«Кудай сактады». Чек ара чырында үч ирет ок жеп аман калган жоокер

Иллюстративдик сүрөт

Кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу жаңжалда 27 жаштагы аскер Кубатбек колунан жана бутунан жаракат алган. Ал учурда Бишкек шаарындагы Травматология жана ортопедия илим изилдөө борборунда дарыланып жатат.

«Али Токтакунов МедиаХабынын» кабарчылары Кубанычбекке жолугуп, окуянын чоо-жайын сурап маек курушту.

«Эртең менен ызы-чуу болуп, Көк-Ташка жардамга бардык»

Кубатбек Баткендеги №707 аскер бөлүгүнүн кызматкери. Анын айтымында, 29-апрелде эртең менен ок атуулар башталганы айтылып, «тревога» көтөрүлгөн.

Аскерлердин жарымы «Головной» суу бөлүштүрүүчү жайына, жарымы болсо Көк-Ташка жөнөп кеткен.

«Көк-Таштагы ротабызга жардамга барып, ал жерде позицияларда жаттык. Саат үчтөр чамасында тажик тараптан миномёттор атыла баштады. Биз команданы күтүп жаттык. Команда келди, анан биз дагы ата баштадык», — деди ал.

Кубатбек атууда тоскоолдук болгондуктан позициясын алмаштырууга аракет кылган. «Ордумдан эки метрдей жылганда менин шеригиме, аны караганча эле өзүмө ок тийди» деди ал.


«Ок бутума тийди. Дароо эле жерге жыгылдым. Бакырып жаттым. Шеригим келип сүйрөп, казармандын ичине алып кирип кетти. Ал жактан башым айланып, өзүмдү жаман сезип жаттым [...] Эс-учумду жогото баштадым», — деди ал.


«Катуу айдап чыгып кеттик»

Кубатбек өзүнө келе албай жаткан учурда болгон окуялардын айрымдарын элес-булас эстейт. Анын айтымында, бир убакта көзүн ачса аны терезеден чыгарып кетип жатышыптыр. Ал эми кийинчерээк өзүн дарактардын түбүндө көтөрүп өтүп кетип жатышканын көргөн.

Кийинчерээк тез жардам унаасында ал көзүн ачып, жанындагылардын сүйлөшккөндөрүн уккан.

«Эски аскердик тез жардам кызматы эле. Ичинде эки жарандык кийимчен киши отурган, алдында эки аскер. Бир маалда алар бронежилет менен унаанын алдын тоскула деп сүйлөшүп калышты. Көрсө, биз Тажикстан тарапта бара жаткан экенбиз. Анан тоонун үстүнөн биздин унаага карата ок атыла баштады. Ооруканага баратканда унаабызды аткылашты», — деди ал.

Аскердин айтымында, унааны катуу айдашканына карабай ок тийип, унаанын терезелери күбүлүп түшкөн. Дал ошол учурда Кубатбектин оң колуна жана сол бутуна ок тийген.


«Бир маалда унаанын ылдамдыгы жайлап кетти. Көрсө, айдоочу дагы бутунан жарадар болгон экен. Анан жанындагы шериги “токтобо, газды бас” деп айтты. Катуу айдап ошол жерден чыгып кеттик, Кудай сактады», — деди аскер.


«Ата-энеме, дарыгерге ыраазымын»

Баткенге жеткен соң Кубатбектин абалы оор болгонуна байланыштуу дароо эле операция жасалган. Ал эми эртеси күнү аны учак менен Бишкекке алып келишкен.

«Бишкекке экинчи күнү келдим, дээрлик эки жума реанимацияда жаттым. Өзүмө келтирип жакшы карашты. Бул жактан сол бутума операция жасалды. Абдан жакшы карашты», — деди аскер.

Кубатбектин айтымында, аны менен чогуу кызмат өтөгөн дагы 14 же 16 аскер кызматкери жарадар болгон. Ошол күнү ок тийген дагы бир шеригинин абалы жакшы, туруп басып калды.

27 жаштагы Кубатбек 9-май күнү тун наристелүү болду. Ал учурда «тирүү калганына шүгүр кыларын» айтып, ата-энесине жана дарыгерлерге ыраазычылыгын билдирди.


«Биринчиден кудайга шүгүр. Экинчиден канча жашка чыксам да кичине баладай карап жатканы үчүн ата-энеме ыраазычылыгымды билдирем. Үчүнчүдөн профессорго ыраазымын. Мени бутума тургузаарына ишенем», — деп сөзүн жыйынтыктады ал.


Тажик аскерлеринин куралдуу агрессиясы

2021-жылдын 29-апрелинде таңга маал Тажикстандын куралчан аскерлери Кыргызстандын чек арага жакын айылдарына чабуул жасаган. Миңдеген адам октон аман калуу үчүн үй-жайын таштап качууга аргасыз болгон.

Бул окуяда 36 кыргызстандык курман болгон — алардын арасында 33 жай тургун, жаш балдар жана үч аскер кызматкери да бар. Дагы 154 адам жарадар болуп, Баткен жана Лейлек райондорунун чек арага жакын айылдарынан 40 миңден ашуун адам эвакуацияланган.

Жаңжалда тургундардын 136 турак үйү жана 84 объект өрттөлгөн. Мындан сырткары мал-жандыктары жана буюмдары тонолуп, документтери жоголгон.

Ал эми тажик тараптан 90 киши жарадар болуп, 20 киши каза болгон. Ошондой эле 14 турак үй жана бир мектеп (жарым-жартылай) өрттөлгөн.