Ош прокуратурасы мэрия тарабынан мыйзамсыз сатылган жерди кайтарды

Ош шаардык прокуратурасы жеке менчикке өтүп кеткен 3,6 млн сомдук жер тилкесин муниципалдык менчикке кайтарды. Бул тууралуу 1-июнда Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы кабарлады.

Прокуратура Курманжан-Датка көчөсүнүн №262а дарегинде жайгашкан 154 чарчы метр жер тилкесин А.С. аттуу жаранга берүү боюнча 2008-жылдын 18-сентябрында Ош шаардык мэриясы тарабынан мыйзамсыз токтом кабыл алынгандыгын аныктаган.

Жеке менчикке берилген учурда Ош мамлекеттик университетине караштуу болгон жана баасы 3,6 млн сомду түзгөн.

Мындан сырткары, Ош шаардык кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо башкармалыгы тарабынан аталган жаранга жеке менчик укугу жөнүндөгү мамлекеттик акты берилгендиги маалым болгон.

Ош шаардык соту прокуратуранын укук күбөлөндүрүүчү жана укук белгилөөчү документтерди жараксыз деп табуу тууралуу доо арызын толугу менен канааттандырган. Прокурордук чара көрүү актысынын негизинде жер тилкеси мэриянын балансына кайра өткөрүлгөн.