Толиб Исроилов

Тажик аскерлери кол салганда жарадар болгон №707 аскер бөлүгүнүн кызматкери Кубатбек Исроилов жардамга муктаж. Ал ок атышуу маалында бутуна ок жеп Бишкек шаардык Травматология жана ортопедия илим изилдөө борборунда дарыланып жатат.

Аскердин атасы Толиб Исроилов «Али Токтакунов» медиа хабына маек куруп уулунун дарылануусуна мамлекет тарабынан жарытылуу жардам көрсөтүлбөй жатканын айтты. Жакында аскердин бутуна дагы бир операция жасалуусу керек.

«Баламды ушул кызматка [акер кызматына — ред.] жакшынакай боюнча бергенмин [...] Бирок эмнеге ИИМ жана мамлекет азыр карабай жатат. Горнизондон Токтобүбү деген келип жатат, ошого памперс, майда-чүйдө алып келгилечи деп сурасам [...] ошол да жок болуп жатат, эч кимден жардам жок. Профессор Сабырбек Жумабеков өзү эле демөөрчүлөрдү таап, дарыларды алып, жардам берип жатат, ага чоң рахмат», — деди Исроилов.

*Буга чейин 6-майда президент Садыр Жапаров Баткен облусуна бир күндүк иш-сапары менен барып, Кулунду жана Орто-Боз айылдарынын тургундары менен жолуккан. Анда өлкө башчысы курман болгондордун үй-бүлөлөрүнө 1 млн, ал эми жаракат алгандарга 50 миңден 100 миң сомго чейин кенемте төлөнөрүн кошумчалаган.

Кубатбек Исроилов Орусиянын Коргоо министрлигинин Аскердик окуу жайын аяктаган. Андан соң Кыргызстанга келип Аскер институтунун каржы кызматынын бөлүмүн жетектеген. Ал Баткендеги аскер бөлүккө өз калоосу менен чек араны коргоо үчүн барган.

Исроилов ооруканада жатканда анын жубайы көз жарган. Ал тун уулун телефондон видео чалуу аркылуу гана көрүп жатат. Анткени бутунун жаракатынын айынан баса элек.

«Абалым учурда орточо, бутум катуу ооруп уйку жок болуп жатат. Тынбай нерв системалары ооруп жатат. Операция кылган бутум жакшы болгону менен, оң бутум катуу ооруп жатат», — дейт аскер.

Кубатбек Исроиловду 28-майда Чек арачылардын кесиптик майрамына карата өлкө башчысы Садыр Жапаров «Ардак грамота» менен сыйлады.


Ал эми аскерге жардам берүүнү каалагандар төмөкү банктык реквизитке каражат которсо болот: «Кыргызстан Банк», Элкарт — 92302417790600001180


Кубатбек Исроиловдун бутуна ок 29-апрелде кыргыз-тажик чек арасына чектеш Көк-Таш айылында тийген. Анын айтымында, ошол күнү эртең менен ок атуулар башталып, «тревога» жаңырган.

«Көк-Таштагы ротабызга жардамга барып, ал жерде позицияларда жаттык. Саат үчтөр чамасында тажик тараптан миномёттор атыла баштады. Биз команданы күтүп жаттык. Команда келди, анан биз дагы ата баштадык», — деген ал.

Кубатбек позициясын алмаштырууга аракет кылганда бутуна ок тийип жарадар болгон.

Тажик аскерлеринин агрессиясы

2021-жылдын 29-апрелинде таңга маал Тажикстандын куралчан аскерлери Кыргызстандын чек арага жакын айылдарына чабуул жасаган. Миңдеген адам октон аман калуу үчүн үй-жайын таштап качууга аргасыз болгон.

Бул окуяда 36 кыргызстандык курман болгон — алардын арасында 33 жай тургун, жаш балдар жана өлкөбүздү коргогон үч аскер кызматкери да бар. Дагы 154 адам жарадар болуп, Баткен жана Лейлек райондорунун чек арага жакын айылдарынан 40 миңден ашуун адам эвакуацияланган.

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги чырда жалпы 136 турак үй жана 84 объект жабыркагандыгын маалымдаган.

Кыргызстандын Башкы прокуратурасы Тажикстандын аракетин аскерий агрессия катары баалаган. Ошондой эле Кыргызстандын аскерлери коргонуу максатында гана курал колдонгонун белгилеп, Тажикстандын аймагындагы калктуу конуштарга жана башка объектилерге кол салбаганын маалымдаган.

Ал эми Тажикстандын расмий бийлиги жабыркагандардын санын ачыктай элек, бирок тажик ЖМКлары жаңжалдан 88 тажик жараны жарадар болуп, анын ичинен 20 киши набыт болгонун кабарлаган.

Мындан сырткары, жаңжалда Тажикстандын жарандарына таандык 14 үй толугу менен жана үч үй жарым-жартылай бузулганын билдиришкен. Ошондой эле, бир курулуш жана бир мектеп жарым-жартылай жабыркаган.

Редактору: Зарина Маматжанова

Тема боюнча: