүүгө «кытай тараптын кызыгуусун» билдирди. Экспортко чыга турчу продукциялардын тизмесине картошка, фасоль, рапс жана жүзүм кирет.

Жолугушуунун аягында ТИМ башчысы Ван И Руслан Казакбаевдин «ыңгайлуу убакта» Кыргызстанга расмий сапар менен келип кетүү боюнча чакыруусун кабыл алды.

Даярдаган: Айжан Ералиева