«Мэриянын шалаакылыгы». Депутаттар мэрдин м.а менен министрлер кабинетин чакыртышты

Жогорку Кеңештин депутаттары 3-июндагы жыйында Бишкектеги маршруттук таксилердин иш таштоосун талкуулашты. Алар мэрия өз милдетин так аткара албай жатканына нааразы болуп, калаа башчысынын милдетин аткаруучу Бактыбек Кудайбергеновду жана министрлер кабинетинин өкүлдөрүн парламентке чакыртышты.

Депутаттар эмне дешти?

Депутат Ирина Карамушкина мэриянын ишин сындады. Анын айтымында, мэрия маршруттук таксилердин иш таштоосуна даярдык көргөн эмес. Ал эл пандемия учурундагыдай эле бири-бирине жардам берип жатканын белгиледи.

«Бүгүнкү күндө жарандар соцтармактар аркылуу автоунаасы барларды аялдамаларда турган адамдарды ала кетүүгө үндөп жатышат. Бирок мэриянын өзүнүн жүргүнчү ала кет деген чакырыгы, менимче, мэриянын шаардын жашоосуна жооптуу орган катары шалаакылыгын көрсөтүп жатат.

Жетекчилик нааразылык акциясы даярдалып жатканы тууралуу кабары болгонун мойнуна алды. Менде бир суроо бар: эмнеге ушуга чейин мамлекеттик деңгээлде ой жүгүртө албайбыз? Ыйгарым укуктуу органдар же мамлекеттик же ыкчам тартипте чечим кабыл ала алышпайт. Баарын алдын-ала даярдап, ар башка ведомстволор менен компаниялардан автобустарды жүргүзүүнү суранса болмок да. Элдин нааразы болуп жатканы дагы туура, алардын кызыкчылыктарын эч ким ойлобой жатпайбы», — деп нааразы болду ал.

Эл өкүлү Айбек Осмонов маршруткалардын жоктугунан такси кызматтары жол кирени 2-3 эсе көбөйтүп жатканын, бул борбор калаанын бардык эле жашоочуларынын чөнтөгүнө туура келбесин белгиледи.

«Элибиз кыйналып турат. Ошондуктан, урматтуу төрага, өкмөткө протоколдук тапшырма берсеңиз. Шаарыбызда ар кандай адамдар бар, баары эле такси менен жүрө албайт. Тез арада чечпесек, бул эң көйгөйлүү маселелердин бири. Өлкөнүн борборунда мындай болбошу керек», — деди ал.

Ал эми депутат Марлен Маматалиев иш таштоо маселесин көтөрүп жаткандарды кармоону талап кылып, мамлекет «ультиматум» менен жашабашы керектигин белгиледи.

«Азыр ультиматум коё турган учур эмес. Иш таштоону беш-алты ишкана баштап жатат. Катуу чараларды көрүү абзел, керек болсо үндөп жаткандарды кармоо да керек. Бул нааразычылык акциясын чыккынчылык деп баалоого болот. Бишкек мэриясындагы транспортко жооптуулар иштен алынышы керек. Каттамдарды бөлүштүрүүгө тендер жарыялоо керек, ким чынында иштегиси келсе, конкурска катышат», — деди ал.

Сүйлөшүүлөрдүн жана добуш берүүнүн жыйынтыгында Бишкектин мэринин м.а. Бактыбек Кудайбергеновду жана министрлер кабинетин парламенттин бүгүнкү отурумуна чакыруу чечими кабыл алынды.

Маршруттук таксилердин иш таштоосу

Бишкектеги маршруттук таксилердин айдоочуларынын иш таштоосу эки күндөн бери уланууда. Алар бийликтен жол кире акысын көтөрүү маселесин чечип бербей жатканына нааразы болуп жатышат.

Шаар тургундары маршрутка жок болуп аткандыктан коомдук транспортторго (троллейбус. автобус) эл батпай, такси кызматтары жол кире акысын кымбаттатып жиберишкенин айтып нааразы болушууда.

Буга чейин мэрия айдоочулар менен сүйлөшүүлөр жүрүп жатканын, жакынкы аралыкта маршруттук таксилер каттамга чыгарын айтып ишендирген.

Бирок, көп өтпөй эле ММКлар айдоочулардын нааразычылык акциясы бир жумага созуларын маалымдашты.

Ал арада мэрия жарандарга кайрылып, кайдыгер болбой жол тоскон адамдарды ала кетүүнү суранган. А бирок бишкектиктер айдоочулар иш таштаган биринчи күнү эле таң заардан бири-бирин ала кетип башташкан.

Кийин борбор калаанын муниципалитети «Манас» аэропорту менен «Дордой» Ассоциациясы жарандарды акысыз жеткирүү үчүн 15 автобус бергенин кабарлаган. Шаар ичинде жалпы 110 автобус жана 141 троллейбус кызмат кылып жатат.