Садыр Жапаровдун мурдагы адвокаты Жогорку соттун судьясы болуп дайындалды

Нурлан Мусаев жана Замирбек Базарбеков

Парламент депутаттары 2-июнда Жогорку соттун судьялыгына эки талапкерди жактырды. Депутаттардын чечимине ылайык Нурлан Мусаев менен Замирбек Базарбеков судья болуп дайындалышты. Эске салсак, мурда Базарбеков президент Садыр Жапаровдун адвокаты болгон.

Бул фактыга депутат Дастан Бекешев көңүл буруп, Базарбеков мурдагы жумушуна кылчактабай иш кылышы керектигин белгиледи. Депутат мурда өлкө башчысынын администрациясында иштеген Мусаевдин дарегине дагы ушундай эле эскертүү берди.

«Силер администрацияны унутуп, алардын тапшырмаларын аткарбашыңар керек, анткени президенттин судьялардын иштерине кийлигишүүгө укугу жок», — деп билдирди Бекешев.

Мындан тышкары, Бекешев телеграм-каналында судьяларды тандоо маселеси күн тартибине кирбегенин айтты. Маселе парламенттин күн тартибине президенттин өкүлү Анарбек Калматовдун демилгеси менен киргизилген.

«Резюмени талкуу мына башталат деп жатканда беришти, окуганга үлгүрбөдүм. Базарбековду колдодум, ал эми Мусаевди таптакыр эле тааныбайт экем. Судьялар өтүп, ант беришти», — деп айтып берди депутат.

Базарбековдон тышкары президенттин дагы бир адвокаты бар болчу — ал Акин Токталиев. Токталиев Садыр Жапаров бийликке келгенден кийин Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиянын башчысы болуп дайындалган.

Токталиев кармалган экс-муфтий Максат Токтомушевди колдоо митингине катышып, сөз сүйлөп чыккандан кийин бул кызматтан алынган. Президенттин пикиринде, Токтомушев ажылык сапарга чогулган акчаны максатсыз коротууга аралашкан.