Чек ара жаңжалынан жабыркагандардын балдары Ысык-Көлдө реабилитациядан өтөт

Президент Садыр Жапаров 6-майда Баткен облусуна бир күндүк иш-сапары менен барып, Кулунду жана Орто-Боз айылдарынын тургундары менен жолукту.

Жапаров бузулган үйлөрдүн бардыгы акысыз калыбына келтирилерин, курулуш иштери июнь айына чейин аяктарын айтты. Ал анда сырткары курман болгондордун үй-бүлөлөрүнө 1 млн, ал эми жаракат алгандарга 50 миңден 100 миң сомго чейин кенемте төлөнөрүн кошумчалады.

Баткен облусу өзгөчө статус алса бир катар жеңилдиктерге ээ болоруна дагы токтолгон. Андан сырткары жаңжалда жабыркагандардын балдары Ысык-Көлгө жиберилерин белгиледи.

«Президент чек ара жаңжалынан жабыркаган үй-бүлөлөрдүн балдары Ысык-Көлдө реабилитациядан өтө турганын баса белгиледи», — деп айтылат президенттин маалымат кызматы тараткан билдирүүдө.

Эл менен жолукканда мамлекет башчысы чек арачылардын эмгек шартын жакшыртуу жана айлык акыларын жогорулатуу боюнча чаралар улантыларын кошумчалады.

«Мен Баткен облусун колдоо үчүн өзгөчө күч-аракеттерди жумшайм. Биз эч кимге кыргыз жерине ээлик кылууга жол бербейбиз», — деди Жапаров.

Буга чейин Жапаров Максат айылынын тургундары менен жолугукканда президенттин күзөт кызматы сүрөт-видеого тартууга тыюу салганын «Азаттык» үналгысы билдирген.

Кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу жаңжал

Кыргыз-тажик чек арасындагы чыр 28-апрелде Баткен районунун Көк-Таш айылындагы «Головной» суу бөлүштүрүүчү жайында тажик тарап өз алдынча видео байкоочу камера орнотконуна байланыштуу башталган.

Чек арадагы ок атуулардын кесепетинен Кыргызстандын 189 жараны жарадар болуп, 36 киши каза тапкан. Маркумдардын ичинен 25 киши «Головной» аймагына атылган миномёттон көз жумган.

Ал эми Согди облусунун администрациясы кыргыз-тажик чек арасындагы жаңжалда Тажикстандын 19 жараны каза болуп, 87 киши жарадар болгонун билдирди.

Кыргызстандын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу кагылышууда 129 турак үй жана 84 объект жабыркаганын маалымдады.

Мындан улам кыргыз өкмөтү Баткен облусундагы чек арага жакын айылдарды калыбына келтирүүгө 700 млн сом бөлгөн. Анын 500 млн сому социалдык объектилерди курууга жумшалат. Ошол эле учурда өкмөт жабыркагандардын үйлөрүн гана куруп берүү милдетин алат, бирок алардын уурдалган мал-мүлкүнө жоопкерчилик албайт.

ТЕМА БОЮНЧА

Кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу кагылышуудан кийинки жоготуулар — таблица

Баткен: Өрттөлгөн айылдарды калыбына келтирүү боюнча жарлыкка кол коюлду

Баткен: Курман болгондордун үй-бүлөлөрүнө 1 млн сом кенемте төлөнөт

Тажик бийлиги маалымат таратууда «Клооптун» сүрөтүн колдонгону үчүн кечирим сурады