Депутат Исаев Жээнбеков, Бабанов жана Зулпукаровдун бөгөт чарасын өзгөртүүнү талап кылды

Депутат Канат Исаев Жогорку Кеңештин 3-июнундагы жыйынында буга чейин кармалган Асылбек Жээнбеков, Өмүрбек Бабанов жана Төрөбай Зулпукаровго болушту. Үчөө тең тергөө абагында кармалууда — саясатчы аларга карата дайындалган баш коргоо чарасын кайра карап чыгууну талап кылды.

«Үчөө тең салмактуу саясатчы, кичи мекенинде чоң колдоосу бар инсандар. Келечекте буларга коюлган айыптар такталабы, такталбай калса кандай болот, камалышына ким жооп берет деген маселе козголбой койбойт», — деди Исаев экс-президенттин инисин, экс-премьер-министрди жана парламент боюнча кесиптешин сыпаттап.

Исаев «Кумтөр» иши боюнча кармалган саясатчылардын бөгөт коюу чарасын кайра карап чыгууну талап кылганы менен, эгерде аталган саясатчылардын күнөөлөрү далилденсе жоопкерчиликке тартуу керек деп эсептейт.

«Эгерде күнөөсү болсо булар жоопкерчиликке тартылбасын дегенден мен алымсын, жоопкерчиликке тартылсын эгерде айтылып аткан, коюлуп аткан кинелер мойнуна коюлуп, далилдери такталса, сот өкүмдөрү чыкса жоопкерчиликке тартылсын. Бирок биз тарыхта көрүп жатабыз — көп учурда андай болгон жок. Жүздөгөн адамдар бүгүнкү күндө абакта мыйзамсыз отурат», — деди ал оппозиционер Өмүрбек Текебаев куугунтукталганын, өз убагында азыркы спикер Талант Мамытовго, президент Садыр Жапаровго жана УКМКнын башчысы Камчыбек Ташиевге каршы кылмыш иштери козголгон эскертип.

*2018-жылы сот Жапаровду Каракол шаарында жана 2013-жылы Саруу айылында «Кумтөр» алтын кенин улутташтыруу үчүн митингди каржылоого күнөөлүү деп тапкан. Сот Жапаров митингчилерди башкарып турган жана Ысык-Көл облусунун мурдагы губернатору Эмилбек Каптагаевди барымтага алгыла деп митингчилерге буйрук берген деп эсептеген. Ал 11,5 жылга эркинен ажыратылган. Кийинчерээк Жогорку сот бул мөөнөттү бир жарым жылга кыскарткан. 2020-жылдын октябрь айында кылмыш иши кыскартылган. «Бийликти күч менен басып алууга аракет» беренеси боюнча 2012-жылы Ак үйдүн алдындагы митинг үчүн Жапаровго жана анын үзөңгүлөштөрү Мамытов менен Ташиевге дагы кылмыш иши козголгон (Анда Кумтөргө байланыштуу митинг өткөн). Анда алар Ак үйдүн тосмосун ашып өтүүгө аракет кылышкан — 2020-жылы иш кайрадан каралып, саясатчылар акталышкан.

Канат Исаев депутаттар Жээнбеков менен Зулпукаров, ошондой эле экс-премьер Өмүрбек Бабановго каршы козголгон кылмыш иштери тууралуу маалымат жок экенине, аларга кандай айып тагылганы жана тергөөнүн далилдери бар-жогу тууралуу айтылбай жатканына дагы нааразы болду.

Буга чейин Бабановдун адвокаты саясатчы өзүн күнөөлүү деп эсептебейт жана тергөө менен кызматташууга барбайт, мамлекетке чыгым төлөбөйт деп билдирген.

Ал эми Асылбек Жээнбеков кармалганын саясий куугунтук деп атаган, ал дагы өзүн күнөөлүү деп ойлобойт.

«Кумтөр иши» боюнча кармалгандар жана сурак бергендер

УКМК 31-майда «Кумтөр иши» боюнча алгач экс-премьер-министр Өмүрбек Бабанов, депутаттар Асылбек Жээнбеков жана Төрөбай Зулпукаровду кармап, акыркы экөө эки айга камакка алынган. Андан соң ушул эле күнү Пирматов жана Узакбаев кармалган. Кармалган саясатчыларга карата эки айга УКМКнын ТИЗОсуна камакка алуу чечими чыккан.

Ал эми бул иштин алкагында биринчилерден болуп, 26-январда, мурдагы премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев колго түшкөн. Ал «Кумтөр Голд Компаниге» кошумча жер тилкени чалгындоо иштери үчүн бөлүп бергени үчүн кармалган.

Аталган иштин алкагында экс-премьер-министрлер Темир Сариев жана Игорь Чудинов сурак берип чыгышкан. Ошондой эле атайын кызмат депутаттар Рыскелди Момбеков, Дастан Жумабеков жана экс-депутат Максат Сабировдон да сурак алган.

УКМКнын башчысы Камчыбек Ташиев журналисттерге Кумтөр боюнча иликтөөнүн жүрүшүндө Кыргызстандын мурдагы президенттери да жоопко тартылышы мүмкүн экенин билдирген.

Кыргызстан эгемендик алгандан бери өлкөдө беш президент алмашкан — Садыр Жапаров алтынчысы. Канаданын компаниясы 1996-жылдан тартып Кумтөр кенин каза баштаган. Мындан улам, мурдагы президенттердин бардыгы шектүү болушу мүмкүн.